Шайлоо мыйзамы: саясатчылар бийликке кайрылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте 11-ноябрда преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору талкууланды. Документтин авторлору мыйзам кабыл алынса жарандар электрондук добуш берүү аркылуу шайлоого катышып жаткан партияны, анын ичинен талапкерди да тандашарын айтып жатышат. Жыйында Кыргызстандагы шайлоо тутуму эскиргенин, учурдагы система бийликке гана ыңгайлуу экени айтылды. Саясатчылар бийлик аны оңдоого кызыкдар болбой турганын билдирип, президент Сооронбай Жээнбековду жаңы өзгөртүүлөрдү колдоого чакырышты.