Ажыкулов: Сом үмүттү актады

Темир Ажыкулов

10-майда улуттук валюта - сом 24 жашка толду. Бул аралыкта сомдун коргонуу элементтери бир нече жолу күчөтүлүп, улам жаңы банкноттор пайда болду. Сапаты, куну кандай болду? "Азаттык" радиосуна ЖИА Бизнес биримдигинин төрагасы, экономист Темир Ажыкулов маек берди.

"Азаттык": Темир мырза, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчи болуп улуттук валютасын киргизди эле. Сом ошондогу үмүттү, ишеничти канчалык деңгээлде актады деп айта аласызбы?

Ажыкулов: Эгемен өлкө болуп бөлүнгөндөн кийин өзүбүздүн улуттук валютабыздын кириши - ошол мезгилдеги эң кубанычтуу окуя болгон. Мурдагы союздук республикалардын ичинен, Борбор Азия аймагынан биринчилерден болуп, улуттук валютабызды иштетип баштаганыбыз чоң сыймык! Анткени, улуттук валюта деле желек, гимн, герб сыяктуу эгемендиктин бир символу. Ал эми сомубуздун куну 24 жыл ичинде бирде өсүп, бирде төмөндөп, өйдө-төмөн болуп келгени - кадыресе көрүнүш. Бул экономикалык көрсөткүч болуп эсептелет. Кыргыз сому үмүттөрдү актады, өлкө экономикасындагы орду аябай чоң деп эсептейм.

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

"Азаттык": Сомдун сапатына түрдүү сын-пикирлер арбын эле. Өзгөчө, коргонуу элементтери жетишсиз, кадимки кагаз сыяктуу деген сөздөр көп айтылчу. Бирок соңку жылдары сомдун коргонуу элементтери бир нече жолу күчөтүлдү. Азыркы учурдагы сапатына кандай баа бересиз? Доллар, еврого чейин эле коңшулаш казактардын теңгесинин, орустардын рублинин алдында...

Ажыкулов: Технология өнүккөн сайын биздин сомубуздун, кагазыбыздын да сапаты жакшырды деп эсептейм. Албетте долларга же еврого салыштырмалуу жакшы деп айта албайбыз. Бирок биз мунун үстүнөн иштешибиз керек. 24 жылдан бери канча жолу жаңыладык, канча жолу эмиссия кылдык, ошол жаңыланган сайын биз сапатына көңүл бөлүшүбүз керек. Сапат ар бир баскан, ар бир чыгарган сомубуздун баасына жараша болот. Экономикабыз күчтүү, бекем болгон кезде буга көбүрөөк маани берсек, бекемдесек болот. Азыркы учурда сомубуздун сапаты башка айрым өлкөлөрдүн улуттук валютасына караганда дурус деп ойлойм.

"Азаттык": Темир мырза, 2005-жылдан кийин жүгүртүүгө 1, 3, 5, 10 сомдук металл акча же тыйындар кирди. Айрым эксперттер муну учурунда сомдун бекемделүүсү катары сыпатташкан. Металл акча кагазга окшоп бат жок болбойт, тез-тез чыгарып турууну талап кылбайт деген сөздөр айтылган?

Биздин жакынкы коңшуларыбызда деле майда номиналдагы акча жүгүртүүдө жок. Бирок тыйындын сапаты дагы жакшыртууну талап кылат.

Ажыкулов: Эң аз номиналдагы 1, 3, 5, 10 сомдук металл акчанын жүгүртүүгө киргизилгени, алардын дагы деле пайдаланууда бар экени - биздин сомдун бекемдигинен кабар берет. Эгерде сомдун куну өтө төмөн болсо, биз мындай номиналдагы акчаны жүгүртө алмак эмеспиз. Биздин жакынкы коңшуларыбызда деле мындай майда номиналдагы акча жүгүртүүдө жок. Бирок тыйындын сапаты дагы жакшыртууну талап кылат. "Эмне үчүн биз улуттук валютабызды өзүбүздө басып чыгара албайбыз?" деген суроолор да көп айтылат. Ал үчүн жогорку технологиялык жабдуулар керек.

"Азаттык": Сомдун куну тууралуу сөз кылсак, башында 1 АКШ долларына 4 сом туура келчү. Азыр 67 сомдун айланасында. Өткөн жылы 1 АКШ долларынын баасы 75 сомго чыккан. Биздин сомдун күчтүү валюталарга караганда арзан же кымбат болгону өлкөнүн экономикасы үчүн пайдалуубу?

Ажыкулов: Биздин сом деле бир товар. Биздин экономикадагы суроо-талап, өзгөрүүлөр, өндүрүш, товар алмашуу процесси. Эң маанилүүсү биздин Улуттук банктагы алтын жана башка валюта резервдери сомдун салмагын белгилейт. Ошолордун баары сомдун баасы. Канчалык экономикабыз күчтөнүп, башка өлкөлөр менен соода алмашуубуз көбөйсө, бизге сырттан башка валюталар келип резервдер көбөйсө, албетте, сомубуз да күчтөнөт.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

"Азаттыктын" архиви: 17-август, 2016-жыл

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эгемендик -25: Экономикадагы оош-кыйыштар (6-чыгарылыш)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.