Жемкорлуктун түбүнө чекисттер жетеби?

Кыргызстандын экономикасы жемкорлуктун айынан жылына 20 миллиард сом чыгашага учурайт. Бул өлкө бюджетинин дээрлик төрттөн бирин түзөт.
Бул тууралуу 6-декабрда Бишкектеги тегерек үстөлдө айтылды. Ушул эле жыйында Улуттук коопсуздук комитетинин алдында коррупцияга каршы күрөшүү органы түзүлөрү белгилүү болду.

“2012-2014-жылдарга коррупция менен күрөшүү планы жана аны ишке ашыруу” маселеси ЕККУнун Бишкектеги академиясында 6-декабрда өткөн тегерек үстөлдө талкууланды.

Ага катышкан Улуттук коопсуздук комитетинин төрагалыгына жаңы гана дайындалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов президент ага УКМКнын алдында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мекеме түзүүнү тапшырганын билдирди. Тапшырманын негизинде жаңы мекеме түзүүнүн жол-жобосу иштелип чыгып, президентке жөнөтүлмөкчү.

Шамил Атаханов

Атаханов тегерек үстөлдө сүйлөгөн сөзүндө коррупция мамлекеттин органдардын баарын чулгап алганын белгиледи:

- Коррупция көмүр сатып алууда, электр энергетикада жана көптөгөн тармактарда бар. Энергетика тармагында али күнчө белгилүү боло элек коррупциялык системалар бар. Бул айдан-ачык нерсе. Бирок аларды али табыша элек. Анткени коррупция менен күрөшүп, жалпы ишти алып барган орган жок болууда.

Шамил Атаханов жемкорлуктун айынан өлкө казынасы жылына 20 миллиард сом зыянга учурап жатканын кошумчалады. Бул мамлекеттик бюджеттин төрттөн бирин түзөт.

Чабал мыйзамдар, көнүмүш схемалар

Деген менен чабал мыйзамдык базалар менен коррупцияга каршы күрөштөн майнап чыгарынан күмөн санагандар да бар. Талдоочулардын айтымында, мурдагы бийликтердин тушунда да коррупция менен күрөшкөн мекемелер болгон, бирок жемкорлук азайган эмес, тескерисинче көбөйүп келүүдө.

Коомдук иликтөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартова оболу мыйзамдагы кемчиликтерди жою керек деп эсептейт.

- Көп нерсе мыйзамга жараша болот. Эгер мыйзамдагы коррупциялык элементтерди алып салсак, көп коррупция ошол жактан эле жоголмок. Мисалы, азыр кабыл алынып жаткан сот тармагындагы мыйзамдарды алсак, анда да жемсөөлүктүн элементтери бар.

Бир нече жыл илгери коррупция менен күрөшүү максатында мамлекеттик сатып алууларда милдеттүү түрдө тендер өткөрүү эрежеси киргизилген. Бирок ушул тапта эң чоң коррупциялык схемалар тендер өткөрүүдө болуп жатканы айтылууда. Энергетика маселелери боюнча серепчи Расул Умбеталиев:

- Эң күчтүү коррупция мамлекеттик сатып алууларда болуп жатат. Ошол жерде коррупциянын схемалары бар. Эл ачык-айкын болсун деп айтып келатат. Президент да канча жолу айтып, бирок эч бир өзгөрүү болгон жок. Тендер өткөргөндө өздөрүнүн фирмалары менен сүйлөшүп алып эле иштеп келатышат. Көптөгөн кемчиликтердин баары ушул жерде.

“УКМК терроризм менен күрөшсүн”

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков коррупция менен күрөшүүчү мекеменин Улуттук коопсуздук кызматынын карамагында түзүлүп жатышы атайын кызматтын өз милдеттеринен четтеп, экономикага кийлигишүүсүн күчөтөт деп эсептөөдө:

Равшан Жээнбеков

- Жалпысынан күрөшүү туура. Бирок мен УКМКнын алдында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет түзөбүз дегенге макул эмесмин. Тескерисинче, биз колубуздан келсе, УКМКнын милдеттерин чектеп, алардын өлкө экономикасына жана мамлекеттин ички турмушуна кийлигишүүсүн азайтышыбыз керек.

Алар контрчалгындоо, терроризм жана экстремизмге каршы иштеши керек. Ансыз да дөөдөй болгон УКМКга ички коррупция менен күрөшүү функцияларын берип койо турган болсок, анда абалыбыз келечекте бир топ кыйын болуп калат.


Эл аралык уюмдардын баасында да Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турат. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 1-декабрда ант берүү аземи учурунда жемкорлук менен күрөшүүнү убада кылган. Бирок адистер биринчи кезекте саясий эрк болбосо, кандай гана күрөштөр болбосун максатына жетеринен күмөн санашууда.