Анда дүйнөдө уюлдук операторлордун наркынын түшүп жатышы, уюлдук байланыш тармагындагы атаандаштыктын күчтүүлүгү жана жабдууларды жаңылоо үчүн ири өлчөмдөгү инвестицияга болгон муктаждык аны сатууга түрткү берген себептер катары көрсөтүлдү.
Анткен менен айрым талдоочулар президенттик шайлоого жакын киреше берип жаткан мамлекеттик ишкананы сатуу башкача кабыл алынышы мүмкүн экенин белгилешти.
Наркы түшө электе соодалоо стратегиясы
Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду "Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү "Альфа Телеком" мамлекеттик уюлдук компаниясын сатууга түрткү берген беш негизги себепти атады. Азыр дүйнөдө байланыш тармагы улам жаңы технологияга өтүшү менен уюлдук чалуулар трафигиндеги киреше азайып, мына ошондой кызмат көрсөткөн операторлордун наркы түшө баштаган.
Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков ушундай жагдайда "Мегакомду" тез арада сатуу зарылдыгы пайда болгонуна токтолду:
- Ар бир товарды, ар бир объектти өз убагында сатып калбаса, эртең ушул компаниянын баасы 100 миллионго түшүп калбайт деп ким кепилдик бере алат? Мисалы, "Аэропаг" деген компания учурунда аябай кымбат бааланган ишкана болчу. Кийин анын кызмат көрсөтүүлөрүнүн мааниси жоголгон соң анын наркы бир сомго татыбаган компания катары банкрот болуп жок болду. Азыркы учурда "Мегакомдун" баасы күндөн күнгө өсө турган, келечеги бар ишкана болот" деп эч ким айта албайт. Анткени бир гана бул эмес, дүйнө жүзүндө уюлдук компаниялардын рентабелдүүлүгү түшүп жатат. Себеби телекоммуникация тармагы күндөн күнгө өзгөрүп, жаңыланып, улам бир жаңы технология кирип жатат. Эртеңки күнү бизге дагы 5G келсе, спутник аркылуу интернет байланышы чыкса, уюлдук чалуулар менен кызмат көрсөтүүлөр өзүнөн өзү маанисин жоготот. Ошондо бул мобилдик компаниянын наркы канчага түшүп каларын азыр эч ким айта албайт да.
"Мегакомду" сатууга жол ачылды
"Мегакомду" сатууга жол ачылды
"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү мамлекеттин үлүшүндөгү "Альфа-Телеком" уюлдук компаниясын тендерсиз, тикелей сатууга негиз берчү өкмөттүн токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Экинчиден, анын жабдуусун жаңылап, өнүктүрүү үчүн компания инвесторго муктаж экени көрсөтүлгөн. Анан дагы мыйзам боюнча мамлекеттик компания интернет портал аркылуу сатып алууларды ачык жүргүзүүгө тийиш.
Бул жагдай анын өнүгүү стратегиясын ачыктап, аны жеке менчик компаниялар менен болгон атаандашууда алсыз абалга кептеп жатканы айтылган. Сатууга негиз болчу төртүнчү себеп анын тапкан кирешесинин көбүн мамлекет алып коюп, компаниянын өнүгүүсү камсыздалбай жатканы белгиленген. Анан да күчтүү атаандаштыктагы уюлдук байланыш рыногунда мамлекеттик активдин болушу рыноктун шартына каршы келери жүйө келтирилген.
Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров мамлекеттик ишкана менчик компаниялар менен атаандаштыкка туруштук бере албастыгын айтты:
- Чындыгында, мамлекеттик ишканаларды иштетүүдө мамлекет жакшы башкаруучу эмес. Ар бир мамлекеттик ишкана менен жеке компанияны салыштырганда мына ушундай жыйынтыкка келебиз. "Мегакомду" карасак дагы, соңку мезгилде кардарларынын саны азайды. Ошол эле кезде башка жеке менчик уюлдук компаниялардын кардарларынын саны көбөйгөнүн байкоого болот. Эртең технологиялар өзгөрүп кетсе, биздин мамлекеттик компания жаңыланууга үлгүрбөй калса, анда башка жеке менчик компаниялар байланыш рыногун ээлеп калып, аны банкрот абалга жеткирип коюшу мүмкүн. Ошондуктан аны сатыкка чыгаруу боюнча өкмөттүн саясаты туура эле баратат.
