Эл аралык коллеждер биримдиги (UWC) биринчи жолу кыргызстандык мектеп окуучулары үчүн эшигин ачып жатат. Бул биримдиктин Германиядагы Роберт Бош мектебине, экинчиси Африкадагы Свазиленд өлкөсүнө окууга өткөн жана Сингапурдагы коллежде билим алып жаткан кыргызстандык жаштар “Азаттыкта” конокто болду.
Алар чет өлкөдө билим алуу, жаштар менен улуу муундун мамилеси, алдыга максат коё билүү деген темада ой бөлүштү. Талкууга Марлен Токтомаматов, Орунгүл Сагынбаева жана Зейнеп Ибраим кызы катышты.
"Азаттык": Азыр чет өлкөгө чыгып окууну каалаган жаштар көп. Марлен, сен Орусияда чоң конкурстан өтүп, Эл аралык коллеждер биримдигинин Сингапурдагы коллежинде окуп жатыптырсың. Ал жакка окуш үчүн эмнеден баштадың, даярдык кандай болду?
Марлен Токтомаматов: Менин чет өлкөгө окууга баруума тааныштарым жол көрсөтүштү. Ушундай мектеп бар экенин досторум айткан. Алар бул коллеждин максаты, миссиясы кандай экенин айтып беришти. Өзүм да сыртка чыгып окуп, башка элдин менталитетин, жашоо-турмушун көргүм келип жүрчү. Муну мен Эл аралык коллеждер биримдигинен үйрөндүм. Сингапурда коллеж бар. Мен Орусияда окугандыктан ошол жактан даярдандым. Андан мурда англис тилин курстарга барып үйрөнүп жүргөм. Коллежге өтүш үчүн тилди аябай жакшы деле билиш керек эмес. Ал жакта тилди жакшы билбегендерге деле мүмкүнчүлүк берилет, бирок оюңду түшүндүрүп беришиң керек.
"Азаттык": Сингапурда окуу кандай экен, эмне айырмасын байкадың?
Марлен Токтомаматов: Мен өзү мектепке эртерээк барып калгам. Ошондуктан эрте бүтүп, бул коллежге мектепти бүткөндө тапшырып калдым. Эртерээк барган жакшы болот экен. Албетте, биринчи барганда кыйналдым. Жаңы коом, жаңы тил... Агайлар тез-тез сүйлөгөндүктөн сөздөрүнө түшүнбөй, кылыктарына, коомдогу адаттарына көнбөй жүрдүм.
"Азаттык": Орунгүл, сен кандай жагдайда тапшырып калдың, бул коллежге?
Орунгүл Сагынбаева: Менин жагдайым башкачараак. Мен эми гана 10-классты бүттүм. Бишкектеги "Айчүрөк" лицейинде окуйм. Интернеттен "UWC окууга грант, стипендия берип жатат" деп окуп калдым. Эл аралык коллеждер биримдигинин (UWC) 17 өлкөдө коллежи бар экен. Ага 159 өлкөдөн окуучулар келип, бири-бири менен таанышып, эки жыл бирге окушат экен. Ошонусу аябай жагып калды. Мен Африкадагы Свазиленд өлкөсүнө окууга өттүм. Кудай буюрса, январда кетип, эки жыл окуйм.
"Азаттык": Сынак тапшырууда эмнеге көңүл бурулат экен? Кыргызстанда эле окуган билимиңер пайдасын тийгиздиби же өзүнчө даярдандыңарбы?
Орунгүл Сагынбаева: Даярданганга деле көп убакыт берилбеди. Эки турдун аралыгы бир-эки күн болуп калды. Өзү англис тилин билсе жакшы экен. Анткени баарлашуу англис тилинде болот, дил баяндарды англис тилинде жаздык. Мындан сырткары, математиканы жакшы билсең жеңилирээк болот экен.
Математикадан тест тапшырдык. Мындан сырткары, жашоодо эмнелерди үйрөндүң, кандай максаттарың бар, эмнеге кызыгасың - ошолорго да карашат экен. "Коллежге барганда туугандардан алыс, башка коомдо жүрүп окуй аласыңбы?" деп психологиялык жактан да карашат экен. Чет өлкөгө барып окууну өзү каалап барып жатабы же ата-энесинин каалоосу болдубу? Ушулар да эске алынат.
