Эл аралык донорлор тендерлерди ачык-айкын өткөрүп, коррупциялык айла-амалдарды азайтыш үчүн кыргыз өкмөтүнө ири өлчөмдөгү акчалай жардам берген.
Бирок адистер мамлекеттик сатып алууда акча кымырып алуунун түркүн-түрдүү айла-амалдарын колдонуу тыйыла электигин белгилешет. Кыргызстан жылына миллиарддаган сомго ар кандай тендер өткөрөт.
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга мамлекеттик сатып алуу системасын өркүндөтүү максатында 1994-жылдан бери эле жардам берип келет. Ошол жылы 100 миң доллар берген, үч жылдан кийин дагы 272 миң доллар, 2003-жылы болсо 346 миң доллар бөлгөн.
Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын Финансы министрлиги 2014-жылы 500 миң долларлык жаңы долбоорго кол койгон. Үч жылга белгиленген долбоор ушул айда аяктады. Каражат негизинен аталган министрликке караштуу Мамлекеттик сатып алуу департаменти менен тендер боюнча арыздарды караган мекеме аралык комиссиянын деңгээлин жогорулатууга, адистерди окутуп даярдоого жумшалган.
Мамлекеттик сатып алуу боюнча доо-арызды текшерген комиссия түзүлгөндөн бери үч миңге жакын кайрылууну карады. Комиссиянын төрагасы Дайыр Жумабаев негизги катачылык сабатсыздыктан улам кетип жатканын айтты:
- Негизи сатып алуучу мамлекеттик мекеме-ишканалардын, тендерге катышкан фирмалардын да билим деңгээлин көтөргөнгө аракет кылышы керек. Мындан үч жыл мурда мыйзам кабыл алынган. Негизги каталар билбестиктин айынан кетип жатат. Эң негизгиси - билим деңгээлин, жоопкерчиликти көтөрүү зарыл.
Эми Финансы министрлиги мамлекеттик сатып алууга байланыштуу арыздарды караган комиссиянын курамын жаңыртып, иштөө тартибин өзгөрткөнү жатат.
Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевдин "Азаттык" радиосуна айтканы боюнча, жаңы жобого ылайык комиссияны министрликке караштуу эксперттик кеңеш тандамакчы:
- Буга чейин комиссиянын 15 мүчөсү болсо, ал комиссияга арыз менен кайрылган тараптын мүчөлөрүнүн баарын аты-жөнүнөн өйдө билчү. Ар кандай сүйлөшүү да болуп кетиши мүмкүн эле. Биз муну жоюу максатында электрондук версияны киргизип жатабыз. Мисалы, берилген арызды ким карарын эч ким билбейт. Аны автоматташтырылган система тандайт жана комиссия чогулбай эле электрондук система менен карап, чечим чыгарат. Биринчи этабында ушундай иш жүргүзүп жатабыз. Убакыт өткөндөн кийин мындан башка да ыкмага өтөбүзбү деп турабыз.
"Азаттык" Башкы прокуратурага былтыркы мамлекеттик сатып алуудагы каржылык мыйзам бузуу, козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат алуу үчүн кайрылды. Бирок жооп ала алган жок.
2016-жылы прокуратура органдары мамлекеттик сатып алуу жөнүндө мыйзамдардын талаптары бузулган учурлар боюнча 660 прокурордук чара көрүү актын түзгөн, бул жалпы актылардын 26,5% түзөт.
Мамлекеттик сатып алууга "Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкерлер кеңеши" көз салып келет. Кеңештин төрайымы Нурипа Муканова тендерге байланыштуу жагдай оңолуп калганын белгиледи. Бирок ал коррупцияга жол ачкан жылчыктар дагы деле жоюла элек деген пикирде.
- Азыр электрондук порталдан ким эмнени канча акчага сатып алары - баары көрүнөт. Сатып алуу системасында тогуз этап бар. Акыркы этабы "келишимди аткаруу" деп аталат. Анан электрондук портал келишим канча суммага түзүлгөнүн, келишим кандай ишке ашырылганын көрсөтпөй жаткан. Биз "ушуну оңдош керек" деп келгенбиз. Былтыртан бери Азия өнүктүрүү банкынын техникалык колдоосу менен ошол жумуш башталган. Бул жерде өтө чоң коррупциялык коркунуч бар. Мисалы, сатып ала турган мекемелер тендерди утуп алган фирмага "силер бизге сатып бергиле, биз силерге акча түшкөндө төлөп беребиз" деп сүйлөшөт. Сатып бере турган компаниялар ошондой тобокелге барат. Өз акчасына сатып алат, бирок кайра ал акчасын ала албай чуркап көпкө чейин жүрөт. Ошол мамлекеттик орган акчасын берем-бербейм деп жатып "откатка" барат. Ошентип "откат" 10-15-20 пайызга чейин жетип жатат.
2016-жылы Мамлекеттик сатып алуу боюнча департамент тендер өткөрүүдө тамгаларды чаташтыруу аркылуу колдонулуп келген коррупциялык айла-амалга бөгөт коюлганын билдирген. Ага чейин электрондук порталда тендерлер тууралуу сынак жарыяланганда айрым сөздөр кирилл-латын тамгалары менен аралаш жазылып, анын негизинде алдын ала жең ичинен макулдашылган, өң-тааныш гана фирмалар утканга мүмкүнчүлүк түзүлөрү аныкталган.
Кыргызстан жыл сайын болжол менен 40 миллиард сомдон ашык акчаны мамлекеттик сатып алууга коротот. Бул жалпы бюджеттин 40 пайызын түзөт.