БШК алешемдиктерге көз жумду

Борбордук шайлоо комиссиясы төрт айыл өкмөт башчысын үчүнчү ирет шайлоого уруксат берди.

Мындан улам БШК мүчөлөрүнүн пикири экиге бөлүнүп, мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңеш таркатылышы керектигине карабай, дагы бирден мүмкүнчүлүк берилди. Байкоочулар БШК мыйзамды одоно бузуп, кош стандарттуулукту карманып жатканын айтууда.

Шарк айылдык депутаттары эс алууда жүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары ушуну менен экинчи жолу айыл өкмөттү шайлай албай калды.

Жергиликтүү депутат Икрам Сабиковдун айтуусунда, өткөн айда депутаттар бир талапкерге токтоло албай, 31 депутаттын 14ү талапкерлердин бардыгына каршы добуш берген. Ал эми 15-февралда өткөн экинчи шайлоого депутаттар кворумду чогулта албай койду.

- Депутаттар толук келбей коюп, шайлоо өтпөй калды. Биз сураштырсак, депутаттардын көбү эс алып жүргөн экен. Экинчи жолу айыл өкмөттү шайлоодо жаңы талапкерлер чыккан, бирок эми депутаттар жок болуп жатат. Биздин 31 депутат кайсы бир партиядан келген эмес. Бардыгы өзүн-өзү жылдырып, жеңишке жетип келгендер.

Шарк айыл өкмөтүнөн башка Ош облусундагы Бүлөлү айыл өкмөтүндө да экинчи аракет менен айыл өкмөттү шайлоодо майнап чыкпай калды. Мындан башка Жалал-Абад облусундагы Кара-Суу жана Ысык-Көлдөгү Төрт-Күл айыл өкмөт башчылары жергиликтүү депутаттар тарабынан ушул убакытка чейин шайланбай келет.

Анткен менен БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Шарк, Бүлөлү, Кара-Суу, Төрт-Күл айыл өкмөттөрүн шайлоонун экинчи аракети гана жүрүп жатат деп, мыйзам бузулбагандыгын айтууда.

Абдыжапар Бекматов

- Үчүнчү жолу шайлоо өтүп жатат деп айтканга болбойт. Алсак, Шарк айылдык кеңешинин депутаттары он күндөн бери ал жактагы саясий абалды көрсөтүп, кайрылууларды жасаган. Буларды эске алып биз шайлоону жылдырдык. Калган жерде болсо мыйзам чегинде экинчи жолу гана шайлоо өтөт.

Абдрахматова: жергиликтүү кеңеш таркашы керек

Натыйжада төрт айылдык кеңештеги кырдаалды күн тартибинде караган БШК мүчөлөрү ич ара талашып, добуш берүүдө көпчүлүк мүчөлөр дагы бир ирет төрт айыл өкмөттөгү шайлоону өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова мыйзамга ылайык эки ирет айыл өкмөттү шайлай албаган жергиликтүү кеңеш депутаттарын таркатуу тууралуу сунуштама БШК тарабынан президентке жөнөтүлүп, ал аймакта кайрадан шайлоо өтүшү керек болчу деди:

- Бизде ушундай туура эмес тажрыйба орун алып жатат. Жергиликтүү кеңешти таркаткандын ордуна БШК мыйзамсыз чечим чыгарып жатат. “Кворум болбой калды”, “жетиштүү добуш албай калды”, “бюджеттин акчасын үнөмдөшүбүз керек” деген ар түрдүү себеп менен айыл өкмөттү шайлоого кошумча мүмкүнчүлүк түзүп берип салдык. Бирок мыйзам боюнча ал жергиликтүү кеңештер таркатылышы керек. Биз БШК мүчөлөрү өзүбүздүн олуттуу мыйзам катачылыкка жол берип жатканыбыз өкүндүрөт.

БШКдагы кош стандарттуу чечимдер жана жергиликтүү депутаттар арасындагы башалмандыктардын бардыгы тийиштүү мыйзамдагы өксүктөрдөн улам болуп жатканын укук жаатындагы эксперт Өмүрбек Рыскелдиев айтууда. Ал "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамда шаар жана айыл башчыларын шайлоо эрежеси так аныкталбай калганын белгиледи.

- Мыйзамда “айыл өкмөт же мэр биринчи турда шайланбай калса, кайра шайлоо өткөрүшү керек” деп жазылып турат. Аны бүгүнкү күндө эч ким чечмелеп бере албайт. Себеби “үчүнчү, төртүнчү шайлоо өтпөйт” деп мыйзамда жазылган эмес. Дагы бир жери мыйзамда “тиешелүү мөөнөттө шайланбаса, БШК президентке сунуштама берет” деп жазылган. Дал ушул “тиешелүү мөөнөт” деген жерин ар кимиси, ар кандай талкуулай беришет. Мунун бардыгын мыйзамды иштеп чыккан парламент депутаттарынан сураш керек. Болбосо, мыйзамга тез арада тактоо киргизүү зарыл.

Кош стандарттулукту бийлик уюштурууда

Борбордук шайлоо комиссиясы кээ бир жергиликтүү кеңешти таркаткан учур катталган. Алсак, Кара-Балта шаардык кеңеши мэрди эки ирет шайлай албай койгону үчүн таркоо алдында турат. Бирок ушундай эле абалда калган Кемин шаардык кеңешине мэр шайлоого БШК үчүнчү жолу мүмкүнчүлүк берип жатат.

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка” билдиргендей, Боршайкомдун мындай кош стандарттуу чечими бийликтин көрсөтмөсү менен болууда. Анткени, Кара-Балтада бийликчил КСДП партиясы 4-орунду алса, Кеминде 1-орун менен шаардык кеңешке келген.

Акылбек Сариев

- Кара-Балтадагы шаардык кеңешке бийликчил партиянын күчү жетпей калды. Ошондуктан аны таркатууга алып баратат. Кайра шайлоо өткөргөндө бийликчил партиядан көбүрөөк киши келеби деген үмүт бар. Ал эми Кеминде, тескерисинче, бийликчил партиянын өкүлчүлүгү жетиштүү. Ошондуктан ал жакта “өздүк мэр” келгенге чейин үчүнчү-төртүнчү шайлоо өткөрүлө берет.

Туура үч айдан кийин өлкөнүн дагы жыйырмадай айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңешке шайлоо башталганы турат.

Учурда Боршайкомдун айрым мүчөлөрү мыйзамдагы өксүктөрдү тез арада жоюу сунушу менен Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылуу жолдошууда. Адистер бул аракет жергиликтүү кеңеш менен кошо саясий оюндар көнүмүш адатка айланып баратканын БШК сезип турганынан кабар берет дешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.