Бишкек шаарынын чок ортосундагы чакан ишканада иштеген жумушчулардын саны жыйырмага жетпейт. Анткени, мында негизги ишти автоматташтырылган станоктор жасайт. Алар алдын ала киргизилген программага ылайык, түрдүү түстөгү жиптерди тиешелүү жерде бири-бирине улаштырып, трикотаж кийимдерге ар кандай сүрөттөрдү жана оюуларды түшүрөт.
Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган мезгилде станоктун кескин токтоосунан кездемелердин сапаты бузулат дейт трикотаж кийим токуучу “Ардамины” ишканасынын жетекчиси Иван Ардамин:
- Электр энергиясынын туруктуу берилбегенинен биринчиден чыңалуу алмашып, аны биздин стабилизаторлор көтөрө албайт. Мындан биздин станоктордун тетиктери күйүп кетүүдө. Алардын оңдолушу кымбат, миң, бир жарым миң долларга чейин сарптайбыз. Анын үстүнө андай тетиктерди оңдоочу усталар Кыргызстанда жок. Кошумча генератор коюп да иштеп көрдүк, бирок ал да кымбат. Аны колдонсок, биз токуган кездеме-кийимдердин өздүк баасы кымбаттайт. Анткени, биз эл аралык тармактар менен иштешебиз. Андан бизге калуучу пайда өтө эле аз. Ошол эле учурда электр энергиясынын үзгүлтүгү өндүрүштү да кыскартат, бул болсо биздин өнөктөштөрүбүз менен туруктуу иштөөбүзгө да терс таасирин тийгизет.
“Ардамины” ишканасы негизинен дүң сатып алуучулар менен иштейт, ар кандай үлгүдөгү аял-эркектердин кийимдери көбүнчө экспортко кетет.
Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда тор токуп, эмгектенген отуз чакты ишкана бар. “Союзтекстиль” ассоциациясынын маалыматы боюнча, трикотаж кездеме жана кийим токуган цехтер үчүн электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы чоң чыгашаларга алып келет. Бул кымбат баалуу жабдуулар бузулуп, өндүрүлгөн товарлар жарактан чыгат деген сөз.
Ассоциациянын мүчөсү Любовь Ардаминанын айтуусунда, Кытайда жумушчу күчү кымбат болуп жатканына байланыштуу, көптөгөн эл аралык тармактар кыргызстандык токуучулар менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдиришүүдө. Ал сунушту кабыл алуудан мурда, тор кийим токуучулар туруктуу иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жаткан электр маселесин жөндөө зарылчылыгын ойлонушууда дейт Любовь айым:
- Биз кечээ жакында эл аралык белгилүү аты бар тармак менен сүйлөшүү жүргүздүк. Алар бизге тор кийимдерди токууга буйрутма берип, кызматташууну каалашарын билдиришти. Азырынча алардын сунушуна жооп бере элекпиз, анткени, буйрутманы алган соң, аны жогорку сапатта, тиешелүү өлчөмдө, убагынан кечиктирбей токуу керек да. Бир-эки жолу кечиктирсек, үчүнчү жолу алар бизге кайрылышпайт.
Маалыматка караганда, тор кийим токуучу цехтерде ар бири 35 миң доллардан 150 миң долларга чейинки кымбат баалуу станоктор иштетилет. Бери жагы Түркия, ары жагы Италия, Жапониядан алып келинген заманбап станоктор электр энергиясындагы чыңалуунун азаюусуна да сезимтал келишет. Ошондуктан, бузулуп калуу коркунучу көп дешет токуучулар.
Тор кийим токуган ири цехтердин бири “Ардамины” цехи электр энергиясын “Түндүк электро” ишканасынан алат. Аталган ишканага 30 кВт. гана электр энергиясын колдонууга уруксат берилген. Өндүрүшчүлөрдүн айтуусунда, мындай өлчөмдөгү электр энергиясы менен иштин сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк жок.
"Түндүкэлектр" ишканасы болсо акыркы эки жыл ичинде мурунку жылдарга салыштырмалуу, жарыкты өчүрүү дээрлик болбогонун маалымдоодо. Ишкананын маалымат катчысы Гуля Мураталиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, "акылдуу эсептегичтерди" орнотуу учурунда же кандайдыр бир техникалык авария чыккан мезгилде гана өчүрүлбөсө, негизинен жалпы абал туруктуу:
- Акыркы жарым жылда “Ардамины” ишканасы жайгашкан аймакты тейлеген көмөкчордондун ишинде эч кандай кемчилик болгон эмес. Катталган да эмес. Болгону, 19-январда көмөкчордондун сактагычы (предохранители) күйүп кетип, аны алмаштыруу учурунда гана электр энергиясы өчүрүлгөн. Ал эми 30 кВт. электр энергиясы өндүрүшчү ишканаларга бөлүнгөн чектөө. Себеби, Бишкекте электр энергиясынын кубаттуулугу жетпейт. Өндүрүш ишканалары жайгашкан аймагындагы электр энергиясынын техникалык шартына жараша берилет. Аны көбөйтүү маселеси “Улуттук электр тармактары” ишканасы аркылуу чечилиши керек.
Тор кийим токуучу цехтердин башын бириктирген “Союзтекстиль” ассоциациясынын маалыматы боюнча, жумуш жакшы болуп турган жылдары мамлекеттик бюджетке ар бир цехтен жылына кеминде 5 млн. сом салык түшүп турчу. Акыркы жылдары кризиске байланыштуу өндүрүш кыскарып, киреше да азайып кеткен.