Кыргызстандын экинчи борбору катары саналган Ош шаары алтын сертификаттардын саны боюнча Бишкек шаарынан 14 эсе артта калды.
Ош облустук администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн маалыматында, Араван, Өзгөн райондорундагы өзбек тилдүү мектептер жана толук кыргыз тилдүү Чоң-Алай районундагы бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү босого баллды топтой алышкан жок.
"Натыйжа үч жылдан кийин билинет"
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын 43 бүтүрүүчүсү алтын сертификатка татып, башка аймактарды ат чабым артта калтырды.
Экинчи борбор деп саналган Ош шаарынын үч гана бүтүрүүчүсү эң жогорку упай топтоп, алтын сертификатка ээ болду. Ошол эле учурда алтын сертификаттын саны боюнча 500 миң калкы, миллиард сом бюджети бар Ош шаары менен Нарын облусунун тоолуу Ат-Башы районунун көрсөткүчтөрү бирдей болду.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын олимпиадалар боюнча бөлүмүнүн башчысы Бектурсун Көкөнов абалга мындай баа берди:
- Биз ЖРТга даярдоону жолго коё албай атабыз. Олимпиадага даярдоону бир аз жолго коё баштадык. Биздин аракеттин натыйжасы дагы үч жылдан кийин көрүнөт. Буга чейин биз "Олимпиадалык резерв" деп атайын мектеп ачканбыз. Мунун артыкчылыгы менен кошо кемчиликтери да бар экен. Мисалы, Олимпиадалык резерв мектеби гана даярданып, башка мектептер иштебей коёт экен. Ошол эле учурда башка мектептер жөндөмдүү окуучуларын ал мектепке бербегенге аракет кылат. Ошондуктан биз эмдиги жылдан тартып, ар бир мектеп олимпиадага өзү даярдана турган атаандаштык жараталы деп жатабыз.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын дагы бир өкүлү Кумар Раманов топтолгон упайлардын орточо өлчөмүн күтө туруу керек экенин билдирди.
- Азырынча бардык бүтүрүүчүлөрдүн орточо упайы жарыялана элек. Ошол жыйынтык чыккандан кийин орточо упай боюнча кайсы мектеп кандай орунда турганын аныктасак болот. Эң мыкты окуган беш-алты окуучу менен бүтүндөй бир шаардын билим берүүсүнүн сапаты начар же жакшы деп баалап коюу туура болбой калат. Орточо упай мектептердин орточо ийгилигин көрсөтөт. Биз ошону күтө туралы. Анткени Оштон 65 мектеп болсо, Бишкектен 128 мамлекеттик жана кеминде 50-60 жеке мектеп катышты. Бишкек шаары алган 43 алтындын 12ин "Сапат" менен Айтматов атындагы мектептер алып беришкен.
Араван артта калды...
Ош шаарында 16 жеке мектеп бар. Жылына берген билими үчүн орточо 5-6 миң сомдон акы алган бул мектептердин да алтын сертификатка илинбей калышы ата-энелерди нааразы кылды. Үч алтын сертификаттын бири "Сапат" лицейинин, бири Ош мамлекеттик университетинин билим лицейинин бүтүрүүчүсүнө тийсе, бир гана алтын байге жалпы билим берүүчү орто мектептин бүтүрүүчүсүнө тийген.
Ош шаарынын социалдык иштер боюнча вице-мэри Нурбек Кадыров абал талданган соң чара көрүлөрүн билдирди:
- Албетте бул боюнча талдоо жүргүзөбүз. Жыйынтык чыккандан кийин бир чечимге келебиз да.
Ал арада өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев коллегиялык жыйын куруп, ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң начар көрсөткүчтү берген Араван райондук билим берүү башкармалыгынын башчысын иштен алууну министрликке сунуш кылды.
Ош облустук адиминистрациясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зулпукар Молошев окуучулары босого баллга жетпей калган мектептердин жетекчилеринин кызмат орду боюнча маселе өзүнчө караларын билдирди:
- Билим берүүдө натыйжасы начар болуп аткан Араван районунун билим берүү башкармалыгынын башчысына сөгүш жарыяланды. Көрсөткүчү начар райондорго эскертүүлөр берилди. Андан сырткары бир да бүтүрүүчүсү ЖРТдан босого баллды топтой албаган мектептердин директорлорунун кызмат ордун кароо боюнча райондук билим берүү башкармалыгына сунуш берилди.
Ош облустук адиминистрациясынын билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда бир да бүтүрүүчү босого баллга жетпей калган мектептер Араван, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунда жана Өзгөн шаарында бар. Былтыркы көрсөткүч боюнча Араван районунда бүтүрүүчүлөрдүн 58% босого баллга жетпей калган. Өзгөн районунун 52%, Өзгөн шаарынын дээрлик 78% бүтүрүүчүсү эң төмөнкү босого баллды да чогулта алышкан эмес.
"Кемчиликтер талкууланышы керек"
Ал учурда жергиликтүү аткаминерлер мындай начар көрсөткүчтүн себебин өзбек тилдүү окуучулар кыргыз тилиндеги тесттин суроолорун түшүнбөй калганы менен байланыштырышкан. Бирок ошол эле учурда толук кыргыз тилдүү Чоң-Алай районунун 61% бүтүрүүчүсү деле босого баллга жете алган эмес.
Орозобекова: Мектептерди ашар жолу менен курууну токтотуу керек
Орозобекова: Мектептерди ашар жолу менен курууну токтотуу керек
Билим берүүдөгү ушул маселелерден улам педагогика илимдеринин кандидаты Замир Божонов аймактардагы адистер акыркы тест ачыкка чыгарган кемчиликтерди коомчулук менен чогуу талкуулап, билим сапатын жакшыртуу үчүн чара көрүшү зарыл экенин айтты:
- Мына, ЖРТ жыйынтыкталды. Ага чейин олимпиадалар да жыйынтыкталган. Эми буга жергиликтүү бийлик кандай маани берип жатат? Азырынча жергиликтүү бийлик кыңк этпей эле турат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ошол жыйынтыктарды күн тартибине коюп, билим берүү тармагын тейлеген кызматкерлер буга реакция кылышы керек. "Эмне үчүн ушундай болуп калды?" деген суроого жооп бериш керек да. Бул темада жергиликтүү телеканалдар аркылуу да ачык талкууларды уюштуруп, бийликтин, ата-энелердин, мектептердин пикирин, арыз-армандарын угуп, ошого жараша кандайдыр бир иш-планды иштеп чыгыш керек.
Ушинтип Ош облустук администрациясы бүтүрүүчүлөрүнүн начар жыйынтыктары үчүн мектеп директорлорун жазалоону көздөп турат. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы болсо олимпиада жана ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жакшы ийгилик жараткан мектептердин жетекчилигине шыктандыруучу сыйлыктар берилерин, бирок начар жыйынтык берген мектептердин жетекчилерине жаза колдонулбай турганын маалымдады.
Ош облусунда 530 мектеп болсо, былтыр андан 11 миң 812 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан.
Ош шаарында 55 мамлекеттик жана 21 жеке менчик мектеп болсо былтыры 1905 окуучу ЖРТга катышкан. Жалпы алганда Ош шаарында 66518 окуучу билим алат.