Тиешелүү мамлекеттик органдардын макулдугу менен биринчи партияны алып чыгып кеткен бул кытайлык компания көлөмү 1800 тонналык кошулманын экинчи партиясын ташып кетүүгө уруксат сураган.
Бул тууралуу билдирген өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов аталган компания алтын тазалоочу фабрикасы бар экенине карабастан, кошулманы өлкөдөн чыгарып жатканын иликтөө үчүн укук коргоо органдарына кайрылды. Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары бул жагдайды бири-бирине оодарышууда.
Талды-Булак Сол жээк алтын кениндеги иш менен таанышууга барган өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов алтын кошулмасы эмне себептен Кытайга ташылып, ошол жактан тазаланып жатканына кызыкты. Анткени “Алтынкен” компаниясы Кеминдин Орловка шаарчасына алтын тазалоочу фабрика курган. Бактыбек Кудайбергеновдун айтымында, компаниянын алтын кошулмасын Кытайга ташып чыгып жатканы шек туудурган.
Өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлү Кудайбергенов бул жагдайды иликтөө үчүн укук коргоо органдарына кайрылганын айтты:
- Бардык шарттары бар алтын тазалоочу фабрика курулган да. Ошол жерден эле алтынды тазалап албай аны Кытайга ташып жатканы таңкалычтуу. Бул мамлекетке пайдасы тие турган ишкана болобу же жокпу деген маселе турат. Муну биздин тиешелүү мамлекеттик органдар көзөмөлдөшү керек эле. Алтын кошулмасынын биринчи партиясын чыгарууга бийлик органдары уруксат берип жатпайбы. Азыр болсо экинчи партиясын чыгарып кетүү үчүн чуркап жүрүшөт.
Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Талды-Булак Сол жээк алтын кенинин изилденген запасы 77 тоннадан ашуун. 2006-жылы “Алтынкен” компаниясы түзүлгөн.
Мыйзамдык негизде алтын кошулмасын Кыргызстандан чыгарууга тыюу салган жобону парламент аркылуу киргизип, бекитүү керек. Мына ошондо гана көзөмөл болот.Азис Сапаралиев
Кытайлык “Цзыцзинь” компаниясы өзүнүн «Суберб Пасифик лимитед» ишканасы аркылуу 2011-жылы “Алтынкен” ишканасынын 60 пайыз үлүшүн сатып алган. Калган 40 пайызы “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасына караштуу. Кытай тарап кенди иштетүүгө 188 миллион юан инвестиция киргизүүнү убада кылган. Алтынды тазалоо фабрикасы былтыр ишке берилген. Бирок компания андан баштапкы үлгүсүн гана чыгарып, 1170 тоннадан ашуун алтын кошулмасынын алгачкы партиясын Кытайга ташыган. Бул алтын кошулмасы ал жактан тазалоодон өткөрүлгөнү жакында гана белгилүү болду.
Геология, минералдык ресурстар жана өнөр-жай комитетинин төрага орун басары Азис Сапаралиев ага кандайча уруксат берилгенине токтолду:
- Алтын кошулмасын чек арадан чыгарууга уруксатты биздин Геология боюнча мамлекеттик мекеме бербейт. Мындай уруксатты Экономика министрлигинен беришет. Ошондуктан бул боюнча суроолорду мына ошол жакка багыттоо керек. Анан эми мыйзамсыз түрдө ташылган (жасалма мыйзамдаштыруу аркылуу) алтын кошулмасы жок деп айта албайбыз. Ал үчүн мыйзамдык негизде алтын кошулмасын Кыргызстандан чыгарууга тыюу салган жобону парламент аркылуу киргизип, бекитүү керек. Мына ошондо гана көзөмөл болот.
Буга чейин мамлекеттик органдардын функционалдык милдеттерин караган жобого ылайык, алтын кошулмасын сыртка чыгарууга уруксат берүү Экономика министрлигине караштуу болчу. Ошондой эле бул үчүн Геология, минералдык ресурстар агенттиги жана Каржы министрлиги макулдук берүүгө тийиш эле. Бирок мына ошол 1170 тонна алтын кошулмасын чыгарып кетүүгө уруксат бергендиги үчүн негизги жоопкерчилик кайсы органда экени азырынча белгисиз бойдон турат.
Экономика министринин орун басары Азамат Түмөнбаев бул үчүн жоопкерчиликти кайра агенттиктин өзүнө оодарды:
- Бул маселе боюнча жаңыдан ыйгарым укуктары кошулган Геология комитети тактап айтып бере алат. Жаратылыш ресурстарын башкаруу укугу бизде мурда бар болчу. Бирок ал өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, бизден алынып, тигил комитетке берилди. Ошол жакка кайрылсаңыздар жакшы болот. Менин билишимче бизде алтын кошулмасын тазалоо үчүн талапка жооп берген фабрика жок, ошондуктан Кытайга же Казакстанга алтын кошулмасын чыгарып, ал жактан кайра иштетилип турган.
Жакында эле кен иштеткен компания 1800 тонна алтын кошулмасын чыгарууга уруксат сураган. “Алтынкен” компаниясынын башкы директорунун орун басары Вэн Яфен алтын кошулмасын Кытайга ташуунун себебин жергиликтүү шартта аны тазалап алуунун начардыгы менен түшүндүргөн. Буга чейин “Алтынкен” ишканасы расмий түрдө 600 килограмм алтын өндүргөн. Жыл аягына чейин дагы 200 килограмм алтын өндүрүлө турганы белгиленди. Ошондо өндүрүлгөн 800 килограмм алтындын наркы азыркы баасы менен эсептегенде 35 миллион долларга барабар.