Жазгы жут: мал талды да жей баштады

Аймактарда тоюттун жетишсиздигинен малдын өлүп жатканына нааразылыктар күч алууда.
Өкмөт болсо алыскы аймактарды жем-чөп менен камсыз кылуу аракети жүрүп жатканын билдирүүдө. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги кан жол – Бишкек - Ош жолунда учурда карды аткылап түшүрүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу жол кыймылы токтотулган.

Тоюттун жетишсиздиги өзгөчө түштүктөгү тоолуу райондор: Чоң-Алай, Чаткал райондорунда, Баткен облусунда байкалууда. Алыскы Чоң-Алай районунда кардын бийиктиги ушул тапта 1,5 метрге чукул, малдын көккө чыгышына дагы бир-эки ай убакыт бар.

Аталган райондун Кара-Тейит айылынын тургуну Кыпчакбай Темирбаев жем-чөптүн тартыштыгынан малга колго илинген тоютту берүүгө аргасыз болуп жатышканын “Азаттыкка” билдирди:

- Картошка кайнатып берип жатабыз, өзүбүздө өтпөй турган картошкаларыбыз бар, ошону берип жатабыз, бирок ал чөптөй болбойт. Ошондуктан колго кирген тал-теректин бутактарын да кыркып берип атабыз, антпесе малга кепшөөр керек.

Чоң-Алай району эртерээк чара көрүп, тоют жагынан жардам берүүсүн талап кылып, 22-марттан бери райондун борборуна митингге чыгып жатышканы белгилүү.

Тоолуу бул аймактан айырмаланып, Баткен өрөөнүнө жаз эртерээк келет. Ошентсе да узакка созулган кыштан, Ноорузду утурлай эки күн тынбай жааган кардан, ага кошул-ташыл болуп эрте түгөнгөн жем-чөптүн жоктугунан аймакта малдын өлүмү арбын болду.

Облустагы Лейлек районунда 300гө жакын бодо мал, миңден ашуун майда жандык өлгөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов да маалымдаган.

Өлбөгөн малга жаз да келет...

Баткендин Рават айылынын тургуну Алимбай Отбасаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, малдын бөөдө кырылып калуусуна жол бербөө үчүн адамдар күрүчтүн саманын да тоют катары колдонууга аргасыз болушууда:

- Эки күндөн бери күн ачылып, мал жайытка чыга баштады. Бирок ошентсе да жем-чөп жок, мал көтөрүң болуп, талаадагысы талаада, үйдөгүсү үйдө өлүп атат, айла жок.

Шалынын саманын мурда малга берчү эмес элек, быйыл анын таңгагы да 350 сомго чыкты. Өзбекстандан алып келип атышат, айла жок, алып, сууга жибитип берип атабыз. Картошка берели десек, анын жемдей касиети жок, ансыз деле көтөрөм болгон малды такыр шылып салат.


Алимбай Отбасаров адатта күрүчтүн саманы курулуш иштерине гана колдонулбаса, малга тоют катары берилбесин белгилейт.
Колго кирген тал-теректин бутактарын да кыркып берип атабыз, антпесе малга кепшөөр керек.

Ошентсе да учурда түзүлгөн кырдаалдан чыгуу аракеттери жок деген сын пикирлер кыргыз өкмөтүнүн дарегине айтылып жатат. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Ата Журт” партиясынын мүчөсү Акматбек Келдибеков өкмөт башчы кырдаалга кайдыгер мамиле жасап жатат деп айыптады:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде атайын ушундай кырдаалдар үчүн топтолгон фонд бар. Ошонун эсебинен азыр тик учак мененби, учак мененби малга тоют, элге тамак-аш жеткирүү зарыл. Ошону өкмөт бир да көңүл бурган жери жок. Эки-үч күндүн ичинде муну ишке ашырбаса, мал кырылып калгандан кийин жасаган аракеттери бир тыйынга татыбайт.

Депутат тоюттун жетишсиздигинен улам элдин бийликке нааразылыгы күч алып жатат деп кошумчалады.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 23-мартта кырдаалга байланыштуу чукул кеңешме өткөрүп, миң тонна жем сатып алуу аракетин көрүүнү мамлекеттик материалдык резерв фондуна, ал эми аны зарыгып аткандарга жеткирүү ишин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырды.