Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-апрелде өкмөттүн жыйынында материалдык жана материалдык эмес активдерди инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу иштери солгун жүрүп жатканын сынга алды.
2013-жылдагы өкмөттүн узак мөөнөттүү программасына ылайык, бул иштер мындан төрт жыл мурун эле аякташы керек болчу. Өкмөттүн жыйынында инвентаризациялоо тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев маалымат берди. Ал ушул күнгө чейин мамлекеттин 900 миллиард сомдук мүлкү аныкталганын айтты:
«Негизги каражат боюнча сегиз көрсөткүчтү аныктадык. Булар имараттар, курулуштар, жер жана курулуп бүтө элек объекттер. Биз булардын 50 пайызынан ашыгынын баасын аныктап бүттүк. Бизде азыр жаратылыш байлыктары жана баалуу буюмдар калып жатат. Бизде азыр курулуп бүтө элек 376 объект бар экен. Мамлекеттик органдарда 8042 автоунаа бар экен. Биз алардын баарынын базар баасын чыгардык».
Дагы караңыз Өкмөт башчысынын өктөм дымагы2013-жылдагы өкмөттүн программасына ылайык, мамлекеттик мүлктүн эсеп-кысабын алуу 2015-жылы эле толук аякташы керек эле.
Инвентаризация боюнча бардык маалымат камтылган атайын ачык электрондук портал ачууга Дүйнөлүк банк 2014-жылы 684 миң доллар грант берген. Бул долбоор 2016-жылы 31-октябрда аяктаган жана даяр электрондук система кыргыз өкмөтүнө өткөрүлүп берилген, бирок былтыр гана ишке киргизиле баштаган.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн колундагы мүлктүн көлөмү менен баасы тууралуу толук, ишенимдүү маалымат жок болуп жатканын сынга алды:
«Биз канча имарат, курулуш, жер, унаа каражаты жана башка мүлк бар экендигин – мамлекеттик менчиктин баасын билбейбиз. Алардын базар баасын аныктоо керек. Болжол менен кеп 900 миллиард сом жөнүндө болуп жатат. Менчикти баалоонун жыйынтыгы боюнча 1 триллион сомдон ашык сан келип чыгат. Эң башкысы - мисалы, ири объектилердин чыныгы баасын аныктаган соң биз аларга карата экономикалык механизмдерди кыйла натыйжалуу колдоно алабыз. «Айылды башкарабыз, айыл өкмөт болобуз» дегендер өз мүлкүнүн баасын чыгарганга акча таппай отурат».
Инвентаризация маселеси Жогорку Кеңеште бир канча жолу каралган жана парламент бул иштерди 2016-жылдын 1-декабрына чейин бүтүрүүнү өкмөткө тапшырган.
Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешевдин пикиринде, мамлекеттик мүлктүн эсеп-кысабын алууга кайдыгер караган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги каралууга тийиш.
«Маммүлк фонду ар бир министрликке кайрылат, айрымдары көңүл бурат, кээ бири көңүл сыртында калтырат. Өкмөттөн тапшырма болсо деле эч ким аны так аткарбайт. Ошондуктан жоопкерчилик болушу керек. Эгер кимдир-бирөө аткарбаса, анда ал жумуштан кеткидей болушу керек. Экинчиден, Мамлекеттик мүлк фондунда жалаң инвентаризация менен гана алектенген атайын бөлүм болушу керек. Себеби ал жакта да мамлекеттин мүлктүн эсеп-кысабына жооптуу адамдар жок», - деди депутат.
Парламенттеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев болсо мамлекеттик мүлкү тактап-аныктоо иштеринин солгун жүрүп жатканын коррупция менен байланыштырды:
«Мамлекеттин мүлкүн так саноо, аны ижарага берүү, колдонуу боюнча так маалыматтын жоктугу - коррупция менен байланышкан маселе. Мамлекет ээлик кылган көптөгөн компаниялардын мүлкү, активдери натыйжалуу башкарылбай жатат. Мамлекеттин карамагында миллиарддаган каражат бар. Ошонун эсебинен мыйзамсыз кирише таап, эбегейсиз байыгандар бар. Алардын арасында көзөмөлдөөчү органдардын өкүлдөрү бар. Ал тургай уюшма кылмыш топтору да аралашып кеткен учурлар кездешет. Бул өтө орчундуу маселе».
2016-жылы Коопсуздук кеңеши Мамлекеттик мүлк фондундагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча сунуштарды берген. Анда бул мекемедеги сегиз коррупциялык жагдайдын бири деп мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана каттоо жагы аталган эле.