Абазбек уулу: 4-чейрек аралыктан билим берүү ыкмасы менен окутулат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам мектеп окуучуларына жана окуу жайлардын студенттерине жарыяланган үч жумалык каникул аягына чыгып баратат. Бирок учурдагы кырдаал балдар жана студенттер жакын арада мектептерге, окуу жайларга кайта албасын көрсөтүүдө.
Билим берүү министрлиги ушул тапта төртүнчү чейректи аралыктан окутуу ыкмасы менен улантууну көздөөдө. Муну ишке ашыруу үчүн учурда жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абазбек уулу "Азаттыкка" айтып берди. Абазбек уулу менен кабарчыбыз Замира Кожобаева маектешти.