БШК шайлоо жыйынтыгын жарыялоо алдында

Добуштарды эсептөө. Ош, 30-октябрь, 2011

Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды териштирип үлгүрсө шайлоонун расмий жыйынтыгын ушул жумада жарыяламакчы.
9-ноябрда БШК ушу тушта жүздөн ашуун арызды карап жатканын билдирди. Ал арада шайлоого байланыштуу соттошуулар, нааразылык акциялар уланууда. Боршайкомго келген арыздардын басымдуу бөлүгү шайлоочулардын тизмеге кирбей калганына байланыштуу.

БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова арыздар ушул жуманын аягына чейин териштирилип бүтсө добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы жума аягына чейин жарыяланаарын “Азаттыкка”билдирди:

30-октябрдагы добуш берүү, Бишкек.


- Жыйынтыгын ушул жумада жарыялаганга үлгүрөбүз го. Эки-үч күндүн ичинде чыгат. Азыр арыздардын баары каралып жатат. Добуш берүүгө байланыштуу талапкерлер арызданып келип жатат, “ал туура эмес, бул туура эмес”, деп. Ошонун баарын карап жатышат. Протоколдордун баары дээрлик келди. Тышкы иштер министрлиги эле калды. Ал да бир-эки күндүн ичинде келет.

Азыр шайлоо процесси боюнча да соттук териштирүүлөр уланып жатат. Айрымдары боюнча чечим чыкты.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун пайдасына добуш сатып алууга аракеттенген деп шектелген жаранга карата сот иши токтотулганын билдирди. Рысалиевдин маалымдашынча, азыр БШК каттабай койгон талапкерлерден күрөөгө коюлган акчасын кайтарып алуу боюнча арыздар түшүүдө:

- Токтайым Үмөталиева жана Калыбек Арабаевден келди. Биринчи май райондук соту бул эки талапкердин доо арызын карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясына арыздарды жамааттык түрдө карап чыгуу тапшырылды. Азыр да арыздар түшүп жатат.

Ал арада жаш активисттер шайлоо протоколдору боюнча Башкы прокуратурадан жооп күтүп жатышат.

30-октябрдагы добуш берүү, Бишкек.


Жаштардын “Ойлоном. Добуш берем. Келечек бар” өнөктүгүнүн өкүлдөрү өздөрүнүн байкоочуларынын айрым протоколдору менен Борбордук шайлоо комиссиясынын протоколдору дал келбей калганына байланыштуу Башкы прокуратурага кат жолдошкон болчу.

Кампаниянын өкүлү Айсулуу Сартбаева анда териштирүүнүн натыйжасында мыйзам бузуулар аныкталса, кылмыш иш козгоп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу өтүнүчү айтылганын белгилейт:

- Биз протоколдорду шайлоо бүтөөрү менен эле кечинде алдык. Кийин БШК сайтка илгенде, ал жакты карасак биз алгандан башка маалымат чыкты. Бишкек боюнча алганда тогуз протоколдон, Чүйдөн бир протоколдон чоң айырма болду. Бул эң чоң айырмачылыктар болгон протоколдор.

Ош шаарында борбордук аянтта 9-ноябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы ондон ашык адам чогулуп тез эле тарап кеткени кабарланды.

Ош шаарындагы добуш берүү


“Шайлоодо жарандардын конституциялык укугун коргоо комитетинин" жетекчиси Сапаргүл Бердалиеванын айтымында, суука байланыштуу митинг убактылуу токтотулду:

- Лидер 11 адам гана келип, телефон аркылуу баарын таратып, келгендерди да узатып жаттык. Элди басыш кыйын экен, алыбыздын жетишинче тынчтандырып жатабыз. Акцияларыбызды уланта беребиз го. Акырына чыгабыз. Биз койгон талаптар боюнча жазуу түрүндө жооп беришсин. Шайлоо туура эмес өткөн, анын жыйынтыгы жокко чыгарылсын. Шайлоочулардын көпчүлүгү укугу бузулуп тизмеде болбой калып, добуш берүүгө катышпай калган. Ошого күнөөлүүлөрдү жазалап бергиле деп жатабыз.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өткөн. Мыйзам боюнча жаңы президент жыл жаңырганга чейин ант берип, кызматка киришиши керек.


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо