Кыргызстандын соодадагы ордун коңшусу ээледи

"Дордой" базары

Кыргызстан көп жылдан бери реэкспорттун мекени болуп келген. Республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү менен бажы төлөмдөрү кымбаттап, товар агымдары башка жылчыктарды издей баштады.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенге чейин Кытай, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген товарларга бажы төлөмдөрү өтө төмөн болуп, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстанга товар реэкспортко жөнөтүлчү. Өзгөчө Казакстан соодагерлери Кытай жана Түркия товарларын Кыргызстанга түшүрүп, андан кийин түрдүү жолдор менен, анын ичинде аткезчилик жол менен мекенине чыгарып кетчү.

Бүгүнкү күндө кырдаал өзгөрүп, кыргызстандык соодагерлер Тажикстан аркылуу Кытай жана башка өлкөлөрдүн товарларын ташып кирүүнү өздөштүрүүдө.

Атын атагысы келбеген соодагер азыркы кезде Канаданын сосискасын Тажикстан аркылуу Кыргызстанга алып өтүп жатканын, бул пайдалуу болгонун белгилейт. Бажы төлөмдөрү бир топ төмөн болгондуктан Тажикстан аркылуу Кытай, Түркия товарларын ташуу пайдалуу боло баштаганын "Дордой" базарындагы соодагерлер да талкуулашууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров товар агымдарынын мындай өзгөрүүсү күтүлгөн эле нерсе болчу дейт:

- Бул боло турган иш. Бүгүн болбосо эртең сөзсүз болот. Буга чейин да кээ бир товарлар ошентип кирип жүргөн. Азыр эми Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин ошол процесс күч алат. Мурда бизден, "Дордой", Кара-Суудан аларга барса, эми алардан бизге контрабанда келет.

Кыргыз-казак чек арасы

Улукбек Кочкоровдун айтымында, Евразия экономикалык биримдигине киргенге чейин кыргыз соодагерлери товарлардын килограммына 34 центтен бажы төлөмүн төлөп келсе, биримдикте 4 доллардан төлөп келишкен. Эми ал шарт Кыргызстанга келди. Мындай кырдаалда соода борбору Тажикстанга ооп кетиши мыйзам ченемдүү экенин Кочкоров кошумчалады.

Лейлек районунун акими Тилебалды Арипов ишкерлер пайдалуу жолду баары бир издей берерин белгилейт:

- Ишкерлер издеп атышы мүмкүн. Ал эми Кытайдан Тажикстанга транзит менен өтүп туруп, анан Тажикстанга бизге киргизет деген бирин-серин болушу мүмкүн. Ал массалык мүнөзгө ээ болбойт деп ойлойм. Азыр андай нерсе байкалбайт. Евразия экономикалык биримдигине киргенден бери мен күн сайын бажычылар менен байланышып, кирди-чыктыны карап турам.

Тилебалды Арипов Кыргызстандан Тажикстанга жүк ташуу көбүрөөк экенин кошумчалады.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин реэкспорттун борбору катары кала алабы деген суроо азырынча жоопсуз турат.

"Дордой" базары

Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр жана өткөрүүчүлөр бирикмесинин башчысы Гүлнара Өскөнбаева Евразия экономикалык биримдигинин шарттарынын оош-кыйыштарын жергиликтүү ишкерлер толук сезе элек дейт. Анын айтымында, тийиштүү отчеттук мезгилдин жыйынтыгы менен көп нерсе айкын болот.

Мурунку биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров Кыргызстандын реэкспорттогу мүмкүнчүлүгүн сакташ үчүн Дүйнөлүк соода уюмуна кирген өлкөлөр, өзгөчө Кытай менен кошумча нарк салыгын нөлгө түшүрүш керек дейт. Анын пикиринде, мына ошондо Кыргызстанда базарларды сактап калуу мүмкүн. Анткени бажы төлөмдөрүн аныктоо Евразия экономикалык биримдигинин колуна өткөндөн кийин кыргыз бийлигинде экономиканы башкарууда салык-бюджет саясаты гана курал катары калды.

Кошуна Казакстан реэкспорттун борбору болуш үчүн күрөш жүргүзүүдө. Кошуна мамлекеттин өкмөтү импорттук товарлардан алына турган кошумча нарк салыгын нөлгө түшүрүү талкуулап жатат. Кыргыз өкмөтү кошуна мамлекетте андай чечим кабыл алынса, ага кандай жооп жасоону иликтеп жатканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Ал үчүн экономика министринин орун Баккелди Түмөнбаев башында турган жумушчу топ түзүлдү.

Евразия экономикалык биримдигинде валюталарын арзандатуу, экспортуна шарт түзүү боюнча жарыш, атүгүл соода согушу башталууда. Маселен, кечээ жакында Казакстан Кыргызстандан сары майды ташып кирүүгө тыюу салды.

Валюталарды арзандатуу жарышына болсо Кыргызстан дагы түшүп, сомдун курсунун төмөндөөсүнө жол берүүдө. Өткөн жумада башталган сомдун күчүнүн кетүүсү дүйшөмбү күнү дагы уланып, бир доллардын сатуудагы баасы 69 сом 90 тыйындан болду. Демейде интервенция менен чыга калуучу Улуттук банк унчукпай турат.