Билим берүү: мектептеги көйгөйлөр чегине жетти

Мектеп окуучусу, Бишкек.

Кыргызстандагы билим берүү тармагын талдаган Булан институту президентке кайрылып, мектептердин көйгөйүн чечүүгө тез арада көңүл бурууга чакырды.

Уюм билим берүү системасы кыйроо абалына жакындап калды деп коңгуроо кагууда. Кайрылууда мектеп мугалимдеринин макамы, алардын социалдык абалын жогорулатуу, окуучулардын мектептерге батпай калганы, билим сапатынын төмөндөө себептери тууралуу изилдөө жыйынтыгы жана сунуштар айтылды.

Кыргыз өкмөтү мамлекет 600дөй жаңы мектепке муктаж экенин белгилейт. Ал тапта балдарын орус класста окутууну каалаган ата-энелер көбөйгөнү, мугалимдердин жетишсиздиги да орчундуу көйгөй жаратууда.

Майрамдык дем алыштарга байланыштуу Кыргызстандагы мектептерде быйылкы окуу жылы 4-сентябрда башталды. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам айрым мугалимдер Ысык-Көлгө уюштуруу иштерине жөнөтүлгөн. Андыктан, окуу 10-сентябрдан кийин гана бир калыпка түшчүдөй.

Бишкектеги мектептердин бири. 1-сентябрь, 2018-жыл.

Бишкектеги кээ бир мектептерде 1-класстардын ар бирине быйыл 40тан ашуун бала кабыл алынды. "Жакшы окуткан" мектепти тандаган ата-энелер эки эмес, андан көп балдардын бир партада тыгылып отуруп билим алганына да кайыл. Бала бакчалардагы орун жетишсиздигинен улам бир керебетте кысылып уктаганга көнүп калган жеткинчектерге мектептеги бул көрүнүш жаңылык деле эместей.

Мектеп тартыш, класстагы балдардын саны нормадан ашып кетти дегенибиз менен шаарлардагы билим уяларынын биринде миңдеген бала окуса, айрымдарында окуучу аз. Анткени, ата-энелер мектеп тандап атканда рейтинги күчтүүлөрүнө басым жасашат.​

Окуучулардын саны нормадан эки эсе көп

Баласын Бишкектеги №13 мектепке берген Нестан Бейшеева окуучуларды бөлүштүрүүдө эреже сакталбай жатканын айтып, "мунун айынан балам жакшы окубай калат" деп кабатыр:

- Ошончо көп окуучуга билим берүү үчүн бир мугалимдин күчү да, убактысы да жетпейт. Парталардын алдыңкы катары досканын жанында, акыркысы дубалга такалып турат. Ооба, балдарыбызды рейтинги жогору, шарттары жакшы мектептерде окуткубуз келет. Бирок эмне үчүн бардык мектептерде шарт бирдей эмес? Окутуу эрежелери бирдей болсо, ата-энелер балдарын башка райондордогу мектептерге алып барбай, үйүнө жакын жерлердеги мектептерге эле бермек.

Озерное айылындагы мектеп окуучулары. 2014-жыл

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда соңку жылдары 1-класска кирген окуучулардын саны 150 миңдин тегерегинде. Анын 10 миңи Бишкекте, сегиз миңден ашууну Ош шаарында. Ал эми 11-классты аяктап жаткан окуучулар андан эки эсе аз. Себеби, алар мектеп босогосун аттаган жылдары азыркыдай бала көп болгон эмес.

Баш калаадагы №85 мектептин социалдык педагогу, 38 жылдан бери балдарды окутуп келаткан Шарипа Койлубаева окуучулардын көптүгү билимдин сапатына терс таасир этерин жашырбайт:

- 45 мүнөттүк сабакта баланы сурап да жетише албайсың. Ким канчалык артта калып жатат, анализ кылганга мугалимдин алы жетпейт. Начар окуган бала менен өзүнчө иштегенге убактысы болбойт. Окуучу аз болсо, баарынан сурап үлгүрөт, кол жазмасы начар болсо, оңдойт. Көп болсо, мунун баарына мугалим байкуш кантип жетишет?

Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Чынара Исакова баш калаада жыл сайын окуучулардын саны он миңге көбөйүп жатканын, андыктан жаңы мектептерге муктаждык олуттуу маселеге айланганын билдирди:

- 2015-жылы 127 миң бала бар болчу, 2016-жылы 137 миң, 2017-жылы 147 миң окуучу катталган. Быйыл 155 миң бала окуйт деп эсептелди. Жыл сайын Бишкекте экиден мектеп курулуп, пайдаланууга берилип жатат. Бирок борбор калаадагы мамлекеттик 97 мектептин долбоордук кубаттуулугу 76 жарым миң балага ылайыкташкан. Азыр окуучулардын саны эки эсе көп.

Боз үйдө окуган балдар. Ош. 2016-жыл.

Мектеп жетишсиздиги бир гана Бишкекте эмес, жалпы өлкө аймагындагы чоң көйгөй. Республика боюнча 2262 мектеп бар. Аларда окуп жаткан балдар 1 миллион 300 миңдин тегерегинде. Ал эми 202 мектептин имараты жараксыз деп табылып, балдар коңшу айылдарда же жакын жердеги билим уяларына көчүрүлгөн. Айрым кыштактарда турак жайлар, чатырлар мектеп катары колдонулуп келет.

Тартыштыкты чечүү үчүн өлкө аймагына 600гө жакын мектеп салынышы керектигин билим берүү жана илим министринин орунбасары Надира Жусупбекова "Азаттык" радиосуна курган маегинде айтты:

- 2018-жылдын аягына чейин өлкөдө 78 билим берүү объектиси пайдаланууга берилет. Биздин анализ боюнча, 600дөй мектеп курулса, маселе чечилет. Бул боюнча тийиштүү органдардын баарына маалыматтарды бергенбиз.

Китепке муктаждык жана мугалимдердин макамы

Расмий маалыматка караганда, соңку жылдары Кыргызстанда мектептер үчүн бюджеттен 16 миллиард сом бөлүнүп жатат. Анын 120 миң сому окуу куралдарына жумшалса, калганы айлык акы, ремонт жана башка иштерге сарпталат.

Окуу куралдарынын тартыштыгы да билим берүүдөгү негизги маселелердин бири. Надира Жусупбекова өлкө мектептери 73 пайыз китеп менен камсыздалганын айтты. Жетпеген китептерди ата-энелер балдарына сатып беришет. Соода жайларында айрыкча кенже класстардын китептерине суроо-талап күч.

Кыргызстанда мектептер кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде билим берет. Жарымынан көбү жалаң кыргызча, үч мектеп тажик тилинде, калганы орусча, өзбекче жана аралаш окутат.

- Китеп менен камсыздоону тилдерге бөлүп айта турган болсок, кыргызча окуу китептер 83 пайыз, орусчасы 72, өзбекче 67 пайызга камсыздалат. Тажик тилинде бир аз көйгөй бар, - деген министрдин орунбасары Кыргызстанда билим берүү тармагындагы көйгөйлөр мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайганын айтып, кайгыра турган жагдай жоктугуна ишендирүүдө.

Бул пикирин быйыл бардык мектептерди Интернет менен камсыздап, "мугалимдер электрондук китептер, онлайн маалыматтар аркылуу билим сапатын көтөрүүгө аракет көрүп жатышканы" менен бекемдейт. Бирок Интернеттин сапаты, онлайн маалыматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселени чечүү жагы азырынча көйгөй болуп жатканын мугалимдер белгилешет.

Чолпон Орозобекова.

