Евразия университетинин “жел” студенттери...

"Жел" студенттердин сабакка өзү эмес, "акчасы келээри" белгилүү.

Бишкектеги Евразия университетине байланыштуу чуу чыкты. ИИМдин 5-башкармалыгы аталган коммерциялык окуу жайды текшерип чыкты.

Анын жыйынтыгы расмий жарыялана элек, бирок бейрасмий булактарга ылайык, университеттин лицензиясы мыйзамсыз узартылганы, талапка жооп бербеси, ошондой эле негизинен “жел” студенттер окууру анык болду. Андан сырткары окуу жайды түптөгөндөр билим берүү жана илим министри менен туугандык жайы бар экени айтылууда. Министр Садыков өзү бул боюнча комменатарий берүүдөн баш тартты.

Бул окуя окуу жайларга лицензия берүү жана аккредитациялоо иштериндеги коррупциялык айла-амалдар тууралуу талкууга жем таштады.

Евразия университетин аккредитациялоо боюнча 2011-жылы атайын комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлгөн. Ошол комиссиянын төрагасы, Дипломатиялык академиянын проректору Кайрат Осмоналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анда бир ооздон окуу жай талапка жооп бербейт деген чечим чыккан жана кемчиликтерди жоюу үчүн бир жылга чейин убакыт чектелген. Мындан улам лицензиясы да бир жылга чейин эле берилген. Бирок комиссия төрагасы аталган окуу жай боюнча министрликтин жыйынына чакырылбаганын айтууда:

- Биз окуу жайдын жамааты менен жолукканбыз, окуу жайдын талаптарына такыр жооп бербейсиңер деп айтканбыз. Комиссиянын курамында беш киши тең бир ооздон ушундай чечим чыгарып, комиссиянын төрагасы катары кол койгом. Бирок министрликтин коллегиясында бул маселе каралып жатканда мени эч ким чакырган жок. Анан мен ал окуу жайга лицензияны канча жылга берди деп барып? текшерип караганга милдеттүү эмесмин. Анан калса биз текшергенден бери үч жыл өттү. Кемчиликтери бар болчу. Ошол кемчиликтердин баарын жамаатына айтканбыз. Андан кийин эмне болгонун чынында билбейм, мени жыйынына чакырышпаса, мен каяктан билмек элем.

Евразия университетин жакында эле ИИМдин 5-башкармалыгы текшерип чыкты. Мунун алкагында аталган окуу жайды аттестациялоо комиссиянын төрагасы Кайрат Осмоналиев да көрсөтмө берген экен:

- Тартип коргоо органдары мага келип сурашты. Эки эле суроо беришти: комиссия кандай чечим чыгарган жана министрликтин коллегиясына катыштыңыз беле деп сурады. Мен кабыл алган чечимди айттым жана коллегияга чакырылбаганымды билдирдим.

ИИМ Евразия университети боюнча текшерүүсүнүн жыйынтыгын расмий жарыялай элек. Бирок бейрасмий булактардан айрым жагдайлар белгилүү болду. Маселен комиссиянын бир жыл деп чектеген чечимине карабастан лицензиянын мөөнөтү беш жылга узартылган. Ошондой эле аты эле бар, заты жок, башкача айтканда “жел” студенттер көп болгон. Андан сырткары бул окуу жайды түптөгөндөрдүн жана анын лицензиясын узарткандардын билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен тууганчылык жайлары да анык болууда. Маселен министрликтеги лицензиялоо, аккредитациялоо мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Эдилбек Молдоев министр Канат Садыковдун кан кудасы экени айтылууда, ал эми Молдоевдин жубайы окуу жайды түптөгөндөрдүн бири деген маалымат бар. Ушул жагдайларды тактоо үчүн “Азаттык” министр Садыковго кайрылды. Бирок ал комментарий берүүдөн баш тартты. Ошондой эле түптөөчүлөрдүн бири делген Таалайкүл Исакунова да канча аракет кылсак да жооп берген жок.

Абдыманап Жолдошев Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси. Ал аталган окуу жайды тартип коргоо органдары текшергенин тастыктады:

- Бул окуу жай жаңыдан эле иштеп баштаган, анан чыр болуп кылмыш иш козголду деп уктук. Ошол иштин жыйынтыгы чыккандан кийин ошого карата чара көрөбүз. Окуу жай жабыла элек. Былтыр окуу жайга кабыл алуу дээрлик болгон эмес. Ал жерде техникум да бар. Ошол орто кесиптик окуу жайына гана кабыл алынган. Аз эле студенттери бар.

