Албек Ибраимов мэр болуп шайланды

Албек Ибраимов.

Бишкекте шаардык кеңештин депутаттары жаңы мэрди шайлашты.

Шайлоо жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттарынын 29у Албек Ибраимовго, ал эми 12cи Нурдин Абдылдаевге добуш беришти. Эки депутат баарына каршы болушту.

Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Мэр болуу үчүн талапкер кеминде 23 добуш алууга тийиш. Бишкек шаар башчысы төрт жылга, жаңыдан ишин баштап жаткан шаар кеңеш депутаттарынын ыйгарым мөөнөтү аягына чыкканга дейре шайланат.

Бишкек шаардык кеңешинин мэрди шайлоосуна эки талапкер катышты. Шаар башчылыкка “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Нурдин Абдылдаев жана Социал-демократтар партиясы баштаган көпчүлүк коалициядан мэрдин милдетин аткаруучу Албек Ибраимов көрсөтүлгөн.

Шайлоо өтүп жаткан кезде сырттан Албек Ибраимовдун колдоочулары үн күчөткүчтөр аркылуу кыйкырып турушту. Нурдин Абдылдаев муну шайлоо учурунда депутаттарга басым катары баалады.

Кечээ шайлоо алдында “Сентябрь” телеканалында эки талапкердин дебаты уюштурулду. Бирок Албек Ибраимов ага катышуудан баш тартты. Мэр шайлоого байланыштуу мэриянын имаратын күч кызматкерлери катуу кайтарып турду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Албек Ибраимов кайра мэр болду