Ал тапта Кыргызстанда балдардын сапаттуу билим алуу укуктарын коргоо, мектептеги коопсуздук жана билим сапаты, диний окуу жайларды реформалоого багытталган долбоорлордун үстүндө иштеген Булан институту бийликке кайрылып, мектептерге көңүл бурууга президент көңүл бурушу керектигин суранды. Уюмдун жетекчиси Чолпон Орозобекова:

- Президенттик деңгээлде, өкмөттүк деңгээлде мектептеги көйгөйлөргө көңүл бурулбай жаткандай. Бийликтегилер чыныгы кырдаалды билишпейт, билсе да көз жуумп атышат. Кырдаал оор. Мугалимдердин да билим деңгээли төмөндөп баратат. Социалдык абалдары да оор. 2011-жылдан баштап өкмөт айлыкты эки эсе жогорулаттык дегени менен, иш жүзүндө андай болбоду. Маяна саноо механизми өзгөртүлүп, кайра айлык азайган. Мектептеги билим берүү системасы 10-15 жыл аралыгында кыйроо абалына кептелген. Буга билим берүү системасындагы туура эмес саясат себеп.


Кыргызстанда мектеп мугалимдери эң аз маяна алган мамлекеттик кызматкерлердин катарына кирет. Эксперттер каржылык жана социалдык колдоо болмоюнча, билимдин сапатын жогорулатуу да мүмкүн эместигин белгилешет. Бул көйгөйлөрдөн улам мугалимдер ишин таштап, миграцияга кетүүгө мажбур.

Миграциянын мектептерге таасири

Кыргызстандагы ички жана тышкы миграция деле мектептердеги билимдин сапатына терс таасир тийгизүүдө. Көр тириликтин айынан Орусия, Түркия, Казакстан, Түштүк Корея жана башка мамлекеттерге иштегени кеткен ата-энелердин балдарынын билим алуусуна жетишерлик көңүл бурулбай келатканы өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар козгогон маселелердин орчундуусу.

Ички миграциянын абалы да зээнди кейитет. "Мээр жазы" коомдук уюмунун жетекчиси Ыргалай Бекмуратова элеттен шаарга баса берген үй-бүлөлөрдүн каттоосу жоктугунан улам, балдары мектепте түрткүнчүк болгон учурлар арбын экенин белгиледи:

- Каттоосу жоктугунан улам бир мектептен экинчисине түртүлгөн балдар. Бул көрүнүш жыл сайын сентябрдан октябрь айына чейин уланат.

Базардагы бала, Бишкек. 2018-жыл

Эксперттер ата-энелерди тиричилик, акча табуу менен гана убара болуп, балдарынын билим алуусуна жетиштүү көңүл бурбайт деп да күнөөлөшөт. Бул орчундуу көйгөй деп саналганы менен миграциянын агымында айылдан шаарга келген балдардын так саны тууралуу статистикалык маалыматтар жок.

Акыркы жылдары айрыкча шаарлардагы мектептерде 1-класска баланы сынак аркылуу гана кабыл алган учурлар көбөйдү. Бешинчи класстан соң окуучуларды категорияга бөлүп окутуу да адатка айланган.

Математикага жөндөмдүү балдар математикалык, социалдык-экномикалык" класстарга, тилге кызыккандар гуманитардык жана башка багыттагы класстарга бөлүнөт. Талантын көрсөтө албаган окуучулар жөнөкөй класстарда калат. Бул эреже баланын шыгына жараша билим алуусуна өбөлгө түзөт деп колдогондор бар. Ошол эле учурда окуучулар арасында теңсиздикти күчөтөт дегендер да жок эмес. Педагог Шарипа Койлубаева бул адатка караманча каршы:

- Балдарды тандап атышат. Эмнеге тандап, бөлүшүбүз керек? Тескерисинче, баарына бирдей көңүл буруу зарыл. Жакшы окуганы бар, орто окуганы бар, жетишпегени бар. Аны анализ кылыш керек. Бала эмнеге башкалардай шыктуу эмес? Мугалим анын себептерин билгенге аракет кылышы керек. Балким ден соолугунда өксүк бардыр? Ата-энелердин көбү чет элде миграцияда. Бала туугандарынын үйүндө жашайт. Ата-энесин сагынат. Кусалык деле оору да. Тарбиялап жаткан туугандары анын бөксөсүн толтуруп жатабы?

