1-сентябрды Бишкектин айланасындагы жаңы конуштун тургундарынын бир тобу толкундануу, дагы бир тобу ыза менен тосуп алышты.
Жаңы конуштардын айрымдарында мектеп жок. Андыктан алардын тургундары өз балдарын коңшулаш райондордогу мектептерге алып барууга мажбур. Айрым конуштарда мектеп эмес, электр жарыгы да, суу да жок.
Кабарчыбыз Төрөкул Дооров бүгүн борбордун айланасындагы Ак-Ордо, Ак-Өргө жана ордо калаа четиндеги таштанды ташталчу жердеги аты жок конушту кыдырып, жаңы окуу жылынын биринчи күнүндөгү маанайды билип кайтты.
Берүүнү толугу менен ушул жерден угуңуз.
Сүрөт баян: мектеби жок конуштар