Эгизбаевдин өлүмү боюнча иш сотко ашты

Уланбек Эгизбаев.

“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул боюнча “Акун” пансионатына Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин алкагында кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле маркумдун "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүнө байланыштуу козголгон эки кылмыш иши учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөсүндө. Коомчулукта “маркум көрсөтүп, иликтеп кеткен коррупциялык иштер аягына чыкпай жатат” деген нааразы пикирлер бар.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү Сүйүнбек Муңайтбасов "Азаттыкка" билдиргендей, Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, иштин материалдары сотко өттү.

Журналисттин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, ушундай иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) менен "Акун" пансионатынын жооптуу адамдарына кылмыш иши козголгон. Анын негизинде эки кишиге айып коюлган. ИИМ "Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон жана ал эс алган пансионатта коопсуздук эрежелери сакталган эмес" деген тыянакка келген.

Ички иштер министрлиги.

- Бизде пансионат боюнча эле иш бар, - деди тергөөчү. - Андан башка жок. Иликтөөдө Эгизбаевдин киши колдуу болгону тууралуу эч кандай белги табылган жок. Ошого байланыштуу коопсуздук эрежелеринин бузулганы боюнча эле пансионатка кылмыш иши козголгон. Маркумдун бутундагы тактар боюнча дооматтар болбоду беле? Ошондон улам кошумча экспертиза өткөрүү зарылдыгы чыккан. Экспертиза "ал тактар маркум тирүү кезинде эмес, өлгөндөн кийин пайда болгон" деген тыянак чыгарып берди.

"Акун" пансионатынын айып коюлган жооптуу кызматкерлеринин аты-жөнү ачык айтылган жок.

Уланбектин өлүмүнөн кийин анын "Көрүстөндөгү коррупция" аттуу теле берүүсүндөгү коррупциялык фактыларды жана маркумдун дарегине келген коркутуп-үркүтүүнү иликтөө өтүнүчү менен "Азаттык" Ички иштер министрлигине да кайрылган. Мунун негизинде Бишкек шаардык милициясы иликтөө жүргүзө баштаган. Бирок мекеме бул багытта кылмыш ишин козгоодон баш тартканы белгилүү болду. Тергөөчү Темир Макешов көр сатуудагы коррупцияга байланыштуу иликтөөлөр камтылган материалдарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) өткөрүп бергенин айтты:

- Биз материалдарды алгач прокуратурага жибергенбиз. Финполиция кылмыш ишин козгогондуктан, материалдар ошол жакка кеткен.

Темир Макешов милиция көрүстөн бизнеси тууралуу иликтөө чыккандан кийин Уланбектин дарегине келген коркутуп-үркүтүү, көр сатуунун чоо-жайы тууралуу кандай материалдарды топтогонун так айтып бере алган жок.

Буга чейин прокуратура көрүстөн бизнесине байланыштуу эки кылмыш ишин козгогону ачыкка чыккан. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жаркынай Азиеванын айтымында, иликтөөдө Бишкектин Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин кызмат адамдары жемкордукка белчеден батканы аныкталып, экинчи ирет иш ачылган.

- Ленин райондук прокуратурасы Бишкектин Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 166 (“Алдамчылык”), 171 (“Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же таратып жок кылуу”) деген беренелеринин негизинде иш козгоп, тергөө органдарына өткөрүп берди. Агенттиктин кызмат адамдары Түштүк-Батыш көрүстөнүндө инженердик коммуникациялар (жол, жолдун чети, ирригациялык түйүндөр) жайгашкан жерлерди көрүстөн үчүн беришкен. Текшерүү учурунда алардын ичи бош экени, эч ким көмүлбөгөнү, агенттиктин айрым кызматкерлери сөөк койгону келгендерден акча алып жүргөнү аныкталды.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев Башкы прокуратура аныктаган фактыларды "Көрүстөндөгү коррупция" деп аталган иликтөөсүндө ачып берген.

Маркумдун бул берүүсү 30-майда чыккан. Анын негизинде “биринчи кылмыш иши быйыл 22-июнда, журналист тирүү кезде эле козголгон” деген маалыматты башкы көзөмөл органы 20-сентябрда жарыялаган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иликтөө: Көрүстөндөгү коррупция

Ага чейин “Азаттык” радиосу Эгизбаев жүргүзгөн журналисттик иликтөөдөгү фактыларды текшерүүнү өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылган болчу. “Мекеме кылмыш ишинин козголгону тууралуу эмне үчүн эки ай бою маалымат берген эмес?” деген суроо ачык калган. Учурда эки кылмыш иши тең прокуратурадан Финполицияга өткөн. Кимдер айыпталып жатканы, кандай маалыматтар бар экени азырынча белгисиз. Аталган мекеме тергөө аяктай элек экенин кабарлады.