Орус класстарга умтулуу күчөдү

Cоңку жылдары Кыргызстанда балдарын орусча мектептерге же орусча класстарга берүүгө ыктагандар көбөйдү. Коомчулукта "орус класстарда билим сапаты жогору", "орусча окуса көбүрөөк нерсе билет" деген түшүнүк калыптанганы байкалат. Андан тышкары, жарандар Орусияга агылган миграция жакын арада басаңдарына ынанышпайт. Балам чоңоюп, мигрант болуп калса, тилден кыйналбасын дегендер арбын.​

​Теги нарындык, азыр Бишкекте жашап, иштеп жүргөн​ Муса Султанакунов быйыл баласын мектептин орус классына берди:

- Орусча билгендерге мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Жумуш таап кетүүсүнө да орус тили роль ойнойт. Билими жакшы, жеткиликтүү болсун деп орус тилдүү мектепти тандадык.

Бишкектин дагы бир тургуну Марат Мырзабеков тескерисинче, баласын орусча мектептен кыргызча класска которду. Анын себебин мындайча түшүндүрдү:

Марат Мырзабеков

- Балам орусча бала бакчага барды. Мектепке даярдоо курсун да орусча​ өттү. Орус класска эле киргизейин деген ойлор болду. Бирок кыргыз тилин өздөштүрүп алсын дедик. Ансыз деле кошумча сабактарга, курстарга берем. Англисче, орусча кошумча окусун деп жаздырам. Адамдардын арасында "орусча окуса сабаты мыкты болот" деген стереотип орноп калган. Ал туура эмес. Орусча окутпаган, "Орус тили" сабагы чет тили катары окутулган лицейлерибиз бар. Окуучулары олимпиадаларда жеңип атышат. Англис тилинде мыкты сүйлөп жатышат. Маселе тилде эмес. Окууга болгон кызыгуусу болуп, шарт түзүлсө, башка тилдерди үйрөнүп алат. Ата-эне ошону түшүнүшү керек. Көбүрөөк китептерди окуган адам тилди да үйрөнөт.

Борбор калаада мэрияга караштуу 97 мектептин 13ү кыргыз тилинде билим берет. 30 мектеп орус тилдүү, калганы орус-кыргыз аралаш окутат.

2010-жылы Оштогу коогалаңдан соң өзбек тилинде билим берген мектептердин көбү орусча окутууга өткөн. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн Жалпы республикалык тестирлөөсүнөн да өзбек тили алынып салынган. Бирок бул көрүнүш маселени ого бетер курчуткандай.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бектурсун Көкөновдун айтымында, калаада орусча окуткан мугалимдер жетишпей калды:

- Дээрлик бардык мектептерде башталгыч орус классын ачканбыз. Айыл жерлериндеги билим уяларында, шаардагы кээ бир мектептерде гана жалаң өзбекче окутулуп жатканын эсепке албасак, көбү аралаш окутуу системасына өткөн. Бирок 5-класстан ары орус тилинде окуткан мугалимдер жетишпейт. Ушул көйгөй болуп жатат. Чечүүнүн жолдорун караштырып атабыз.

Оштогу Өзбекстан каржылаган мектеп.

Аравандык атын атабаган педагог аймактарда орус классты аяктаган айрым балдар орусча сүйлөй да, жаза да албай турганын айтып кейиди.

- Азыр биздин айылда дээрлик бардык мектептерде орус класстар ачылды. Орус классы жок мектептерге ата-энелер кызыкпайт. Бирок чынында 11 жыл орус класста окуп чыккан балдардын үчөө-төртөө гана орус тилин үйрөнөт. Жыйырмадан ашууну же орусча билбей, же башка билимдерди дурус үйрөнбөй мектепти бүтүп кетишчүдөй. Ата-энелер буга көңүл бурбайт. Баласы орус класста окуганы - алар үчүн сыймык.