"Мегакомдун" кирешесинин көрсөткүчү
"Мегаком" компаниясы 2014-жылы ачык жарыялаган аудиттин жыйынтыгы боюнча, 2013-жылы эң жогорку көрсөткүчтү берип, жалпы жылдык кирешеси 8 миллиард 102 миллион сомго чыккан. Андан мурда компания 2012-жылы 7 миллиард 690 миң сом тапса, 2011-жылы 6 миллиард 910 миң сом, 2010-жылы болсо 5 миллиард 830 миң сом акча тапканы жарыяланган.
2013-жылы "Мегаком" бюджетке 1 миллиард 882 миллион сом салык төлөсө, салык төлөмү 2012-жылы 1 миллиард 528 миллион сомду, 2011-жылы 1 миллиард 303 миллион сомду жана 2010-жылы болсо 761 миллион сомду түзгөн.
2009-жылдан 2013-жылга чейинки "Мегакомдун" тапкан кирешесинин эсебинен ал жылы мамлекет эң ири өлчөмдө - 2 млрд 875 миллион сом дивиденд алган.
Болсунбек Казаков соңку жылдары компаниянын кирешелери уламдан улам төмөн түшүп жатканын белгиледи:
- Компаниянын буга чейинки жылдык таза кирешеси 2 миллиард сомдун айланасында болгон. Быйылкы прогноз 1 миллиард 800 миллион сом. Бирок мен бир эле мисалды келтирдим. 2015-жылы бул компаниянын кирешесин кийинки жылдарга болжолдоп, баалоо жүргөн. Мына ошол баалоо боюнча "Мегаком" 2016-жылы 8,5 миллиард сом жалпы киреше түшө турганы болжолдонгон болчу. Бул кете турган чыгашаны кошпогондогу жалпы табылган акчанын суммасы. Бирок тескерисинче, 2016-жылы иш жүзүндө жалпы кирешенин өлчөмү 6,8 миллиард сомго түшүп калган. Бул деген жалпы кирешенин өлчөмү бир миллиард сомдон ашуун азайып кеткен дегенди түшүндүрөт.
"Шайлоо астындагы алды-сатты"
Анткен менен көз карандысыз талдоочулар азыркы учурда өкмөттүн "Мегакомду" тез арада сатуу зарыл деп негиздеп, келтирген жүйөлөрүнө макул эмес.
Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы Равшанбек Жээнбеков бийликтин "Мегакомду" сатуу аракети тескери коомдук пикирди жаратышы мүмкүн деп эсептейт:
- Мамлекет "Мегаком" компаниясынын 100 пайыздык үлүшүн ээси. Ал кожоюн катары качан кааласа сата алат. Бирок бул жерде Кыргызстанда бийлик алмашып жатат. Кетип жаткан бийлик ал мүлктү сата турган болсо коомчулукта жана саясий чөйрөдө "кетеринде сатып, мына ошону жок кылып анан кетейин деген экен" деген ой жаралбай койбойт. Экинчиден, бул компаниянын шайлоонун астында сатылып жатышы "аны сатып, мына ошондон түшкөн акчага шайлоо маселелерин чечели деп калышкан турбайбы" деген ой жаралат деп бийлик азырынча "Мегакомду" сатуу идеясынан баш тарта турганы жөн. Аны шашылыш түрдө сатпай деле койсо болмок. Анткени андан азыр бюджетке салык түрүндө, дивиденд түрүндө жаман эмес акча түшүп жатат. Анын рентабелдүүлүгү эң жогорку ишкана катары бюджетке чоң салым кошкон компания катары белгилүү. Чоң пайда берип жаткан ишканасын ким сатат?
Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду жакында "Мегаком" уюлдук компаниясын Елена Нагорная деген орусиялык ишкер айымга 13,5 миллиард сомго сатуу жараяны башталганын жарыялаган. Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча аталган сумма 200 миллион доллардын айланасындагы акча.
Эгерде бул алды-сатты ийгиликтүү ишке ашса, макулдашууга ылайык ал ишкер айым мамлекетке кошумча комиссиялык төлөм катары жалпы сумманын жети пайызын же болбосо 950 миллион сом төлөөгө тийиш.