Абитуриенттер кесип тандай баштады

Болочок адистигин тандаган кыз. 

8-июлда, жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды.

Эки күн талондор кабыл алынып, 11-июлда экзаменге уруксат алгандардын тизмеси жарыяланат.

Абитуриенттер ата-энесинин коштоосу менен окуу жай тандап жатышат. 

Университеттерге абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру 15-июлда башталып, 20-июлда жыйынтыкталат.

Ал эми үчүнчү тур 22-27-июлда өтөт.

Абитуриент кутучага талон салган соң, онлайн таблодогу тизмеге аты-жөнү чыгат. Ар бир абитуриенттин канча балл алганы тизмеден көрүнүп турат. 

Эң жогорку бал алгандар тизменин сап башына жайгашат. 

Онлайн таблодогу тизмени карап санаага баткан кыздар. 

Динара Назирова кызын окууга өткөрүү үчүн Баткенден келген. Кызы экөө кесип тандап, кеңешип жатат. 

Чаалыккан абитуриенттер. 

Сыймык Рыскулов Жалал-Абад облусунун Аксы районунан келген.
"Мен айыл өкмөттө иштегим келет. Окууга өтүп, ийгиликтүү аяктап, айылга барып иштейм. Айылымды өнүктүргүм келет. Ошондуктан "Коомдук жумуш" факультетин тандадым" деди абитуриент. 

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миң 440 бүтүрүүчү катышкан.

Быйыл 52 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» татыктуу болду. Алардын 19у аймактардан келгендер.

Эжекесинин окууга өтүшүнө бөбөгү да көмөктөшүүдө. 

Акыркы жылдары компьютердик программалоо же IT тармагын тандаган улан-кыздар көбөйгөн. 

Англис тилин үйрөнүүнү каалаган жаштар көп. БГУнун чет тилдер бөлүмүнө бюджетке өтүүнү каалаган абитуриенттер талондорун кутучуга салуу үчүн кезек күтүп турушат. 

Көлөкөлөп отурган ата-энелер. 

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, эки күн талондор кабыл алынып, 11-июлда экземенге уруксат алгандардын тизмеси жарыяланат.