Карыларды урматтоо унутулду...

Ар жылы 1-октябрда Кыргызстанда да эл аралык карылар күнү белгиленип, жашы улуу жарандарга куттуктоолор айтылат.

Карылар бир жылда бир жолу жакшы сөздөргө маарыган менен, кыргыз коомунда карыларга карата “ашка жүк, башка жүк” мамиле улам күчөп баратканы байкалууда.

Эзелтен карысын кароосуз калтырбаган кыргыз коомунда карысын жектеген адаттын күчөшүнө эмне себеп болду? Эмне үчүн балдар өзүмчүл, жеке басар мүнөз тутуп, карыган ата-энелерин сыйлоо милдетин сезбей баратышат? Карылардын пенсиясы өз жашоосун камсыз кылууга жетеби же жашында берген мээнеттин дөөлөтүн көрбөй жатабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жашы улгайган адамдарга кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Жаңыл Алыбаева, “Ардагер” шаардык геронтология борборунун директору Марипа Абдиева жана “Хэлп Эйж интернешнл” эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Айсулуу Камчыбекова катышты.

“Азаттык”: Жаңыл айым, алгач Кыргызстандагы карылар жана алардын абалы тууралуу так маалымат алып алалы. Ушул тапта өлкөдөгү кары адамдардын саны канча жана алардын социалдык абалы кандай? Алар алып жаткан пенсиясынын көлөмү күнүмдүк керектөө себети талап кылган каражаттын канча көлөмүн жабат? Же жөнөкөй тил менен айтканда пенсия жашоого жетеби?

Жаңыл Алыбаева: Кыргызстандын Социалдык фондунун каттоосу боюнча 604 миң пенсионер бар. Алар алган пенсиянын орточо көлөмү 4 753 сом. Ал эми 2015-жылдагы эсеп боюнча күнүмдүк керектөө корзинанын көлөмү 4 637 сомду түзөт. Мындан тышкары эмгек стажы жок, бирок жашы улгайган адамдарга айына 1000 сомдук жөлөк пул берилет.

Карыларга социалдык жардам көрсөтүү үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагында стационардык мекемелер ачылган жана алардын саны алтоо. Улгайган айрым жарандар ошол жерде жашайт. Андан тышкары социалдык кызматкерлер жалгыз бой жашаган улгайган адамдарга жардам берип турушат.

Өлкө боюнча андай жалгыз бой жашаган адамдардын саны 5 миңге жакын. Социалдык жөлөк пул алган кары адамдардын саны 2 миңден ашык. Алар дагы айына 1000 сомдук социалдык жөлөк пул алышат. Тилекке каршы, бюджеттеги каражаттын тартыштыгынан улам бул жардамдын көлөмүн көтөрүүгө шарт болбой жатат.

“Азаттык”: Айсулуу айым, сиздердин “Хэлп Эйж интернешнл” уюму иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы карылардын 9,1% жакырдыкта жашайт деген бүтүмгө келгенсиңер. Кыргызстанда жылына тойлорго кеткен чыгым 1-2 млрд. долларды түзөт. Ошол тойлордун төрүндө аксакал болуп жалаң карылар отурат. Анан күндө тойлогон кыргыздын карылары кантип жакырдыкта жашасын деген ой жаралат. Эмне үчүн жакырдыкта жашайт деген бүтүмгө келдиңиздер? Ага эмне негиз берди?

Кыргыздардын арасында карыларын жектөө күчөп баратат. Келиндери уруп, балдары үйдөн кууп салган көрүнүштөр көбөйдү. Бул социалдык жетишпегендиктен чыгып жатат.
Марипа Абдиева

Айсулуу Камчыбекова: Ооба, биз изилдөө жүргүзгөнбүз жана ал сезондук жакырчылыкты аныктоого арналган. Анда эң жакыр деп эсептелген региондордо жашаган кары адамдардын жашоосу иликтөөгө алынганда жайдын акырынан баштап күз аяктаганча карылардын жашоосунун деңгээли бир аз көтөрүлгөндүгү аныкталган. Ага күзүндө алынган түшүм жана тойлорго даярданыбыз деп каражат топтоо негиз берет экен. Ошол убакта ичкен тамак-аштары жакшырып, витамин жей алышат экен. Андан кийин кыш түшкөндө каражаттарынын баары көмүр, отунга жумшалып, тамак-ашы начарлап, үйлөрүнөн да чыга албай калышат экен. Дары-дармек да ала алышпай, карызга батып калышат экен.

Ушундай көрсөткүчтөрдүн негизинде карылардын жалпы жашоо деңгээли жыл ичинде бирде көтөрүлүп, бирде түшүп турары анык болду. Негизинен кыргыз эли карыларды сыйлап, камкордук көрүү деген мамиле бар, бирок акыркы кезде жакырчылыкта жашаган карылардын саны көбөйүп баратат. Карылар үйүнө таштап кеткендер, үй-бүлөдө зордук-зомбулук көргөндөр көбөйдү.

Статистика боюнча жалпы карылардын ичинен көп жабыркаган катмар аялдар болуп жатат. Алар өмүр бою үй-бүлө, балдары үчүн эмгектенип, өздөрүнө жакшы кам көрө албаган көрүнүш карыганда да уланат, ден соолуктарын чыңдоого шарттары жок. Ушундан улам карыларга карата менталитетти өзгөртүү зарылдыгы пайда болду. Бул жаатта үй-бүлө институтун бекемдеп, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча мамлекеттик идеология зарыл.

“Азаттык”: Марипа айым, мындан бир нече күн мурун сиз жетектеген “Ардагер” шаардык геронтология борборунун же жөнөкөй тил менен айтканда кары адамдар жашап, эс алып кете турган жайдын жанына тил оозсуз калган 80деги кемпирди таштап кеткен окуя зээнди кейитти. Бул көрүнүш биздин өлкөдө эч нерсеге жарабай калган карылар кароосуз калабы деген кооптонууну жаратты...

Марипа Абдиева: Бул абдан көйгөйлүү маселе болуп баратат. Тилекке каршы, кыргыздардын арасында карыларын жектөө күчөп баратат. Келиндери уруп, балдары үйдөн кууп салган көрүнүштөр көбөйдү. Бул социалдык жетишпегендиктен чыгып жатат. Эгемендик алган кезде иштеп жүргөн адамдар азыр пенсияга чыгышты жана алардын көбү мурдагыдай эле өкмөт багат деген пикирде жүрүшөт. Ушундан улам балдары да ата-энеси пенсиясы менен жашайт деген ойдо көп каралашпайт. Буга бирок бир гана экономикалык кырдаал башкы себеп эмес.