Мен үйдөгүлөргө айтпай эле тапшыргам. Бирок үчүнчү этапта ата-энелердин чогулушу болуп, айтууга туура келди. Африка дегенде бизде калыптанып калган көз караш менен чочулашты. Кийин түшүндүрүп айттык. Бул коллеждер келечектеги лидерлерди даярдайт деп айтсак болот. Ошондуктан ушундай программаларды издеп, "өтөмбү же өтпөймбү" деп ойлонбой тобокелге салып тапшырып көрүш керек. Мындан сырткары, сабактардан эле эмес, башка ийримдерге катышып, спорт менен машыгып, коомдук иштерге жигердүү аралаша берген жакшы. Анда да мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болот.
"Азаттык": Зейнеп, сен Германиянын Роберт Бош мектебине өтүптүрсүң. Ал жактын эмнеси жакты?
Зейнеп Ибраим кызы: Мен 11-классты бүткөндөн кийин чет өлкөдөгү окуу жайларына тапшырам деп пландап жаткам. Кийин коллеж жөнүндө окуп чыктым. Анда IB (эл аралык бакалавриат) диплом берилип, ошонун негизинде университеттер өздөрү тандап кетишет дешти. Ушунусу мага аябай жакты. Коллежди бүткөн соң башка окуу жайларына тапшыруу жеңил экен. Сабактары да жакшы, өзүң кызыккандарды гана окуйсуң. Биздин мектептердеги проблема да ушунда деп ойлойм. Кызыкпаган сабактарды деле бере беришет.
"Сен ушуну окушуң керек, сага жакпаса, кызыкпасаң да андан "беш" деген баа алышың керек" дешет. Мен Германияда дагы эки жыл окуйм. 100% стипендия төлөп берет. Мен Германиянын Роберт Бош коллежине окууга барган биринчи кыргызстандык студент болот экенмин. "Кыргызстанды жакшы көргөзөйүн" деп өзүмө сөз бердим.
"Азаттык": Негизи эле чет өлкөгө чыгып билим алуу мүмкүнчүлүктөрү кандай, көп деп ойлойсуңарбы?
Зейнеп Ибраим кызы: Абдан көп. Билим алыш үчүн чыгуунун жолдору абдан көп. Интернетти ачып караш керек, издеш керек.
"Азаттык": Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуңар келет, өзүңөрдү кайсы тармактан көрөсүңөр?
Зейнеп Ибраим кызы: Мен китеп жазгым келет. Балдарга арналган китеп жазуу кыялым бар. Балким биоинженерияга кирип кетем. Экология тармагына абдан кызыгам.
Орунгүл Сагынбаева: Мен азыр толук тандай элекмин. Бирок эки кесипти карап жатам. Дипломат болгум келет, экинчиси - "datascientist" деп коёт, бул математика, программалоо, компьютер жана экономика, менежмент аралашкан кесип. Статистиканы чыгарат, аналитиктер десек болот. Азыр бул тармак Кыргызстанда жакшы өнүккөн эмес. Муну чет өлкөдө жакшы өздөштүрүп, өз өлкөмө келип өнүктүрсөм болот го деп ойлоп жатам.
Марлен Токтомаматов: Мен да Зейнептей өзүмдүн келечегимди биоинженериядан көрөм. Себеби азыр дүйнөдө алтындын проблемасы чоң болуп жатат. Мындан сырткары, биздин коллежге бир киши келди. Ал Америкада өзүнүн компаниясында синтетикалык эт жасайт экен. Ушул эттин баасын арзандатса, өнүкпөгөн өлкөлөрдө жашаган адамдарга жана эт жебестерге да жеткиликтүү болот эле. Малды өлтүрбөгөн эт болмок. Ошол кишинин компаниясына иштейин деп жатам. Көбүрөөк акчам болуп калса, фонд ачып UWC колледжин Кыргызстанга дагы ачкым келет. Ар түрдүү өлкөлөрдөн окуучулар биздин мамлекетке келсе, бизге да пайдалуу болмок.