Тышкы карызды чектөө зарылбы?

Жогорку Кеңеште тышкы карыздарды чектөө демилгеси көтөрүлүп, бирок өкмөттөн, айрым депутаттардан колдоо таба албай жатат. Долбоордун демилгечиси сунушун мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы менен негиздөөдө.
15-ноябрдагы парламент сессиясында талкууланып, добуш берүүгө жиберилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” бул мыйзам долбоорун “Республика” фракциясынан депутат Роза Акназарова иштеп чыккан.

Ал Кыргызстан алып жаткан тышкы карызга ички дүң продукциясынын ченеминен 50 пайыздык чек киргизүүнү сунуш кылып жатат. Ошондой эле тышкы консультанттарга да 5 пайыздык чек киргизүү сунушталууда. Депутат өз демилгесин мамлекеттик коопсуздукту сактоо, ал үчүн өкмөттү ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга мажбурлоо жана бекерге тап маанайдан куткаруу максаты менен негиздөөдө.

Акназарованын келтирген жүйөлөрүнө караганда, өкмөт азыр кредиттерди социалдык тармактар үчүн көп алып, экономикалык долбоорлор ишке ашпай, кредиттер өзүн өзү кайтаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат. Ага жараша республикалык бюджеттин 35 пайызы тышкы карызды жапканга кетип калууда. Ошондуктан өкмөт тышкы карызды чектеп, ички мүмкүнчүлүктү пайдаланбаса, карыз басты болуп, дефолтко түшүп калат деп чочулайт дейт депутат:

- Бул өкмөттүн бүгүнкү көйгөйлүү маселеси. Кантип көмүскө экономиканы ачыкка алып чыгабыз, ички дүн продукцияны көтөрөбүз, коррупцияны кантип жоготобуз деп. Азыр ишканалардын бардыгы бухгалтердик кош эсеп жүргүзөт. Ошонун баарын жоготсок ички дүң продукция канча эсеге көбөйөт.

Депутат Марат Султановдун пикиринде, тескерисинче, дал ушул чектөө дефолтко түшүрүп коюшу ыктымал. Анткени Кыргызстандын шартында ички карыздын үстөгү тышкы карыздан алда канча кымбат, өлчөмү аз жана мөөнөтү өтө кыска, тейлөө оор:

- Ички базардагы карыз көбөйүп кетсе, ал кайра бөлүштүрүүгө алып барат. Менчик сектор үчүн пайыздык ченем жогорулайт, себеби ресурс калбай калат. Бул экономиканын өсүшүнө бут тосот.

Ошондуктан депутат тышкы же ички карыз деп бөлүп отурбай, жалпы эле карыздын өлчөмү ички дүң продукциянын ченеминен ашпасын деген чекти киргизүүнү жактайт.

Өкмөт болсо бул долбоорду парламент колдой турган болсо мамлекет жана өкмөт тыштан каражат алуу таянычтарынан ажырап каларын эскертүүдө. Анын себебин каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев минтип түшүндүрдү:

- Себеби, мисалы, быйыл биз Кытайдан энергетика коопсуздугуна байланыштуу 389 миллион доллар карыз алдык. Ушундай мезгилдерде карыздын ички дүң продукцияга катышы көбөйүп кетиши мүмкүн. Бирок кийинки жылдары азайып калышы мүмкүн. Ошондуктан өкмөттүн сунушу: мындай инструменттерди “Республикалык бюджет жөнүндөгү” жылда бекиткен мыйзамга, жылда макулдашып алып келген кредит боюнча жазылганы жакшы.

Министрдин орун басары ошондой эле бул долбоор учурда иштелип, фракцияларда талкууланып жаткан Бюджет кодексинин долбооруна интеграцияланып, күчүн жоготот деп ишендирди.

Долбоорду жактаган депутат Дастан Бекешов ченемсиз өсүп жаткан тышкы карызды ушул жол аркылуу гана ооздуктоого болот деп эсептейт:

- Парламент шайланып келген кезде тышкы карыз 2 млрд. 800 миң болчу. Азыр 3 млрд. 200 миңге жетти. Өкмөт 2013-жылы бюджет таңсыктыгын жабыш үчүн дагы толтура карыз алат. Ошондуктан бул мыйзам керек.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда быйылкы бюджет таңсыктыгы 21 миллиард сомдон ашса, келерки жылкы бюджет таңсыктыгы 17 миллиард сомго жакын болору болжолдонууда. Учурда тышкы карыз ички дүң продукциянын 47,8 пайызын, ички карыз 5 пайызын түзөт. Башкача айтканда жалпы карыз - 3млрд. 278 миллион доллар болсо, анын 269 миллиону ички карыз.