Мындай кыскаруулар Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгып, орто кирешелүү мамлекеттердин катарына кошулду деген мактаныч сөздөрдү жокко чыгарбайбы?
Өкмөт быйылкы жылы Ички дүң продукциянын көлөмү киши башына эсептегенде 1460 долларга жетет деп жыл башында эсептеген. Бирок акыркы айларда экономикалык көрсөткүчтөргө төмөндөтүү багытында өзгөртүү киргизип, анын натыйжасында быйылкы жылы ИДПнын көлөмү киши башына 1214 доллар гана болорун эсептеп чыкты. Натыйжада ИДПнын көлөмү киши башына 246 долларга кыскарды.
Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев ИДПнын киши башына төмөндөөсүн долларга карата сомдун курсунун төмөндөшүнөн көрөт:
- Доллар сомго карата кымбаттап кетти. Ошонун эсебинен ушундай болуп чыкты. Ансыз Ички дүң продукциянын жалпы көлөмү абсолюттук номиналда өстү. Ошон үчүн мындай эсептеш туура эмес болуп чыгат. Анткени бул курстун айырмасынан гана ушундай болуп чыгууда.
Насирдин Шамшиевдин пикиринде, ИДП абсолюттук эсепте өскөндүктөн, калк жакырланууда деген талаштуу маселе. Ошол эле учурда Насирдин Шамшиев импорттон өтө көз каранды болгон Кыргызстанда доллардын курсунун өсүшү калк ичинде жакырчылыктын көбөйүшүнө түрткү берерин четке каккан жок.
Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев ИДПнын киши башына 246 долларга төмөндөөсү Кыргызстанды жакыр өлкөлөрдүн катарына алып барып кошпойт дейт:
- Себеби чекит бар - 950 доллар. Мына ушундан ылдый болсо, анда жакыр мамлекеттердин арасына кирип калабыз. 950 доллардан жогору болгондуктан орто кирешелүү мамлекеттердин катарына киребиз. Эми азайгандан себеби өкмөттүн азыркы абалды эсепке алды. Орусияда кризис болуп жатат. Жарым жылдан бери сыртка товарларыбызды чыгара албай жатабыз. Бажы биримдиги биз үчүн ишке кире элек.
Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча ИДПсы киши башына 1036 доллардан төмөн мамлекеттер өтө жакыр мамлекеттердин катарына кирет. Ошондуктан Кыргызстандын ИДПсы 246 долларга кыскарган күндөн да Дүйнөлүк банктын эсебиндеги жакыр мамлекеттердин катарына кирбейт. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Кыргызстан ИДПсы киши башына 2013-жылы 1160 долларды түзгөн. Дүйнө мамлекеттеринин ичинен 154 орунду ээлеген.
Көз карандысыз экономикалык серепчи Мейманбек Абдылдаев Кыргызстандагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүн Орусиядагы кризистен жана Кыргызстандын өзүнүн өндүрүштүк базасынын жоктугунан көрөт:
- Бизде өндүрүштүк база жок. Ошол да себеп. Реэкспорт болуп аткан. Анан эмгек мигранттарынан акча которуулар көп болуп, алар керектөөнү көбөйтчү. Экономикага көп салым кошчу. Эми которуулар кыскарып жаткандан кийин дурус өсүш болбойт. 1-1.5% деңгээлинде гана өсүш болушу мүмкүн. Ал болбосо төмөндөө болот. Орусияда -4% чейин төмөндөө күтүлүүдө. Европа менен АКШ санкцияларды катаалдантабыз деп жатат. Орустар өзү да, мына Кудрин жакынкы үч жылда өсүү болбойт, төмөндөө болот деп жатат. Биз Казакстан менен бирге орустарга байланганбыз да.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын үч айында эмгек мигранттарынын акча которуусу 33% кыскарды. Өткөн жылы мигранттар 2 млрд. 170 млн. доллар которгону маалымдалган.
Өкмөт ошондой эле быйыл жана жакынкы жылдары экспорт -50% тегерегинде кыскарарын билдирүүдө. Булардын баары Кыргызстанга валюта агымынын азайышынан кабар берет.
Айрым экономисттер Евразия экономикалык биримдигинин дарбазалары ачылары менен Кыргызстанда реэкспорт үчүн топтолуп турган товарлардын агымы кырдаалды бир аз болсо да оңойт деген пикирде турат. Бирок ал агымдар түгөнгөндөн кийин абал кандай болорун болжогон эч ким жок.
Мейманбек Абдылдаев мындай шартта республиканын айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү жана Орусияга экспорттоо колго алынбаса, абал оор бойдон кала бере турганын айтат.