Жергиликтүү тургундар жер кыртышын бузуп, экологиялык коопсуздукка коркунуч келип жаткандыгын айтып чыгышкан.
Жер кыртышын кыйраткан чалгындоо
Өткөн жумада Таластагы Арал айылында жайгашкан “Коппер Голд” компаниясына таандык лагерди жергиликтүү тургундар өрттөп жиберишкен. Аталган компания 2005-жылдан бери Таластагы Талды-Булак аймагында алтын кендерин чалгындоо иштерин жүргүзүп келе жаткан. Буга чейин жергиликтүү коомчулук аталган компаниянын ишин токтотуу талабы менен чыгышкан эле. Алардын жүйөөсүндө, алтын кендерин чалгындоонун айынан Талды-Булак аймагындагы жүз элүү гектардан ашуун жайыт жана чөп орунду жер жабыркаган.
Ырысбек Айдаралиев атындагы айылдык кеңештин төрагасы Ормош Курманаевдун айтымында, алтын кенин чалгындоочу компания алган милдеттемелеринин бирин дагы аткарган эмес:
- Ал компания келип алып жардын баарын талкалап, жайыттардын кыртышын бузуп, чөп орунду жерлерибизди казып салышты. Анан ошол боюнча кайрадан оңдоп-түздөп койбой кетип жатышат. Жолдордун нугун бузушуп, жүрө турган болбой калды. Бул кылган кылыктарына алар эч кандай жооп беришкен эмес. Мына ушунун бардыгы келишимде каралгандан кийин алар аткарышы керек да. Анан алар элди тоготпой жогору жак менен сүйлөшүп койгонбуз деп турушкандыгы каны кызуу балдарды кыжырдантса керек. Бардыгын акча менен чечип коюп, өзүбүз билгенди кылабыз деген обу жок мамиледен улам ушундай болуп жатат.
Мындан сырткары жергиликтүү коомчулук алтын кенинин калк жашаган аймакка жакындыгына тынчсызданышат. Ошоле эле учурда чалгындоо иштеринин жүрүшүндө техникалык жана экологиялык коопсуздук чараларынын сакталбай жаткандыгы Арал айылынын тургундарын бушайман кылган.
Бир айылда жашап эки бөлүнгөн эл
Мындан сырткары андагы алтын кенин ачуу маселесинде айыл тургундары экиге бөлүнүп калган.
“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмунун Талас облусу боюнча өкүлү Шамиль Мурат буга компаниянын жергиликтүү элге карата бир жактуу мамилеси себеп болду деп эсептейт:
- Анын себеби былтыр күздө алар айылдын калкынын 20-30 пайызына 200 тонна көмүр түшүрүп беришиптир. Анан аларга элүү миң сомдон үстөксүз насыя жана башка гуманитардык жардам көрсөтүшкөн экен. Мындай мамиле аны албай калган айыл калкынын көпчүлүгүнүн кыжырын келтирген. Негизи элдин көбү эле алтын кенинин ачылышына каршы болуп турушкан. Алар айрымдарды жанагинтип алдап, бөлүп-жаргандан улам, азыр айылда көз караштары эки башка болуп уруша кетишкен бир туугандар бири-биринин үйүнө киришпей калган учурлар болуп жатат.
Унчукпоо да “саясатпы”?...
“Талас Copper Gold” компаниясынын Бишкектеги баш кеңсесинин жетекчиси Владимир Морозов бул чатактын айланасындагы маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Ошол эле учурда жаратылыш ресурстары министрлигинен да бул боюнча маалымат бере алышпай тургандыктарын белгилешти.
Кыргызстан тоо-кенчилер биримдигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев болсо, алтын кенин чалгындоочулар менен коомчулуктун ортосундагы келишпестиктин себептерин постреволюциялык синдром менен байланыштырды:
- Бул биздин өкмөттүн алсыздыгы. Анткени алар эл менен дагы, анан жанагы компания менен дагы иштешкен эмес. Муну өндүрүштүк анархия деп койот. Ошол алтын кени жайгашкан айылдарда адамдар топтолушуп алышып эле тигил компаниянын өкүлдөрүнөн акча талап кылышып, беришпесе жабыласыңар деген ач-айкырык куу сүрөөн кылган учурлар да бар экен. Мамлекет айтыш керек да мындай болбойт деп. Тилекке каршы ушундай абалда инвесторлор качат да.
Жакында жаратылыш ресурстары министрлиги кен байлыктарын чалгындоого жана казып иштетүүгө уруксат алышкан беш жүзгө жакын компаниянын ишин караганы жатат. Бирок уруксатнаамеси жокко чыгарыла тургандардын тизмесинде “Талас Copper Gold” компаниясы жок экендиги байкалган. 1987-жылы Талас районундагы Талды-Булак аймагында алтындын ири запасы бар экендиги аныкталган.
Таласта жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү алтын кенин чалгындоочу “Коппер голд” компаниясынын ишин токтотуу талабы менен чыгышууда.