Бишкектеги экинчи билим фестивалы

27-апрелде фестивал Бишкектеги эски аянтта, Эмен багында, мамлекеттик тарых музейинде, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында уланды. 

Иш-чаранын алкагында “Усталардын шаары”,  “Гүлдүү жармаңке”сыяктуу илимий-көргөзмөлөр да уюштурулду. Биринчи билим фестивалы 2013-жылы өткөн.

"Кара жорго" бийи фестивалдын шаңын арттырды

"Атам, апам жана мен - техникалык үй-бүлө" сынагынын катышуучулары

Кесиптик-техникалык окуу жайдын студенттери да фестивалдын катышуучуларына өнөрлөрүн көрсөтүштү

Экинчи билим фестивалы өлкөдөгү инженердик, кесиптик-техникалык жана маалыматтык-коммуникациялык технология жаатындагы билим берүүгө арналды.

Балдардын колунан жаралган эмгектер

Фестивалда ар кайсы окуу жай, билим берүү мекемелери өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү

Жаштар өзүнө керектүү маалыматтарды алып жатышат

Бишкектеги экинчи билим фестивалы

Балдардын колунан жаралган техникалар

Балдар самолеттун макетин кураштырууну үйрөнүп жатышат

Фестиваль ар кандай оюн-зоок программалары менен коштолду

Билим тейлөөлөрүнүн көргөзмө-жарманкеси

Балдар кагаздан учак жасоону үйрөнүшүүдө