Ысык-Көл кароого муктаж

"Арай көз чарайда" Кыргызстандын эң баалуу туристтик аймагы саналган Ысык-Көлдүн абалы талкууланды.
"Арай көз чарай" талкуусунун коноктору: Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Алтын Ураимова, Айлана-чөйрө жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин өкүлү Раимов Үмүтбек, "Өмүр дарагы" адамды өнүктүрүү борборунун башчысы Калия Молдогазиева.

"Азаттык": Ысык-Көл ЮНЕСКОнун тизмесине кирген дүйнөлүк маанидеги өзгөчө кайтаруудагы аймак. Улуттун менчиги катары даңазаланып келатат. Жай келгени Ысык-Көл андан бетер көңүл чордонуна алынат, жыл бою иштегендер эс алгысы келет, келген туристтерден ишкерлер да, мамлекет да киреше алгысы келет. Жергиликтүү калк болсо тиричилигине учурдан пайдаланып каражат тапкысы келет экен. Ушундай чоң милдет артылып турган Ысык-Көлгө ошончолук деңгээлде кам көрүлгөнбү? Бүгүнкү көлдүн абалы кандай?

Калия Молдогазиева: Ысык-Көл биздин эң чоң байлыгыбыз. Аябай таза, кооз жаратылыш башка өлкөлөрдө жок. Ошон үчүн мамлекеттик органдар, жөнөкөй эл аябай этияттык мамиле жасаш керек. Азыр жайкы айларда аябай көп туристтер, эс алуучулар келишет.

Көлгө барганда таштанды көбөйүп кеткенин, дарактар кыйылып атканын көрөбүз. Ошондуктан көлдү сакташыбыз керек. Өкмөт органдар да камкор мамиле жасаш керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

1-бөлүк



2-бөлүк


"Азаттык": Бүгүнкү күндө мамлекеттик инспекция кандай милдетти аркалап атат? Тамак-аш, ветеринария, фитосанитария деген милдеттериңиздер бар экен. Азыр көлдө санитардык абалы кандай?

Алтын Ураимова: Азыркы кезде реформалоого байланыштуу жаңы мамлекеттик инспекциялар түзүлдү. Биздин объекттерди текшерүү, көзөмөлдөө милдетибиз бар.

Көлдүн айланасында абдан көп санаторий, эс алуучу жайлар, балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлор жайгашкан. Биздин көзөмөлдө 156 санаторий, 45 балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлор бар. Булар көлгө абдан жакын жайгашкандыктан санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бериш керек.

Тиричиликке колдонгон суулар көлгө агып булгабашы үчүн, азыркы кезде комиссия түзүлдү. Ага жергиликтүү бийликтин администрациясынан, биздин мамлекеттик инспекциядан, экологдордон, кызыккан ведомстволордон катышкан, азыркы кезде кызуу иш жүргүзүлүп жатат.

"Азаттык": Экологияны коргоо жаатында эмне айта аласыз, кандай чара көрүш керек, жылы бою караш керекпи?

Үмүтбек Раимов: Туура, жылы бою караш керек. Мамлекеттик агенттиктин негизинде мыйзам долбоорлорунун планы деп жыл сайын токтом менен бекитилет. 177-токтом менен бекиген. "Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөгү" мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизели деген максатта түзүлгөн. Жаңы долбоор иштеп чыгып, биринчи балык уулоого тыюу салып атабыз. Анткени алар көлгө чоң зыян келтирип атат.