Бюджеттин аткарылбай калышынын негизги себептери кайсы? Эмне үчүн казынага 6 млрд. сомдон ашык киреше түшпөй калган? Өлкө казынасын көбөйтүүнүн жолдору кайда?
«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Улан Примов жана финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков катышты.
«Азаттык»: - Улан мырза, Жогорку Кеңеш 2018-жылдагы бюджеттин аткарылышын карап, 2019-жылга карата алымча-кошумчаларды киргизүүдө. Жалпылап айтканда кыргыз өкмөтүнүн бюджетти толтуруу жана аткаруу ишине кандай баа берүүгө болот?
Улан Примов: - Бюджет кодексинин талабына ылайык, Жогорку Кеңеш 1-декабрга чейин мыйзамды кабыл алып беришибиз керек. Ошого байланыштуу парламентте азыр кызуу талкуу уланууда.
Бюджеттин киреше булагын толтурууда ар дайым маселелер болуп келген. Негизги түйшүк салык жана бажы тармагында. 2019-жылдын бюджети боюнча айтсак 6 миллиард сомдон ашык киреше топтолбой калуу коркунучу бар. Ал өксүктөрдү сырттан келе турган грант жана башка жардамдын эсебинен толтуруу аракети болуп жатат. Ошонун эсебинен бюджеттин дээрлик бардык параметрлери аткарылчудай.
Дегеле киреше булагын толтурууда кыйынчылыктар көп. Чыгаша жагын көбөйткөнүбүз менен бүтпөгөн социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар ж.б. калып калып атат. 270 миңден ашык адам минималдуу керектөөдөн аз пенсия алат, бул да бюджет үчүн чоң жүк.
«Азаттык»: - Улукбек мырза, 2018-2019-жылдардагы бюджеттик милдеттердин аткарылбай калышынын себебин сиз эмнеден көрөсүз?
Улукбек Кармышаков: - Тилекке каршы, 2018-жылы бюджеттин киреше бөлүгүнө 5,5 миллиарддан ашык сом түшпөй калды. Ал негизинен салыктан жана бажы алымдардан түшүшү керек болчу. Ага негизинен биздеги көмүскө экономика жана чек арадагы аткезчиликтин күчөшү себеп болуп жатат.
Мындан сырткары бюджетти толтурууга тиешеси бар мамлекеттик органдардын жеткиликтүү иш алып барбаганы кедергисин тийгизүүдө. Ошого карабай өкмөт өз алдына койгон социалдык милдеттенмелеринин баарын аткарды. Булар: бюджеттеги корголгон беренелер, социалдык төлөмдөр, пенсиялар, жөлөкпулдар жана чет элдик карызыбыз убагында төлөндү. Ошондой эле чет элден келген гранттар жана башка жардам да бюджетти толтурууга оң таасир тийгизди.
«Азаттык»: - Улан мырза, 2020-жылдын бюджетинде мурдагы жылдарга салыштырганда кандай өзгөчөлүктөр болгону жатат?
Улан Примов: - Сан менен айтсак, 2020-жылкы бюджеттин киреше бөлүгү 155 миллиард сомдон ашык болуп, чыгаша бөлүгү 166 миллиард сомду түзгөнү жатат, ортодогу бюджеттин таңкыстыгы 10 миллиард сомго жакын болгону турат. Келерки жылы макроэкономикалык көрсөткүчтөр 4% тегерегинде болот деген божомолдор бар.
2020-жылдагы бюджетте аймактарды өнүктүрүүгө багытталган программаларды каржылоого басым жасалып жатат. 2019-жылдын бюджетинде бул максатта 2 миллиард сом каралган болсо, 2020-жылы бул сумма 6 миллиард сомго чейин көбөйгөнү турат.
Өкүнүчтүүсү - ушул бөлүнгөн суммалар керектүү долбоолорду убагында каржылоого жетише албай жатканы. Мисалы, 2019-жылга бөлүнгөн 2 миллиард сомду өкмөт толук өздөштүрүп, убагында бөлүп бере алган жок. Өкмөт ыкчамыраак иштегенде долбоорлор өз натыйжасын бермек. «2020-жылы каралган акчаны да тез чечип бергиле» деп өкмөттөн талап кылып жатабыз.
Дагы караңыз Арышы жайлаган улуттук долбоорлорУлукбек Кармышаков: - Тилекке каршы, жооптуу министрликтер, мекемелер тиешелүү жоболор менен документтерди өз убагында бүтүрбөгөндүктөн ошол бөлүнгөн 2 миллиард сом тийиштүү долбоорлорду каржылоого кечигип тийип калды. Азыр ал сумманын 500 миллиону гана өздөштүрүлүүдө.
Ошого карабай бизден бөлүнгөн капиталдык салымдар, дем берүүчү гранттар, башка инвестициялык долбоорлордун көбү аймактарды өнүктүрүүгө багытталууда. Ошол эле жолдорго, чек арага жакын жайгашкан аймактарда салынып жаткан объектилерге, өзгөчө Баткен обусуна каражаттар убагында бөлүндү.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)