Уланбек каза болгондон кийин анын иликтөөсүндө бардык далилдер ачык жана кашкайып көрүнүп турганына карабай, көр саткандар жазага тартылбай жатканына нааразы болгон пикирлер айтылган. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев - маркум көтөрүп кеткен маселелерди иликтөө зарыл экенин тынымсыз айтып келаткандардын бири. Акаевдин буга чейин парламентте койгон суроолоруна укук коргоо органдары жооп кайтарган. Бирок депутат ал иштерди иликтеп-тергөөнүн жүрүшүнө канааттана элек.

Жанарбек Акаев.

- Уланбек Эгизбаев көтөргөн жана коомдук талкуу жараткан маселелерди парламент трибунасынан көтөргөм, - деди Жанарбек Акаев. - Укук коргоо органдарынан мага жооп келген. Мисалы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маркумдун темир жол боюнча иликтөөсүнүн негизинде бир нече мыйзам бузуу аныкталганын, тиешелүү кишилерге кылмыш иши козголгонун билдирди. Андан кийин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси иштен алынды. Көр сатуу боюнча маселени биз күч органдарынан такай сурап, көзөмөлдөп атабыз. Бирок Улан көтөргөн маселелер боюнча бардык кишилер жоопко тартылып, коррупциялык фактылар адилет иликтенди деп айта албайбыз. Көпчүлүгү ошол бойдон калды. Темир жол боюнча гана жетекчиси жумуштан алынып, көп адамдарга коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Андан башка музей, Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча жыйынтык чыкканын көргөн жокпуз. "Көрүстөндөгү коррупция" берүүсүнөн кийин көр сатуу токтоп калган жок. Менин угушумча, азыр деле ошондой фактылар уланып жатат. Бир-эки адамды кызматтан алышы мүмкүн. Бирок жакында өкмөттө иштеген эле кишилердин бири жакыны каза болгондо жайды мурдагыдай эле сатып алганын уктум. Кайсы маселе болбосун депутаттар көтөрүп же журналисттер жазып чыгыш керек. Ансыз күч органдары көңүл бурбайт. Улан көтөргөн темаларды да коомчулук көзөмөлдөп, депутаттар, журналисттер тынбай козгоп, күч органдарынын артынан сая түшүп, сурап турса адилеттүү чечим чыгат. Эгерде элдин баары унутуп, маселени козгобой койсо булардын акыйкат чечим чыгарышы күмөн. Бизде органдар ушундай. Аны Улан өзү деле айтчу.

Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин алгач Ысык-Көл райондук милициясы иликтеп, кийинчерээк материалдарды облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берген. Азыр бул иш райондук соттун кароосунда.

Ошентип, Уланбектин өлүмүнө байланыштуу бир кылмыш иши козголуп, сотко ашты. Ал иш качан карала тургандыгы азырынча беймаалым.

Ал эми анын көр сатуу боюнча иликтөөлөрүндөгү фактыларга байланыштуу козголгон эки кылмыш иши тергелүүдө.

Дагы караңыз Уланбек Эгизбаевдин акыркы мүнөттөрү

“Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасында Бишкектин Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемалары ачык айтылып, кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган. Бул көрсөтүү коомдо кызуу талкуу жаратып, көзү тирүү кезинде Уланбек Эгизбаевге жана программада интервью берген Бишкектеги ритуалдык кызматтын мурдагы кызматкери Максат Баялиевге бош конверттер келген эле. Кийинчерээк бул конверттерди Эгизбаев менен Баялиевди “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү үчүн сотко берген Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун адвокаты жибергени дайын болгон.

28 жаштагы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза "журналисттин өлүмүнө сууга чөгүү себеп болгон” деген бүтүмгө келген.

Журналист тирүү кезинде көр сатууну бизнеске айланткандарды ашкерелөөдөн тышкары “Бажыдагы уурулук”, “Темир жолдогу жемкорлук”, “Музейге сарпталган миллиондор”, “Мансаптуулардын жер бизнеси”, “Саясатташкан мумия” жана башка ондогон иликтөөлөрдү даярдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.