Чыдамы кеткен мугалимдер жапырт иш таштаарын эскертүүдө

Кыргызстандын мектептеринде жаш мугалимдер миң сомдун тегерегинде айлык алышат.

Мугалимдер маяналары көтөрүлбөй турган болсо, жаңы жылдан тарта жалпы республика боюнча иш таштаарын билдирип жатат.
Буга байланыштуу билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуундар бирикмесинин борбордук комитети өкмөткө талап койду. Ал талапта “Мугалимдердин макамы” боюнча мыйзам одоно бузулуп, алардын социалдык абалына көңүл бурулбай калгандыгы эскертилген. Мугалимдердин орточо айлыгы өлкөдөгү негизги керектөө себетинин өлчөмүнө да жетпей калгандыгы белгиленген.

Мугалимдердин кесиптик кошуундарынын борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов койулган талаптар аткарылбаса жаңы жылдан кийин өлкө боюнча мөөнөтсүз иш таштоолор боло тургандыгын эскертти:

- Мугалимдердин айлыгы орточо керектөөнүн өлчөмүнөн аз болбошу керек деген мыйзамда талап бар. Мына ошол аткарылбай келе жатат. Бүгүнкү күнү орточо керектөөнүн өлчөмү алты миң сегиз жүз отуз эки сом. Ал эми биздин мугалимдердин орточо айлык акысы 2500-3000 миң сомго барабар болуп жатат. Жаңыдан келген жаш мугалимдердики болсо 1056 сом. Анан мугалимдерди социалдык жактан коргоонун чаралары мурда жергиликтүү бийликке жүктөлгөндүктөн ал аткарылбай келген. Биз мына ошону республикалык бюджетке өткөрүүнү талап кылабыз. Эгерде коюлган талаптар аткарылбаса мугалимдердин республика боюнча жапырт иш таштоосу башталат.

Казынадан кагынчык чыгабы?

Буга чейин жер-жерлерде нааразылык акцияларына чыккан мугалимдер орточо айлык акынын өлчөмүн он миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышууда. Каржы министрлиги бул үчүн он бир миллиард сом керектеле тургандыгын айтып, андай каражатты табууга мүмкүн эместигин эскерткен. Анда айлык акыны отуз пайызга жогорулатууга эле бир миллиард сомдон ашуун каражат табуу кыйынчылыгы тургандыгы айтылган болчу. Бирок мугалимдер жамааты мындай жүйөлөргө макул эместигин айтып чыгышкан.

Өткөндө өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев кол алдындагыларга он күн ичинде мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча сунуштама иштеп чыгууну буюрду.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова өкмөт башчысы өзү маселени кандайча чечүүнүн жолдорун билбей тургандыгын сынга алды:

- Жаңы бюджетти карап жатканда мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча биздин сунуштарыбыз болот. Биз аны киргизебиз. Ал каражатты өкмөт каяктан табат өзүнүн иши. Бирок өткөндө өкмөт башчысы ушундай оор абалдан кабардар болуп туруп, парламенттен бекитилип жатканда өз программасында мугалимдердин айлыгын кайсы булактардын эсебинен көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтып, даана көрсөтүп бере алган жок.

Кошумча булактарды табуу аракети

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда чиновниктердин армиясы кырк миң адамга чукул. Мамлекеттик башкарууга кеткен чыгаша 2008-жылдагы эсеп боюнча бюджеттин жыйырма беш пайызын түзгөн. Учурдагы өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча министрликтердин саны жыйырмадан ашып кетти. Мындай шарт мамлекеттик чиновниктердин санынын дагы көбөйүшүнө алып келери бышык.

Талдоочулар ага кеткен чыгымдарды кескин кыскартуу менен аны мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө багыттоону туура көрүшөт.

Жети-Өгүз районундагы мугалимдердин нааразылык жыйыны, 13-декабрь, 2010-жыл
Талдоочу Эсенгул Өмүралиев башкарууга кеткен чыгымдарды кыскартууну эске албаган учурда деле мугалимдердин айлыгын эки эсе көтөрүүгө болорун кошумчалады:

- Жалпы республика боюнча жетишилген орточо керектөө өлчөмүнүн деңгээлине мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча алдын-ала эсептөөлөр болуп жаткандыгын уктум. Эгерде ал ишке ашса мугалимдердин орточо айлыгы алты-жети миң сомго көбөйүшү күтүлөт. Буга жалпысынан мурдагыдай он бир миллиард эмес, болжол менен беш алты миллиард сом кошумча керек болот. Андай акчаны мамлекеттик каржы системасын тартипке келтирүүдөн эле тапса болот. Башкысы жаңы бюджетти бекитүүдө артыкчылык кайсыл тармакка берилет. Ошондон көз каранды.

Анткен менен 2011-жылга карата бюджеттин тартыштыгы он сегиз миллиард сомдон ашуун болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Каржы министрлиги өкмөт башчысынын тапшырмасы боюнча мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө кошумча каражаттарды табуунун булактарын изилдеп жаткандыгы айтылды.

Социалдык төлөмдөрдү каржылоо башкармалыгын башчысы Аида Абарбекова көрүлүп жаткан чаралар азырынча жыйынтык бере электигине токтолду:

- Мен азыр ушул суроого так жооп бере албайм. Ар кандай сунуштар түшүп жатат. Депутаттар менен дагы кеңешебиз. Анан бардыгын иликтеп бүткөндөн кийин гана бир жактуу жыйынтык чыгара алабыз. Азыркы учурда биздин адистер эсептөөлөрдү жүргүзүп жатышат.

Жаңы жылга чейин Жогорку Кеңеш 2011-жылдын бюджетин бекитиши күтүлөт. Анда эл өкүлдөрү каржылоонун артыкчылыктуу багыты катары коргонуу, коопсуздук тармагын тандайбы же билим берүүнүбү, азырынча белгисиз.