Жарандык коом шайлоо эрежесин тактады

Бишкекте "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" деп аталган жыйын өттү.

Жыйынга Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, эксперт, жарандык активисттер катышып, алдыдагы президенттик шайлоону калыс жана тынч өткөрүү маселеси талкууланды. Ага бийлик өкүлдөрү, парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын депутаттары келген жок.

"Жарандык көзөмөл комитети" уюму уюштурган талкууга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев, Феликс Кулов, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларынан депутаттар, жарандык активисттер жана эксперттер катышты.

Уюштуруучулар бийлик өкүлдөрүнө жана бийликчил фракцияларга чакыруу берилгени менен алар келбегенин билдиришти. Талкууда алдыдагы президенттик шайлоого даярдык жана аны таза, тынч өткөрүү эрежелери ортого салынып, катышуучулар өз сунуштарын беришти. Маселен, мурдагы премьер-министр, "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов президенттикке талапкерлерди "жигитче келишим" түзүүгө чакырды:

- Келишимде он шарт жазылган, талапкерлер аларды аткарууга аракет жасашы керек. Негизгиси, бардык талапкерлердин катышуусу менен конкреттүү көйгөйлөрдүн ар бири боюнча ачык дебаттар уюштурулушу зарыл.

Талкууда Куловдун бул сунушун кубаттагандар да, четке каккандар да болду. Мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов башка мамлекеттерде деле "жигитче келишим" түзүү ыкмасы бардыгын айтып, анткен менен анын Кыргызстанда ишке ашуусунан күмөн санады:

- Кыргызстандын шартында ал аткарылбай калышы мүмкүн. Себеби, талапкерлер өлкөдөгү коопсуздукка жооп бере албайт. Мисалы, бир талапкер мыйзам бузуп шайлоочуларды сатып алып жаткан болсо, экинчи талапкер аны токтотуп кое албайт. Же болбосо токтотом деп чатак чыгып кетиши ыктымал. Таза, адилет шайлоого, Кыргызстандагы коопсуздук, саясий туруктуулуктун өкүм сүрүшүнө бир гана президент кепил боло алат. Анткени анын колунда бардык куралдуу күчтөр бар, тартип коргоо органдары ага баш ийет. БШК президент тарабынан сунушталып, Жогорку Кеңеш аркылуу шайланат, Боршайкомго да үстөмдүк кылат. Сот системасын да президент көзөмөлдөйт. Ошон үчүн шайлоонун таза өтүшүнө кепилдикти президент алышы керек.

Мындан тышкары жыйында шайлоо системасында бир катар алешемдиктер бар экени, кийинки шайлоодо ага жол бербөө керектиги айтылды. Экс-президент Роза Отунбаева өлкөдө саясий куугунтук болуп жатат деген сын айтты:

- Бүгүнкү кырдаал мурдагыдай эле болуп калды. Атамбаевди колдобогон президенттикке талапкерлер мурдагыдай эле саясий куугунтук коркунучунда турушат. Айрымдары камакта, башкаларына кылмыш иштери козголууда. Жасалма, жетишсиз негиздер менен камашууда. Бул жерде тандалма камоолор айкын болуп турат.

Мындай мамиле жоопкерсиздикке, каршылашууга, куугунтуктарга алып барат деген экс-президент шайлоого душман эмес, атаандаш катары баруу керектигин белгилеп, туруктуулук үчүн саясий элитаны жоопкерчиликтүү болууга жана диалог түзүүгө үндөдү. Легитимдүү шайлоону камсыздоо үчүн ишенимди элге сиңирүү зарыл деп ой бөлүштү. Шайлоо системасында өзгөрүү болбогонун активисттер да белгилешти.

Укук коргоочу, юрист Эрик Ирискулбеков шайлоо боюнча БШК эрежелери менен Баш мыйзамдын жоболору бири-бирине каршы келип жатат дейт:

- Мисалы, шайлоо күрөөсүн алалы. Конституцияда андай талап жок да. Парламент алты жылдын ичинде ушундай көйгөй, боштуктарды ирээтке келтириш керек эле. Келтирген жок. 2011-жылдагы көйгөй ошол бойдон эле калды. Ушундай маселелерден конфликт жаралат, талапкерлер айтып чыгышат. Мунун баары жаңы шайланган президент легитимдүү келдиби деген суроону туудурат.

Бир катар саясатчылар шайлоолордо талапкерлер "бийликчи" жана "оппозициячы" болуп экиге бөлүнүп калганын, баарына бирдей мамиле жок деген пикирлерин билдиришти. Анткен менен форумга катышкан БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бардыгына калыс жана реалдуу атаандаштык шарт түзүлдү деп белгиледи. Анын айтымында, Боршайком шайлоону мыкты деңгээлде өткөрүүгө болгон күч-аракетин жумшап жатат:

- Шайлоону мыкты деңгээлде уюштуруу менен катар талапкерлер ортосунда калыс атаандаштыктын болушу маанилүү. Алдыдагы президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын интернеттен онлайн режимде көрүп туруу мүмкүнчүлүгү болот. Буга чейин өткөн ири шайлоо өнөктүгү маалында БШКнын сайтына кирген интернет колдонуучулардын саны демейдегиден 20 эсе көп болуп кеткендиктен онлайн режим камсыз кылынбай калган.

Нуржан Шайлдабекова система ачык болуп калганына карабай, айрым саясатчыларда дале күмөн ойлор жаралууда деп эсептейт. Жыйында ал президенттикке ат салышарын ачык айткан айрым саясатчыларды мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүдөн баш тартууга чакырды.

Үгүт иштерине окшош иш-аракеттер президенттикке талапкер катары аттана турганын жарыя кылган айрым талапкерлерде байкалып жатканын "Жарандык платформа" коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усупбекова да ырастайт:

- Биз деле көрүп атабыз. "Бабанов - биздин президент!" деген сыяктуу чакырыктар кетип атат. Ал биринчиден, президент эмес, депутат. Азыр эки талапкер ушундай иштерге илинип калды. Менин оюмча, алар Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев.

Бирок мыйзам боюнча талапкерлердин мындай аракеттерине эч ким тоскоол боло албайт.

Бул форумга бийлик өкүлдөрү, парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын депутаттары келген жок. Буга чейин “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасында бийликчил КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров саясатчылардын шайлоо алдындагы тынчсыздануусу тууралуу пикирин билдирип, “президент болом дегендердин корккону бийлик. Эмне үчүн дегенде өзүнүн президенттик шайлоодон өтүп кетишине көзү жетпесе же экинчи жагы, ошол бийликти жамандоо жолу менен өзүнүн рейтингин көтөрүү” деп айткан эле.

Быйыл күздө өтөрү айтылып жаткан президенттик шайлоонун так датасы азырынча белгисиз. Парламенттеги КСДП фракциясы шайлоону 15-октябрда өткөрүү демилгесин көтөрүүдө. Мындай демилгенин чыгышына оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын добуш берүүлөрдү ноябрда өткөрүү мыйзамсыз болот деген сунушу себеп болду. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо азырынча кандайдыр бир чечим кабыл ала элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.