Шайлоону ЖМК каалагандай чагылдырды

Шайлоо кампаниясы маалында кыргызстандык маалымат каражаттарында плюрализм кеңири орун алды, ошол эле кезде каралоо жана региондук араздашууну козуткан материалдарга басым жасалды.
Бул тууралуу 17-ноябрда жергиликтүү медиа жамааттар билдирди. Бир катар медиа топтор шайлоодо масс-медианын мазмунун иликтешкен.

Эркиндик болду, жоопкерчиликчи?

“Маалыматтык укук борбору” жана “Журналисттер” коомдук бирикмеси ЖМКлар президенттик шайлоону кандай чагылдырганы жөнүндө мониторингдин жыйынтыгын жарыялады.

20дан ашык гезит, 10го чукул электрондук каражаттын маалыматтары териштирилип, анын жыйынтыгында шайлоодо кайсы бир талапкерге басым жасоо, кыйыр үгүт жүргүзүү, каралоо фактылары кеңири кездешкени белгилүү болду.

Бул жолу маалымат каражаттарында көп түрдүү пикирлер өкүм сүргөнүн “Интерньюс Нетуорк” эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мария Раснер белгиледи:

Шайлоого чейинки теледебаттан бир көрүнүш, алып баруучулар: Кубат Оторбаев, Динара Сүймалиева.

- Бул шайлоону чагылдыруудагы эң башкы өзгөрүү көп түрдүү пикирлердин өкүм сүрүшүнө байланыштуу. Талапкерлер маалымат каражаттарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул шайлоодо биз биринчи жолу бардык талапкерлердин ЖМКларды пайдалануу укугу болгонун көрдүк. Мурда мындай нерсени көргөн эмеспиз. Буга чейин КТРК өңдүү башкы маалымат каражаттарын монополия кылуу көрүнүштөрү болуп келген.

Медиа өкүлдөр ким тарабынан болбосун маалымат каражаттарына кысым жасоо, интернет булактарды жаап салуу аракеттери дээрлик байкалбаганын белгилешти.

“Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Бакыт Орунбековдун пикиринде, бул шайлоодо ЖМКлар үчүн болуп көрбөгөндөй эркиндик өкүм сүргөнү менен, журналисттердин жоопкерчилиги абдан төмөн болду:

- Менин жеке баамымда, чектен, адамгерчиликтен ашкан да маалыматтар болду. Ушактын, далилденбеген фактылардын деңгээлинде болуп, булар атайын жасалганы көрүнүп турат. Тигил же бул талапкердин беделин түшүрүү үчүн, катуу айтканда шерменде кылуу үчүн. Экинчи тарабы өтө эле мактап, бир талапкерди жактаган учурлар көп болду. Булар рекламалык маанайда эмес, редакциянын ичинде жазылган маалыматтардай кетти.

Журналистпи же кожоюнбу?

Медианы иликтеген топтор бир катар телеканалдардын ишине доомат айтышты. Маселен, Жалал-Абаддагы “7-канал” компаниясы аймактар аралык араздашууну козутчу материалдарга орун бергенине көңүл бурулду. Бирок аталган каналдын жетекчиси Алтынбек Жумаев бул сындарды четке какты.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев улут аралык кастыкты тутантуучу материалдар өзгөчө гезиттерде жарыяланганын белгиледи. Бул жолу орус гезиттерде да алешемдиктер байкалганын кошумчалады:

- Шайлоо алдында биздин чочулаган нерсебиз ушул болчу. Бизде негизинен ар бир гезиттин кожоюну кайсы бир саясатчы. Алардын камчысын чаап, Кыргызстандагы биримдикке доо кетирип алабы деп кооптонгонбуз. Бирок фактылар баары бир байкалды. Ошол эле аймактар аралык, улут аралык араздашууга түртмөлөгөн материалдар чыгып жатты.

Боршайком президенттик шайлоодо үгүт жүргүзүү укугун жалпысынан 140тан ашык маалымат каражатына берген. Үгүт иштеринин жүрүшүндө “Саясат пресс” гезити мыйзам талаптарын бузду деген жүйө менен үгүт өнөктүгүнөн четтетилип, бир канча гезитке эскертүү берилген.

“Жаңы агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаева гезиттерге айтылган сындарды жөндүү деп эсептейт:

- Кандай гана массалык маалымат каражаты болбосун, мейли гезитпи, радиобу, интернет ресурспу, ошолордун кожоюндарынын объективдүү саясатына жараша болот. Мисалы, эгерде бир гезитти финансылык жактан каржылап жаткан ээси “ушундай кылып согосуң”, “ушундай кылып шыбайсың” деп көрсөтмө берип турса, анда иштеген журналист андан айлык алып жатса жамандабаганда каякка барат?Аргасыз болуп жатат. Ошондуктан бул жалгыз эле журналисттерге көз каранды эмес. Бул ошол гезит ээлеринин объективдүүлүгүнө көз каранды.

Медиа уюмдар бул каталар кийинки шайлоодо кайталанбашы үчүн ЖМКлардын эркиндиги менен алардын көзөмөлдөөнүн ортосундагы тең салмактуулук табылышы керектигин билдиришти. Бир катар адистер шайлоо учурунда БШК маалымат каражаттарын тыкыр көзөмөлдөшү керектигин белгилешти.