УКМК Бабановдун сөзүн талдаган адистерди суракка алды

Өмүрбек Бабанов. Сүрөт шайлоо маалында тартылган

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановдун шайлоодогу үгүт маалында Он-Адырда сүйлөгөн сөздөрүн талдаган көз каранды эмес адистер тобунун мүчөлөрү УКМКга чакырылганы маалым болду.

Топтун бир мүчөсү иштеп жаткан жумушунан алынды. Кыргыз улуттук университети илимдин докторунун кызматтан бошотулушун эмгек келишиминин мөөнөтү аяктаганы менен түшүндүрүүдө.

Адистер тобун ким түзгөн?

Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер болгон кезинде Ош шаарынын Он-Адыр кичирайонунда сүйлөгөнүн талдаш үчүн адистер тобу 2017-жылдын 10-ноябрында түзүлгөн. Бабановдун тарапкерлеринин сунушу менен илимий ишмерлерден түзүлгөн топтун курамында беш киши бар. Адистер тобунун башына Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун директору, доктор Үмүт Култаева шайланган.

Култаеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча жумушчу топ лингвистикалык, политологиялык, социологиялык жана юридикалык экспертиза жүргүзүп, Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы сөздөрүндө “улут аралык кастыкка чакырык болгон эмес” деген тыянакка келишкен. Андан көп өтпөй эле Кыргыз улуттук университетиндеги кызматынан бошотулушун Үмүт Култаева адистер тобундагы ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатат.

Үмүт Култаева.

- 25-декабрда Канат Жалилович (Садыков) мени кабинетине чакырып, Бабановго байланыштуу адистер тобунда болгонумду кызыгып сурап, бул мамлекеттик саясатка каршы келерин айтты. Мен өз кезегинде мамлекетке каршы эч кандай иш кылбаганымды, бул топто өз пикиримди билдиргенимди айттым. Бирок ректор сүйлөшүүдөн кийин менин эмгек келишимимди узартуу кыйын болуп калганын билдирди. 8-январда мени канцелярияга чакырып, жумуштан бошотуу тууралуу буйрукту көрсөтүштү.

Улуттук университеттин жетекчилиги Култаеванын пикирин четке кагып, бул маселеге саясый боёк берүү туура эмес экенин билдирүүдө. Окуу жайдын басма сөз кызматынын жетекчиси Жээнбек Эралиев “Азаттыкка” Үмүт Култаеваны кызматтан бошотуу тууралуу буйрук эки себептен улам чыкканын айтат.

- Бул жерде эч кандай саясый куугунтук болгон жок жана Култаеванын лингвистикалык комиссияга мүчө болгонунун тиешеси жок. Биринчиден, эмгек келишими жыл аягында бүтүп, узартылган жок. Экинчиден, ал жетектеген Конфуций институту кытай тили боюнча бөлүм болгондуктан, жетекчилер кытай тилин билиши керек деген квалификациялык талап бар. Жетекчи кытай тилин жогорку деңгээлде билиши керек.

УКМК илимпоздорду суракка алды

Ал арада сөз болуп жаткан жумушчу топтун мүчөлөрү экспертизанын жыйынтыгына байланыштуу УКМКга чакырылып жатканы маалым болду. Үмүт Култаева коопсуздук комитетине беш мүчөнүн ар бири барып, өз-өзүнчө сурак берип келе жатканын айтты.

- Биринчи эле мени чакырышты. Ал жактан жети атама чейин сурап, керектүү, керексиз суроолордун баарын беришти. Үч сааттан ашык ошол жакта болдум. Ар бирибизди бир-бирден чакырышты.

Адистер тобунун дагы бир мүчөсү, эксперт Бурул Усманалиева УКМКнын тергөөчүлөрү суракта психикалык басым жасап, атайын чагымчыл суроолорду узатып, жооп берүүгө мажбурлашканын айтат. Адистер тобунун башка мүчөлөрү УКМКда сурак бергенин ырастаганы менен жеке коопсуздугунан улам аты-жөнүн атагысы келген жок.

Улуттук коопсуздук комитети адистер тобунун айтканын төгүндөгөн да, тастыктаган да жок. УКМК окуя боюнча "Азаттыкка" расмий комментарий бере элек.

Өмүрбек Бабанов.

Акун: Бабанов өзбектерге ачык чакырык таштаган

Президенттикке талапкер кезинде Өмүрбек Бабанов өзбек улутундагы жарандар жыш жашаган Он-Адыр айылында шайлоочулар менен жолугушуп жатып, “тизелеп жашаганча тике туруп өлгөн артык”, “эч кимден коркпогула” деген өңдүү сөздөрдү айткан.

Укук коргоочу Турсунбек Акун Бабановдун тарапташтарынын өтүнүчү менен түзүлгөн адистер тобу чыгарган корутундуга макул эмес. Ал президенттикке мурдагы талапкердин сөзүндө улут аралык кастыкты козуткан элементтер бар деп эсептейт.

Турсунбек Акун.

- Ошондо көрдүңөр да, “бир милийса тийсе мага айткыла” деп атат. Президенттикке талапкердин антип айтканга кандай акысы бар? Ал эми “тизелеп жашаганча” деген сөздүн түпкүрүндө “кыргыз эли силерди тизелетип жатат” деген маани жатат. Эмне, кыргыз эли өзбектерди тизелетип жатабы? Бул жерде Бабанов толугу менен эки элди кагыштырып жатпайбы. Бул ишти жөн койбой соттош керек.

Мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев бийлик Өмүрбек Бабановго саясий мотив менен кылмыш ишин козгогон деген көз карашта. Күч органдары бийликтин камчысын чаап, илимий интеллигенцияга басым жасоого чейин барып жатат деген окумуштуу бул көрүнүштү айыптап, УКМКнын негизги милдети мамлекеттик коопсуздукту сактоо экенин эске салды.

Каныбек Осмоналиев.

- Күч органдары илимпоздорду коргогондун ордуна, конъюнктуралык көз караш менен тескерисинче аларды куугунтуктап жатат. Бул интеллигенция, илимпоздордун колу-бутун тушаганга алып келет. УКМК мындай иштер менен алектенбеши керек болчу. Айла жок, акыркы убакта коопсуздук комитети өзүнүн түз милдетин аткарбай калган учурда жашап жатабыз.

Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү ("Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу"), 299-берененин биринчи бөлүгү ("Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу") боюнча иш козгоп, матералдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабанов өзү Он-Адырдагы сөзү тууралуу тасманы "монтаждалган жалган жалаа" деп билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылгандан кийин кабарланган. Жаңы жыл алдында Бабанов саясаттан кеткенин жарыялаган. 19-январда БШК “Республика” партиясынын лидерин өз арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.