Мугалим жетишпей атса, анда орус класстарды ачуунун эмне кажети бар? Кыргыз класстарын көбөйтсө болбойт беле? Бул суроонун жообу жогоруда айтылгандай, ата-энелердин каалоосуна гана барып такалууда.

Ош шаарындагы журналист Барно Исакова болсо "орус тилин билбеген адам сабатсыз" деген стереотип жоюлмайынча, көйгөй чечилбей турганын кошумчалады.

Талкуудан түшпөгөн төлөмдөр

Кыргызстандагы мектептерде, айрыкча шаарларда ар кандай төлөмдөр маселеси талкууланып бүтпөй келет. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик мектептерде окутуу акысыз.

Мугалимдердин окуучулардан мектептеги кошумча муктаждыктар үчүн акча чогултуусу мыйзамсыз. Андыктан, бул маселе ата-энелер комитети аркылуу ишке ашырылат. Мүчөлүк акы айыл жерлеринде миң сомдон эки миң сомго чейин жетсе, шаарларда мектептин рейтингине жараша төрт-беш миң сомдон ашат. Ал үчүн атайын эсепти тескеген касса иштетет. Андан тышкары, "демөөрчү" деп эсеп-дүмүрчөк берилбеген чогултуу бар.

Бишкектик Наргиза Иманкулова мектептер бул төлөмдөр үчүн отчет бербесин сындаган ата-энелердин бири:

- Билим берүү жана илим министрлиги "мектепте акча талап кылуу жок" деп айтып келатканы менен, бардык мектептерде мүчө акы бар. "Милдетүү түрдө эмес" деп коюшат, бирок балаңа күн сайын "алып кел" деп дайындай беришет. Досторунун алдында балам жер карабасын, мугалим сабактан чыгарып салбасын деп акча беребиз. Ата-энелер комитетинин төрайым-төрагалары сурай беришет. "Болбосо, балаңарды чыгарып алгыла" дешет. Менин балам окуган мектеп-гимназияга жыл сайын 4,5 миң сом төлөйбүз. Бирок биз берген акчадан кароолчуга канча, пол жуугучка канча маяна берилгени жана башка чыгымдар боюнча эч кандай отчет берилбейт.

Наргиза Иманкулова

Наргиза Иманкулова мектептердеги Совет доорунан бери келаткан окутуу системасынан кетүүнү сунуштайт. Тагыраак айтканда, үйгө тапшырма берүүнү азайтып, интерактив окутууга басым жасалышы керек, заман талабына жараша англис тили жана информатика сабактары көп болушу кажет деп эсептейт. Азырынча, анын бири - англис тилин окутуу быйылкы окуу жылынан тарта көбөйтүлгөнү расмий кабарланган.

Билим берүү жана илим министрлиги 2018-2019-жаңы окуу жылында 3 миңге жакын мектеп мугалимдеринин ишин жакшыртууну пландап жатканын билдирген. Анын алкагында пенсия курагындагы 2 миңдей мугалимдин сааты азайып, миңдей педагогдун өткөн сабактары кайра каралып чыгат.

Бейөкмөт уюмдар бул оптимизациянын айынан өлкөдө миңдеген мугалимдер ишсиз каларын, аларга эч кандай түшүндүрүү иши жүргүзүлбөгөнүн билдирип чыгышкан.

Кыргызстандагы мектептерде азыр 79 миңдей мугалим эмгектенет. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, алыскы райондордо информатика, физика, химия сабагын окуткан мугалимдер жетишпейт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүн аяктаган бүтүрүүчүлөр убактылуу алыскы аймактарга жөнөтүлөт.

Байкаганыңыздай, мектепте билим берүү системасы көйгөйгө толо. Азырынча, аны чечүүнүн олуттуу кадамдары байкалбайт. Балким президентке жолдонгон кайрылуу маселеге тереңирээк көңүл бурууга түрткү берер...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.