Кумтөрдөгү аргасыздыктын алты жылы

Кумтөр.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кумтөр боюнча Эл аралык арбитражда кыргыз тараптын утулуу коркунучунан улам өкмөт «Центерра» менен стратегиялык макулдашууга барууга аргасыз болгонун моюнга алды.

Бирок анын шарттары мурдагыга караганда бир топ жакшырып, төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйгөнүн айткан Кубатбек Боронов экологиялык коопсуздук менен катар эле экономикалык маселе бар экенин белгиледи.

Ал эми парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасы комитетинде суу менен мөңгүнүн ордун толтуруу жана коруктун айрым бир жеринин кен казуучу аймакка кирип кеткени боюнча маселелер көтөрүлдү.

Аткарылбаган токтомдор

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасы комитетинде «Кумтөр» алтын кен долбоору боюнча буга чейинки токтомдордун аткарылышы жана «Центерра» менен стратегиялык макулдашууну күчүнө киргизүү шарттары тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду.

Комитеттин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев стратегиялык макулдашууда «Кумтөрдү» суу менен мөңгүнүн ордун толтурууга жана алтынды жер астынан казууга милдеттендирүү боюнча мурда коюлган талаптар аткарылбай калганын эске салды:

Кожобек Рыспаев.

«2019-жылы 25-июнда биз бул маселени жабык караганда «Кумтөр» кен казуу ишинде сууну пайдаланганы үчүн акча төлөшү боюнча чечим кабыл алып бергенбиз. Сууну пайдалануу акысын эмнеге төлөтө албайбыз? «Ошону сүйлөшкүлө» деген талап болгон. Кен иштеткен жерлерде мөңгүлөр бузулду. Эмнеге анын зыянын ордуна койдуруп, төлөтө албайбыз? Кенди жер астынан каздыруу милдети мурдагы токтомдорго кирген. «Ошонун баарын кошуп туруп, анан алып келгиле» дегенбиз. Бирок алар азыр жок. Суу кодекси кабыл алынгандан кийин сууну пайдалануу акысы төлөнүшү зарыл. Азыр «Кумтөр» өтө чоң көлөмдө сууну пайдаланып келе жатат. Бирок ага төлөбөйт. Сууну пайдалануу акысын бекитип берүү зарыл. Анан алар мөңгүлөрдү ордунан жылдырып, башка жакка ташып жатышат. Биз болсо ошого ыраазы болуп жүрөбүз. Бирок мөңгүнү ордунан жылдырганы үчүн да келтирилген зыяндын ордун төлөтүп алышыбыз абзел. Бирок өкмөт азыр «ошол парламент мурда кабыл алган сегиз токтом актуалдуулугун жоготту» деген негизде «көзөмөлдөн алып койгула» дейт. Бирок биз ага каршы болдук».

Дагы караңыз Атагынан чатагы көп алтын кендери

Ал эми өкмөт башчынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов 2017-жылы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон стратегиялык макулдашуунун мазмуну өзгөрбөгөнүн айтып, анда кошумча шарттар жана кыргыз тарап өзүнө алган кошумча милдеттенмелер жок экенин белгиледи.

Аргасыздыктын акыркы жылы

Кубатбек Боронов макулдашуудагы жакшыртылган жагдай катары 2026-жылга чейин төлөнө турган төлөмдөрдүн өлчөмү 87 млн. доллардан 150 млн. долларга көтөрүлгөнүн кошумчалады. Ал кыргыз тараптын Эл аралык арбитраждан утулуу коркунучу көп болгондуктан өкмөт ушул келишимге барууга аргасыз болгонун айтты:

Кубатбек Боронов.

«Биз Эл аралык арбитражда утулуп калгыдай коркунуч көп болгондуктан стратегиялык макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө барганбыз. Эгерде биз 1992-жылы ээрге кыйшык отурбасак, мүмкүн азыркыдай маселе чыкмак эмес. Макулдашуунун шарттары боюнча 2009-жылы конституциялык корутунду менен мыйзамды бекитип албасак, анда азыркыдай маселе болбойт эле. 2009-жылы бекитилген макулдашуудан кетүүгө такыр мүмкүн эмес болгондуктан биз айла жок ошого бардык. Ал тараптын тобокелдигинен да биздин тобокелдик жогору болуп, Эл аралык арбитраждан өтпөй, андан да жеңилип, өзүбүз койгон доого өзүбүз акча төлөп калбаш үчүн, айла жок стратегиялык макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Экономиканы да көтөрүш керек. Аркарды эле карап отуруп ачка калсак, анда биз ошол аркарларды атып жеп алабыз».

