Шайлоо участкасына добуш бергени келген жарандар тизмеден аты-жөндөрүн таппай калган учурлар дээрлик бардык аймактарда кездешти.
Катардагы жарандар менен бирге эле аттуу-баштуу коомдук, саясий ишмерлер Турдакун Усубалиев, Азимбек Бекназаров, президенттин уулу Атай Садыбакасов да өздөрүн тизмеден таппай, добуш берүү укугунан ажырап калышты.
Бул учурунда өз аты-жөнүн тактап албаган жарандардын күнөөсүбү? Мыйзамдын алешемдиктериби, же Боршайкомдун уюштуруу иштериндеги одоно мүчүлүштүктөрбү?
Добуш берүү тизмесинде карапайым адамдар өздөрүн таппай жатканы - бул шайлоодо негизги кемчилик катары айтылчудай болду. Келгендердин бир даары башын чайкап кетип калса, башкалары арыздануу менен нааразылыгын билдирүүдө.
Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын тургуну Шералы Файзуллаев тизмеден өзүн таппай калгандарын бири:
- Мен мурда келип текшерип кеткем. Бүгүн келсем жок экен. "Арыз жаз" дешти. Каякка арыз жазыш керек экенин билбейм турам. Аялым да кирбей калыптыр.
Тизме боюнча нааразы топтордун алды Боршайкомго чейин келишти. Алардын бири Асылбек Акматов эрежеге ылайык, катталып кеткенин айтат:
- Мен атайын келип, бардык эрежелерге ылайык катталып кеткем. Телефонумдун номерин алып калышкан. Эгерде бирдеме болсо чалабыз дешкен. Эч ким чалган жок. Бүгүн тизмеден өзүмдү тапкан жокмун. Мен эле эмес, ушул жерден мен сыяктуу ондогон киши добуш бере албай калышты.
Катардагы жарандар менен эл-журтка атагы чыккан инсандар да добуш бере албай калышты. Алардын арасында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, ошондой эле өлкө президенти Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов да бар.
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева да үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмеде жок болуп чыкканын айтууда:
- Менин эки келиним тең өздөрүн тизмеден таппай, добуш берген жок. Ал эми үйгө чакыруу баракчалары келген. Азыр арыз жаздым. Таң калганым: биз үй-бүлөбүз менен мурунку шайлоолордо деле добуш берип келгенбиз. Анан БШКнын мүчөлөрү мурдагы негизги тизмени ушундай башаламандыкка айлантууга кандай акысы бар эле? Тизме деген шайлоонун өзөгү да.
"Мында эки тарапта – бир жагынан мыйзамды туура аткарбай жаткан БШКнын айрым мүчөлөрүндө жана кайдыгерлик кылган жарандарда күнөө бар", - деди медиа-эксперт Абдымомун Мамараимов:
- Негизги себептердин ичинде ошол элдин өзүнүн пассивдүүлүгү да бар. Анткени өз учурунда текшертип койсо, балким мындай болбойт беле.
Бирок шайлоочуларды да күнөөлөй берген болбойт. Менин угушума караганда Турдакун Усубалиевич да добуш бере албай калыптыр. Эми ушунча жыл шайлоого катышып келген адамдын тизмеде болбой калышы мүмкүн эмес. Ойлоп көрсөңөр, республикада 3 миңден ашык шайлоо участкасы бар. Анын ар бирөөсүндө эң эле аз дегенде 5 адам тизмеде жок болсо, 15 миңдей адам болуп кетет. Бул өтө чоң нааразычылыкты жаратышы мүмкүн. Албетте баягы “кошумча тизмени” алып салуу бул өтө жакшы, прогрессивдүү кадам болду, бирок жаңы мыйзамды киргизгенден кийин БШК ошого жараша катуу иш алып барыш керек эле.
Байкоочулардын пикиринде, бул шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу таза өтүүдө. Тек гана тизме маселеси бул шайлоого көлөкө түшүрөт өңдөнөт.
Бул учурунда өз аты-жөнүн тактап албаган жарандардын күнөөсүбү? Мыйзамдын алешемдиктериби, же Боршайкомдун уюштуруу иштериндеги одоно мүчүлүштүктөрбү?
Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын тургуну Шералы Файзуллаев тизмеден өзүн таппай калгандарын бири:
- Мен мурда келип текшерип кеткем. Бүгүн келсем жок экен. "Арыз жаз" дешти. Каякка арыз жазыш керек экенин билбейм турам. Аялым да кирбей калыптыр.
Тизме боюнча нааразы топтордун алды Боршайкомго чейин келишти. Алардын бири Асылбек Акматов эрежеге ылайык, катталып кеткенин айтат:
- Мен атайын келип, бардык эрежелерге ылайык катталып кеткем. Телефонумдун номерин алып калышкан. Эгерде бирдеме болсо чалабыз дешкен. Эч ким чалган жок. Бүгүн тизмеден өзүмдү тапкан жокмун. Мен эле эмес, ушул жерден мен сыяктуу ондогон киши добуш бере албай калышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева да үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмеде жок болуп чыкканын айтууда:
- Менин эки келиним тең өздөрүн тизмеден таппай, добуш берген жок. Ал эми үйгө чакыруу баракчалары келген. Азыр арыз жаздым. Таң калганым: биз үй-бүлөбүз менен мурунку шайлоолордо деле добуш берип келгенбиз. Анан БШКнын мүчөлөрү мурдагы негизги тизмени ушундай башаламандыкка айлантууга кандай акысы бар эле? Тизме деген шайлоонун өзөгү да.
"Мында эки тарапта – бир жагынан мыйзамды туура аткарбай жаткан БШКнын айрым мүчөлөрүндө жана кайдыгерлик кылган жарандарда күнөө бар", - деди медиа-эксперт Абдымомун Мамараимов:
Бүгүн тизмеден өзүмдү тапкан жокмун. Мен эле эмес, ушул жерден мен сыяктуу ондогон киши добуш бере албай калышты.