Ишкерлер инвестор болууга чыгынбай турат

Иллюстрация

Эмне үчүн кыргыз ишкерлери өлкөгө инвестиция тарта албай жатышат?

Кыргызстандын экономикасына ички-сырткы инвестицияларды тартуу боюнча өкмөттүн саясаты ишкерге “бейиш” түзө алдыбы? Негизги тоскоолдуктар кайсы? Ишкерлер эмне үчүн аймактарга акча салбайт? Кыргызстанда инвестицияны колдоонун мыйзамдык кепилдиги барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жаш ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директорунун орун басары Айдар Кубанычбеков жана ишкер Элдияр Тентимишов катышты.

“Азаттык”: Айдар мырза, биздин ишкерлерге эмне жетишпей жатат? Билим, тажрыйба же акчасы тартышпы?

Айдар Кубанычбеков: Кыргызстандагы жеке ишкерлердин көз карашы, аракеттери акыркы жылдарга салыштырмалуу өсүп калды. Бул убакка чейин биздеги чон-чоң капиталдар өлкө сыртына чыгып инвестиция кыла турган болсо, азыр Кыргызстандын өзүнө салынып жатат.

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

600 миң доллардан ашык акча сарптаган британиялык инвестор сотто утулган соң, Кыргызстанга акча салган чет элдик ишкерлердин капиталынын кепилдиги тууралу маселе көтөрүлүүдө.

Азыркы ишкерлердин негизги катмары жаш болсо да окуп-чокуп, ички-сырткы инвестициянын сырларын үйрөнүп калышты.

Мисалы, “Бишкек инвестициялык форуму” аркылуу да көп натыйжаларга жетишип жатабыз. Ошол 2015-жылы өткөн биринчи инвестиция форумунда эле 750 миң долларлык инвестиция табылган.

Бизнестеги эң негизги фактор өнөктөшкө ишеним болушу керек, болбосо өнүгүү болбойт. Үй-бүлөдө жаныңдагы өмүрлүк жарыңа ишенбесең ырыс-кешиктүү боло албайсың. Ишенимдин арты менен иштегендин натыйжасы ушул - экинчи инвестициялык форумда 3,5 миллион доллар инвестиция келди, бул дагы чоң өсүш. Бул инвестор бар деген сөз. Аны таап, анан туура нукка буруу керек.

"Азаттык”: Элдияр мырза, инвестициянын келишине “Кыргыз-орус өнүгүү” фонду стимул бере алдыбы? Ишке ашкан кайсы бир ири долбоорлорду айта алабызбы?

Элдияр Тентимишов: Ооба, жардамын тийгизип жатат. Кыргызстанда алардан башка да ишкерликти колдоо боюнча фонддор, кичи насыя компаниялары бар. Алар жаш ишкерлерге көп жардамдарды берип жатышат. Мисалы, Орус-кыргыз фонду насыя бергенден соң бир аз каникул берет, анан кийин эле берген акчасын доолай баштайт. Ортодо кыйналып калган ишкерлер болууда, заводун, бизнесин тарттырган учурлар бар.

Ишкерлерге үмүт берген кыргыз-чех форуму

Ишкерлерге үмүт берген кыргыз-чех форуму

Чехиянын борбору Прага шаарында 15-майда кыргыз-чех бизнес форуму ачылды.

Экинчи жагынан мындай жагдайга ишкерлердин өздөрү да күнөөлүү. Ишти туура эмес баштап алгандар бар. Жерди туура эмес иштетип, сарайын алдырып жибергендер болууда. Ошондон улам ишкерлерди окутуп, үйрөтүү жагын да колго алса деген ойду айтат элем.

“Азаттык”: Айдар мырза, сырттан же ичтен келген инвестициянын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Бишкек, Ош шаарларына, анан Ысык-Көл аймагына келет экен. Башка аймактарга эмне үчүн келбей жатат? Аларда инвесторду тарта турган долбоор жокпу же башка себеби барбы?

Айдар Кубанычбеков: Мен бир жыл Ошто иштеп калдым, ушул маселе боюнча атайын сураштырсак, кызык маселеге туш болдук. Облустарды эске алганда аймактарга беш пайыз эле инвестиция туура келет экен. Көпчүлүк инвестициялар Бишкек менен Чүй облусуна туура келет экен.

Эмне үчүн мындай? Инвестиция биринчи кезекте кайсы жакта инфраструктура болсо ошол жакка келет. Экинчиден, инвестор өзүнүн коопсуздугун эске алып каражат салат экен. Бизде инвестиция боюнча мыйзамдарыбыз да сонун, баарына жагат. Бирок акчасын салып жаңы эле иштей баштаганда жергиликтүү калк менен көйгөй жаралат. Жол жабылмай, техникаларды талкаламай, талап-тоноолор башталганда инвестор өзүнүн коопсуздугун ойлоп кетип калып жатпайбы. “Акча тынчтыкты сүйөт” деп коюшат, инвестор келиши үчүн биринчи кезекте тынчтык, туруктуулук керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз ишкери өлкөгө инвестиция салып жатабы?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.