Шайлоо: нааразылык толкуну токтой элек

"Улуттар биримдиги" партиясын колдогон митинг. Ош, 14-март

4-мартта Кыргызстандын үч шаарында өткөн шайлоонун жыйынтыгы алигиче нааразылыктарды жаратууда.
Ош шаарында «Улуттар биримдиги» партиясы шайлоодогу ийгилиги бурмаланганын айтса, Токмокто “Замандаш-Современник” партиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда. Шайлоо жараянын көзөмөлдөөчү башкы орган саналган Боршайкомдо да Оштогу кырдаал боюнча кайчы пикирлер пайда болууда.

Мандат талашпы?

Кыргызстандын үч шаары менен 13 айылдык округундагы шайлоодон кийин он күн өтсө да нааразы тараптардын көксөсү сууй элек. Ошто марага биринчи келген “Улуттар биримдиги” партиясы шайлоонун жыйынтыгында эки депутаттык мандат кем алып калганын билдирип, шаардагы үч шайлоо бекетинин добуштары негизсиз жокко чыгарылды деп эсептөөдө.

Ош мэри Мелис Мырзакматовго таандык делген бул партиянын өкүлү Шайлообек Атазов аларга 23 депутаттык орун берилбесе, эми Бишкекте митинг уюштураарын эскертүүдө:

Оштогу 14-марттагы митинг

- Бүгүн, эртең мандат маселесин оң жагына чечпесе, 23 адам тең мандат албайбыз. Аларга керек болсо, мандатты өздөрү иштете берсин. Биз аягына чейин чыгып, адилеттикти Бишкекке барып талап кылабыз. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында митинг өткөрөбүз. Добуштарын жоготкон шайлоочуларыбыз барат.

БШК эки күн мурда олуттуу мыйзам бузуу катталды деген жүйөө менен Ош шаарындагы үч шайлоо бекетинин добуштарын жокко чыгарган. Натыйжада Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттык орундун 21и “Улуттар биримдиги” партиясына тийген. Партия өкүлдөрү добуштар жокко чыгарылган үч бекетте “Улуттар биримдигин” колдогон 4 миңдей шайлоочу болгон деп белгилешет.

БШКнын төрага орун басары Гүлнара Журабаеванын айтымында, шайлоо күнү үч добушкананын биринде бюллетендер эрте эле түгөнүп калса, биринде тизмеде жок кишилерге бюллетень берилген учурлар катталган. Боршайком бул добушканалардын жыйынтыгын жокко чыгарган. Бирок бул үч бекетте кайра шайлоо өткөрүү маселесине келгенде БШК мүчөлөрүндө кайчы пикир пайда болгон:

...ар бир шайлоо өткөн сайын митингге чыгып, аймактык шайлоо комиссияларына басым жасоо көрүнүштөрү болбош керек...
- Добуштар жокко чыгарылган жерде анык мыйзам бузуулар болгон. Мыйзам бузуулар болбошу керек деп Боршайком мүчөлөрү да айтышты. Бирок Боршайкомдун ичиндеги пикир келишпестик бул үч добушканада кайра шайлоо болобу же болбойбу деген маселеде болду. Аны кечээ карап, шайлоо кайра болбойт деп чечим кабыл алдык.

Токмокто шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга элек

Ошто нааразылык мандат бөлүштүрүүдөн чыкса, Токмоктогу нааразылыкка тизмелердин так эместиги, шайлоону бурмалоо аракети себеп болууда. Бул тууралуу бүгүн “Замандаш-Современник” партиясынын өкүлдөрү “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билдиришип, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Бул партия менен катар жетиштүү добуш топтой албаган башка уюмдар 4-марттагы шайлоодон кийин удаа митингдерди өткөрүшкөн. Алардын жүйөөсүнө аймактык шайлоо комиссиясы макул болуп, добуштарды кайра кароо чечими кабыл алынган. Бирок бул чечимге шайлоодо көп добуш алган “Республика” партиясы макул болбой, сотко кайрылган. Сот партиянын өтүнүчүн канааттандырган болчу.

Ошентсе да, “Замандаш-Современник” партиясынын тең төрагасы Станислав Епифанцев жыйынтыкты жокко чыгаруу талабы күчүндө деп билдирүүдө:

- Жергиликтүү айылдык округдарда шайлоо ачык өттү деп эсептейбиз. Бирок Токмок жана Караколдогу шайлоодон кийинки жагдайлар кооптонуу жаратууда. Мындан улам “Замандаш-Современник” партиясы бул шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылууга даяр. Бийлик тарабынан бул шайлоого кандай баа берилгенине карабастан, биз таза шайлоо үчүн мөөнөтсүз акцияларды баштайбыз.

Өткөн аптада Токмокто шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон топ

Азырынча Токмоктогу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. Каракол шаарында болсо эки шайлоо бекетиндеги добуштар жокко чыгарылгандан кийин жаштар уюмдарынын нааразылыктары токтоду. Натыйжада Ош менен Токмокто нааразы тарап менен шайлоо комиссиясы качан мунасага келери белгисиз.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын жетекчиси Айнура Усупбекова чыр-чатактарды сот аркылуу гана чечүүгө үндөөдө:

- Менин оюмча, Ошто болуп жаткан митингде талапкерлер туура эмес кылып жатат. Эгерде үч шайлоо бекетинин добуштарын жойсо, сотко кайрылса болот. Эгерде тынч митинг болсо, өз пикирлерин айтса болот. Бирок ар бир шайлоо өткөн сайын митингге чыгып, аймактык шайлоо комиссияларына басым жасоо көрүнүштөрү болбош керек.

Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо административдик ресурс, тизменин так эместиги, шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү өңдүү алешемдиктер байкалганын нааразы тараптар менен айрым байкоочулар белгилеп келишет. Кээ бир адистер талаштардын жаралышына шайлоо мыйзамдарынын чийкилиги себеп болду деп эсептешүүдө.

Ал эми БШКнын мурдагы курамынын мүчөсү Абдымомун Мамараимов бул жолку шайлоодогу алешемдиктерди партиялардын атаандашуусу менен түшүндүрүүдө:

- Ар бир жаңы нерсе ушундай мүчүлүштүктөр менен коштолот. Аны туура кабыл алышыбыз керек. Анткени жергиликтүү кеңешке шайлоолор биринчи жолу партиялык тизме менен өтүп жатат. Көп жагдайлар жаңы мыйзам, эрежелерден келип чыккан жайы бар.

4-мартта Ошто өткөн шайлоодо “Улуттар биримдиги” партиясы алдыга чыкса, Караколдо КСДП, Токмокто “Республика” биринчи болду. Маалыматка ылайык, депутаттык мандаттар партиялардын топтогон добушуна жараша бөлүштүрүлөт. Шаардык депутаттар ишке киришкенден кийин мэрлер качан шайланары белгилүү болмокчу.