Өкмөт өлкөнү өнүктүрүү программасын жарыялады

Өнүктүрүү программасында Нарын дарыясына төрт ГЭС куруу да каралган. (Сүрөттө: Камбар-Ата-2 ГЭСи, 2010-жылдын 30-августу.)

Экономикалык тескөө министрлиги Кыргызстанды 2014-жылга чейин өнүктүрүү программасын жарыялады.
Ал программа өкмөт тарабынан жактырылып, парламенттин кароосуна жиберилди. Программанын максаттары жана сандары реалдуубу?


Кызыктырган кырк долбоор
40 долбоордун ичиндеги негизгилери катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, Датка-Ходжент, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартуу, Камбар-Ата-1 жана жогорку Нарында 4 ГЭСти куруу, алтын кендерин иштетүү аталууда.


Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү ушул кезге чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн программасын алып келе элек деп айыптап келет. Өз кезегинде өкмөт “Экономика жана коопсуздук” деп аталган программасы менен жооп берүүдө. Бирок ал программа парламенттин кароосуна коюлган эмес.

Мына эми 12-октябрда Экономикалык тескөө министрлиги парламент фракцияларынын жыйынында өлкөнү орто мөөнөттө өнүктүрүү программасын депутаттардын кароосуна койду.

Программа 2014-жылга чейин эсептелген. Мына ошол кезге чейин 8
млрд. 300 млн. долларга бааланган 40 улуттук долбоорду турмушка ашыруу, мына ошол аркылуу экономиканын өсүшүн жыл сайын 8% жеткирүү каралган.

40 долбоордун ичиндеги негизги долбоорлор катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, Датка-Ходжент, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартуу, Камбар-Ата-1 жана жогорку Нарында 4 ГЭСти куруу, алтын кендерин иштетүү, айыл-суу чарбасында 400 млн. долларга жакын долбоорлорду аткаруу каралган.

Өкмөт “Центеррадагы” акцияларды күрөөгө коюп, насыя алууну пландаган. Ал насыя жаңыдан түзүлө турган Өнүктүрүү банкында топтолот. Ал банк ипотека, лизинг жана ишкерлерге насыя берүү багытында иш жүргүзөт.

Өкмөт ошондой эле текшерүү, уруксат берүү тармактарын реформалап, аларды кыскартуу көздөп жатат.


Программаны аткаруу реалдуубу?


“Республика” фракциясынын мүчөсү Мирлан Бакиров өкмөттүн программасында белгиленген 8 млрд. доллардан ашуун каражатты табуу кыйындыгын, бирок башка тармактарды камтыган бөлүгүн аткаруу реалдуу экенин белгилейт:

- Чындыгында 8 млрд. долларды табуу өтө кыйын. Бирок андан башка колдон келе турган иштер бар экен. Маселен, лицензиялоо, ишканаларды текшерүүнү кыскартуу боюнча маселелерди чечсе болот. Прогромманы 100% болбосо да 70% аткарса болот.

“Республика” фракциясы программаны жактырып берди. Бул түшүнүктүү, анткени өкмөттү ушул фракциянын жетекчиси башкарып турат. Бул программа президенттик шайлоодон кийин коалиция алмаша турган болсо, жаңы өкмөт башчыны шайлоого карата “Республика” тарабынан даярдык десе да болот. Анын үстүнө программа “Республиканын” квотасы менен шайланган министр Учкунбек Ташбаев тарабынан даярдалган.
Жөн эле мындай, конкреттүү эмес пландай болуп калган. Эмдиги жылы бул нерселер аткарылчудай эмес. Анткени бюджетке киргизилген эмес.
Азамат Акелеев

Мына ошол алдыдагы саясий күрөштөргө байланыштуубу, айтор Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынын айрым мүчөлөрү программаны сынга алып чыкты. Маселен, депутат Дамира Ниязалиева программаны ишке ашыруунун механизмдери жоктугун белгиледи.

Фракция жалпысынан программаны дагы бир карап көрүү жыйынтыгына келген. Ал тууралуу фракция лидери Чыныбай Турсунбеков буларды айтат:


- Биз эксперттерди тартуу менен дагы талкуулайлы деп чечтик. Анткени бул абдан олуттуу документ. Ошон үчүн эксперттердин пикирин угуп, андан кийин чечим кабыл алалы деп чечтик.

Чыныбай Турсунбековдун пикиринде, өкмөттүн программасын турмушка ашыруу мүмкүн.

Көз карандысыз экономист Азамат Акелеев программанын идеялары туура дейт. Бирок аны аткаруу жагы күмөн жаратарын айтат:

- Жөн эле мындай, конкреттүү эмес пландай болуп калган. Эмдиги жылы бул нерселер аткарылчудай эмес. Анткени бюджетке киргизилген эмес. Мисалы, 280 лицензияны жоюу каралыптыр. Ал абдан туура нерсе. Бирок атайын каражаттар деп коёт го, ошолор ошол бойдон бюджеттин ичинде калган. Ошол лицензиялардын акчалары ошол атайын каражаттарга кирет да. Эгерде чыныгы жоюу ниети болсо, анда ал каражаттар бюджетте каралмак эмес.

Акелеев ошондой эле улуттук деп аталган 40 долбоорду аткаруу да реалдуу эмес деп эсептейт. Анткени ага абдан көп каражат талап кылынат.

Бул программаны аткаруу президенттик шайлоодон кийин өкмөт кандай курамда болушунан да көз каранды. Эгерде азыркы коалиция сакталып калса, анда программа үчүн да шанс пайда болот. Эгерде өкмөткө жаңы саясатчылар келсе, алардын экономикалык көз карашы башкача болуп, ошого жараша программа да өзгөртүлүшү мүмкүн.