ЖОЖдор айрым социалдык түйүндөрдү тосмолоодо

Кыргызстанда жогорку окуу жайларда социалдык түйүндөргө, көңүл ачуучу сайттарга кирүүгө тыюу салынууда.
Окуу жай жетекчилери мындай чечимдерди студенттердин өз убактыларын сарамжал пайдалануусуна шарт түзүү катары түшүндүрүшүүдө.

Студенттер социалдык түйүндөрдү маалымат алмашуунун эң ыңгайлуу түрү деп эсептешет. Адистер өз кезегинде студенттердин маалымат алуу укуктары чектелип жаткандыгын айтышууда.

Чектөө коюлган “агент”

Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте студенттерде интернет кызматын кеңири пайдаланууга толук шарт бар. Бирок жакында белгилүү “Майл.ру” сайтына тосмо коюлду.

Университеттин илим жана инновациялар боюнча проректору Таалайбек Каракеевдин түшүндүргөнүнө караганда, бул сайттын кыска маалымат алмашкан “агент” кызматына кирген студенттер арбын болуп, интернеттин ылдамдыгын кескин жайлаткан.

- “Майл.ру” сайтын чектедик. Анткени студенттердин баары “агентке” кирип алышып, интернеттин ылдамдыгын азайтып жатышат. Биринчи бир айдай байкоо жүргүздүк, эмне үчүн ылдамдык төмөндөп жатат деп. Көрсө ошондон экен. Азыр да изилдеп жатабыз, анткени аны таптакыр эле жаап салалы деген оюбуз жок. Бирок “агентти” өчүргөндөн бери ылдамдыгыбыз абдан жогорулап калды.

Мындан тышкары, бул окуу жайда буга чейин интернеттеги көңүл ачуучу сайттарды, видеолорду көрүү тосмолонгон. Каракеев университеттин башкы окуу корпусуна жана үч жатаканасына зымсыз интернет ортотулганын, жалпысынан интернет аркылуу маалымат алууга жана изденүүгө студент үчүн толук шарт бар экендигин белгиледи.

Интернет залдын тейлөөчүсү Урмат Тайбагаров:

- Сабакка керектүү жана маалымат издөөчү сайттар ачык. Оюн-зоок, сүрөт сайттар жеткиликтүү эмес. Ал эми “Фейсбук”, “Твиттер” бизде ачык, студенттер ага киришсе болот.

“Фейсбук”, “Одноклассники” да чектелүү

Азыр Кыргызстанда интернет кыйла арзандаган. Андыктан сайттарга тосмо коюу каражат тартыштыгынан эмес экендигин белгилешүүдө. Жогорудагыдай чектөөлөр борбор калаадагы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде да бар. Окуу жайдын жетекчилигинин айтымында, интернетке мүмкүнчүлүк кеңири, окуу жайдагы 2,5 миң компьютер ага туташып, зымсыз интернет да орнотулган. Бирок студенттер окуудан алагды болбошу үчүн айрым сайттар жеткиликтүү эмес.

Университеттин маалымат катчысы Жаңыл Сулайманова:

- Биздеги 2,5 миңге жакын компьютердин баары интернетке кошулган. Бирок оюн зоок программаларга кирүүгө тосмо коюлган. Мисалы, “Майл.ру”, “Фейсбук” жана “Одноклассникиге” тыюу салынган.

Азыр жаштар арасында, “Майл.ру”, анын “агент” кызматы, “Одноклассники", “Фейсбук”, “Твиттер” өңдүү социалдык түйүндөр кеңири колдонулууда. Булардын окуу жайдын аймагында тосмо коюлганын колдогон да, колдобогон да студенттер бар. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин 1-курсунун студенти Байгазы Камалов:

- Азыр бардыгы тең эле “агентке” киришет. Окуу жайда ага кирген туура эмес деп ойлойм. Окуу жайда негизи окуш керек.

Студенттин маалымат алуу укугу чектелүүдө

Ал эми ушул эле университеттин 4-курсунун студенти Төлөгөн социалдык түйүндөргө тосмо коюлганына каршы.

- Азыр мектеп окуучулары сабактарын кылбай эле “агентте” отурушпайбы. Ошолорго чектөө киргизип койсо болот. Ал эми студенттерге бул керектүү нерсе. Мисалы, менин досум Америкада жашайт. Аны менен сүйлөшүш үчүн мен “агентке” киришим керек. “Майл.ру”, “Твиттер” жана башка сайттар менен байланышам. Алар социалдык түйүндөр да, азыркы учурда булар керек.

Анткен менен адистер социалдык түйүндөргө азыр телефондон кирүү мүмкүнчүлүгү жаралганын, андыктан тосмо коюу натыйжа бербесин айтышууда. Ал эми видео жана сүрөттүү сайттарга тосмо коюу техникалык зарылчылык экендигин белгилешүүдө.

“Жаңы медиалар” институтунун аткаруучу деректири Сергей Макаров социалдык түйүндөргө карата тосмо студенттердин маалыматка болгон укугун чектейт деп эсептейт.

- Мен социалдык түйүндөрдү көңүл ачуучу деп ойлобойм. Алар кайсы жери көңүл ачуу, кайсы жер маалымат алуу экендигин ажыратып, айткандарын фактылар менен көрсөтүш керек. Мисалы, жаңылыктарды тараткан сайттарда деле көңүл ачуучу маалыматтар болот да. Мен социалдык түйүндөргө болгон тосмону студенттердин маалымат алуу укугун чектөө деп айтаар элем.

Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны жыл сайын өсүүдө. Адистердин айтымында, алардын саны 1 миллион адамдан жогору. “Фейсбук” социалдык түйүнүнө катталган адамдардын саны 60 миң адамдан ашкан. Ал эми “Майл.руну” колдонуучулар өлкөдө жарым миллион адамга жетерин айтышууда. Алардын көпчүлүгү жаштар.