Апталган окуу жай тууралуу министрдин өзүнөн жооп болбогондон кийин “Азаттык” өкмөткө кайрылды. Өкмөттүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Абдыманап Муратов Евразия университетине байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча маалыматы жоктугун билдирди:

- Ал окуу жай тууралуу мен силерге азыр жооп бере албайм. Биринчиден, мен алардан маалымат алышым керек. Мен силерге ошондон кийин гана жооп беришим мүмкүн.

Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Амантур Акматовдун билдиришинче, Евразия университети 2008-жылы алгач институт болуп түзүлгөн, эки жылдан кийин, 2010-жылы университетке айланган:

- Азыр 600 студент бар. Бул техникумда жана университетте окугандарды кошкондо. Бул окуу жай эки багытта: экономика жана юриспруденция багытында билим берүүгө укугу бар. Азыр студенттери бар, окуп жатышат. Окуу жай боюнча биз өзүбүз да иликтөө жүргүзүп жатабыз. Тиешелүү адамдар карап жатат. Алар ишинин жыйынтыгын чыгарып, бизге отчет бергенден кийин кененирээк комментарий беребиз.

Амантур Акматов аталган министрликтин алдындагы лицензиялоо жана аккредитациялоо инспекциясы коррупцияга каршы иш-чаралардын негизинде жоюлганын маалымдады:

- Билим берүү министрлиги Коргоо кеңеши менен биргеликте билим берүү тармагындагы системалуу коррупцияны жоюу планын иштеп чыккан. Ошол планга ылайык, министрликке караштуу Лицензиялоо жана аккредитациялоо мамлекеттик инспекциясынын ишиндеги коррупциялык тобокелчиликтер белгиленген болчу. Ошого ылайык, атайын токтом менен ушул жылдын 3-июнунда аталган инспекция толугу менен жоюлду.

Биз алгач Евразия университети менен телефондон байланышууга аракет жасадык, бирок андан майнап чыккан жок. Андан соң интернетте көрсөтүлгөн дареги боюнча издеп барганда, окуу жай мурунку Ленин заводунун имаратында жайгашканына, имаратты кара кулпу гана кайтарып, көптөн бери топураган эл деле каттабаганына күбө болдук.

Евразия университетине байланыштуу жагдай жогорку окуу жайлардагы ири коррупциялык схемалар тууралуу талкууга жем таштады. 2010-жылы бийлик алмашкандан тарта Билим берүү министрлигин жетектеп келаткан Канат Садыковду аталган тармактагы коррупцияны жоюуга аракети чабал деп сындап келишет.

“Перемена” инновациялык билим берүү борборунун башчысы, Билим берүү министрлигинин Байкоочу кеңешинин мүчөсү Алмаз Тажыбай жогорку окуу жайлардын ишине уруксат берүү, көзөмөлдөө иш-аракеттердин баары коррупцияга жол ачкан жагдайлар көп экенин, мунун айынан билимдин сапаты түшүп, "жел" студенттер азайбай жатканын айтууда:

- Лицензиялоо жана аккредитациялоонун өзү эле коррупциялык элемент болуп жатпайбы. Ошол эле лицензияны алуу, аккредитациялоо үчүн текшерүүдө да коррупцияга жол берилет. Анан кийинчерээк жакпай калса, же дагы башка жагдайлар болсо лицензияңды алып коебуз деп коркутуп дагы акча өөнөмөй болот. Демек өкмөттүн колунда ушундай рычаг бар. Мына ушунун айынан ЖОЖдордо “жел” студенттер болуп жатат. Мисалы статистика боюнча аты бар, бирок окууга келбеген студенттер жалпы студенттердин 30 пайызына чейинкисин түзөт. Бул көрүнүш мамлекеттик университеттерде деле бар. Негизи мамлекет лицензияны бербеш керек, бергенден кийин ошол окуу жайы үчүн жооп бериши керек. Коррупциянын баары ушул жерде.

Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын саны 50дөн ашат, алардын теңине жакынын коммерциялык университет, институттар түзөт. Кыргыз өкмөтү билим берүү тармагын реформалоо иш-аракеттеринин алкагында санын азайтып, сапатын көтөрүүгө аракет жасап, бирок андан натыйжа чыкпай келатат.