Чалкеш макулдашуулар

Кубатбек Боронов Кумтөрдү иштетүүгө 26,660 гектар жер аянты 1997-жылы эле берилип, 2009-жылдагы концессиялык макулдашууда бекитилгени тууралуу жаңы маалымат менен бөлүштү. Бирок ал эмне болгон макулдашуу экенин чечмелеп берген жок. Буга чейин 1994-жылы берилген 10 070 гектар жердин мөөнөтү 2009-жылы бүтүп, аны узартуу маселеси турган.

2009-жылдагы концессиялык макулдашуунун алкагында ага кошумча 16 миң 330 гектар жер аянтын кен казууга берүү боюнча ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновдун токтому чыгып, бирок ал 2012-жылы жокко чыкканы белгилүү болчу. Бул тууралуу Кумтөр маселесин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусунда да баяндалган.

Дагы караңыз Алимбеков: 2009-жылдагы келишимдин шартын аткардык

Жогорку Кеңештин депутаты Абылкайыр Узакбаев кабыл алынган документтерден баш адашып калганын айтты:

Абылкайыр Узакбаев.

«Азыр кийинки келген өкмөттөр мурдагы өкмөт кабыл алган токтомдорду кантип жокко чыгара ала турганын элге түшүндүрүп бере алабызбы? Анткени мурдагы өкмөт кеткени менен анын укуктук мураскери катары кийинки келген өкмөт анын алган чечимдерин, милдеттерин аткарышы керек эле да! Азыр эми 1997-жылы эле 26 миң 660 гектар жер берилген деп жатасыздар. Андан кийин концессиялык макулдашууда 2009-жылы берилген 26 миң гектар тууралуу бул жерде кеп болуп жатат. Анда 1997-жылдагы жана 2009-жылдагы макулдашуулардын бири-биринен айырмасы кандай? Өкмөттө бирдиктүү бир эле документ болушу керек да».

Коңулда калган коруктун жери

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков 2009-жылы 5-июнда ошол учурдагы премьер-министр Игор Чудиновдун колу коюлган токтом менен Кумтөрдүн жанындагы «Сары-Чат-Ээр-Таш» коругунун чек арасы өзгөрүп, 3480 гектар жер кен казууга ажыратылганын тактап берүүнү сурады:

Бакытбек Турусбеков.

«2009-жылы ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун убагында 3480 гектар жер аянты берилиптир. Ошол өкмөттүн токтомун аткарууга байланыштуу Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин статс-катчысынын 2009-жылдагы катында «Кумтөргө» 3480 гектар жер ажыратылып, берилгени көрсөтүлүп турат. Ошону тактап берсеңиздер. Чынында эле ошол жер аянты кен казууга берилди беле?»

Анткен менен Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Элдияр Шерипов коруктун эсебинен «Кумтөргө» кен казууга жер бөлүнүн берилбегенин айтып, «2013-жылдагы өкмөттүн токтому менен тескерисинче, анын аянты кеңейген» деп маалымат берди. Бирок Элдияр Шерипов коруктун түштүк-батышынан ажыратылган ал жер аянтынын кайра корукка кайтарылганын ырастап бере алган жок:

«2009-жылы коруктун тышкы чек арасын аныктап, тактоо боюнча гана токтом чыккан. Башында деңиз деңгээлине карата бийиктиктер боюнча айырма болуп калган экен. Мында тышкы чек аралар гана такталып, ал жактан жер кеткен эмес. Ошонун бардыгын тактап, аныктап, 2013-жылы бардык картасы толугу менен чийилип, жаңы токтом чыгып жатпайбы».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өкмөт: «Кумтөр Голдго» кошумча жер берилген эмес

Тармактык комитет бул маалыматты эске алуу жана аны парламенттин жалпы жыйынына алып чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды. Анын алдында депутаттар тобу Кумтөргө барып, кен казылчу жер аянттарынын абалы менен тааныша турган болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.