Президент Алмазбек Атамбаевдин жардыгы менен Экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү. Бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү кирген кеңеш Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегияны карайт.
Улуттук кеңешти президент өзү жетектейт. Анын курамында парламент төрагасы, фракция жетекчилери, өкмөт башчы жана финансы-экономика тармагына жакын министрликтердин жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү бар.
Президенттик аппараттын маалыматына караганда, үч айда бир болуп туруучу кеңештин биринчи жыйыны келерки жумада болот. Мына ошондо президент Алмазбек Атамбаев өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча өз программасын жарыялайт дейт президенттик аппараттын финансы-экономика жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова:
- Улуттук кеңештин биринчи жыйынында президент өлкөнү кандай байкап, көрүп жатканын айтууну көздөп жатат. Мамлекет башчысы программа иштеп чыкты. Кыргызстанды экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча жол картасын өзү иштеп чыкты. Азыркы кездеги проблемаларды көрүп, баалап, аткарууга боло турган реалдуу долбоорлорду сунуштагысы келип жатат.
Ахметованын айтымында, президент жол картасында Бажы биримдигине кирүүнү жактайт. Ошондой эле эки-үч багытта өнүгүүнү тандап алып, ошол тарапка бардык каражат мүмкүнчүлүктү жумшоону сунуштайт. Артыкчылык бериле турган тармактар арасында гидроэнергетика жана тоо-кен тармагы бар.
Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариевдин сөзүнө караганда, жаңы стратегияда адам ресурсун өнүктүрүүгө негизги басым жасалат:
- Өнүгүү маселесинде биз биринчи жолу адамды өнүктүрүүгө, адам капиталын өстүрүүгө артыкчылык берип жатабыз. Менин оюмча, президент өзүнүн жол картасын айтып жатканда муну негизги маселе катары койот. Башкача айтканда, туруктуу өнүгүүнүн борборунда адам, Кыргызстандын ар бир жараны болот.
Мурунку мамлекет башчылары учурунда да өлкөнү экономикалык жактан эле эмес, ар тараптуу өнүктүрүү боюнча программалар, стратегиялар түзүлгөн. Маселен, Акаевдин тушунда “Аракет” программасы түзүлгөн, Бакиевдин учурунда да бир канча программалар түзүлгөн. Бирок алардын натыйжасы кандай болгону көпчүлүккө маалым.
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев экономикалык программаны түзүү өкмөттүн милдети экенин эске салат:
- Эми бул өкмөттүн иши. Булар ар ким өз жумушун кылыш керек. Булар кандай экономикалык кеңеш түзүштү? Мен түшүнгөн жокмун. Арасында Акаевдик платформадагылар да жүрөт. Анан булар эмне жумуш кылаары азырынча белгисиз.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сентябрь айынын башында өкмөт башчылыкка шайланып жатканда өкмөттүн программасы жакынкы айларда жарыяланаарын, мына ошондо өкмөттүн структурасында да өзгөрүүлөр болоорун билдирген эле. Эми президент Алмазбек Атамбаевдин экономикалык программасы жарыяланып, Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү мына ошону аткарууга киришери күтүлөт.
Оппозициялык депутат Равшан Жээнбеков президенттин экономикалык маселелерге кийлигишкени Конституцияга каршы келет дейт:
- Президенттин экономика, социалдык маселелерге киришкенге Конституция боюнча укугу жок. Экономика, социалдык тармактагы бардык маселелер өкмөттүн карамагында. Бирок, тилекке каршы, кийинки мезгилде президент бардык маселелерге өзү кирише баштады. Өзгөчө мына Жол картасы, экономикалык стратегия боюнча деп комиссия түздү. Өзүнө тиешеси жок укуктарды тартып алганга аракет жасап жатат.
Равшан Жээнбеков буга чейин президент кадр саясатын монополиялап алганын, авторитардык тенденция күчөп баратканын билдирген эле.