Биринчи чечим менен буга чейин коммерциялык банктардан доллар менен алынган ипотекалык насыялардын жүгүн жеңилдетүү каралса, экинчи чечим менен мамлекеттик ипотекалык программаны ишке ашыруу сунушталды.
Доллар менен алынган ипотекалык насыялар сомго которулат
Доллардын курсунун кескин өсүүсү доллар менен насыя алган жарандарды оор абалга кириптер кылганы маалым. Мына ошолордун ичинен мамлекет доллар менен ипотекалык насыя алгандардын жүгүн жеңилдетүүнү чечти. Ал чечимге ылайык, 2015-жылдын 1-июлуна чейин алган ипотекалык насыясынын көлөмү 40 миң долларга жетпеген жарандардын насыялары сомго которулат. Сомго которуу 2015-жылдын 1-июлундагы курс менен жүргүзүлөт. Ал кезде бир доллардын баасы 62 сом 14 тыйын болгон. Үстөк пайызы 19.76% болот.
Өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөндөй, бул бюджеттик кызматкерлерге эле эмес, жалпы жарандарга тиешелүү болот. Улуттук банктын маалыматы боюнча, андай насыя алган жарандардын саны өлкөдө 2864 киши. Алар жалпы эле ипотекалык насыя алган жарандардын 69% түзүп, алган насыясынын жалпы суммасы 3.1 млрд. сом.
Албетте, доллар менен үстөгү 15% насыя алган жарандар да бар. Алар үчүн 19% жогору көрүнүшү мүмкүн. Бирок курстагы айырмачылыктан пайда болгон жеңилдик, кирешеси сом менен болуп жаткан кыргыз жараны үчүн доллардын тынымсыз өсүүсү пайда кылган оорчулуктан арылтуу менен өкмөттүн программасы да ыңгайлуу.
Андан сырткары долларлык ипотеканы сомго которууну ыктыярлуу деп аталган. Ошондуктан кайсы бир жаран үчүн доллар менен төмөнүрөөк пайызда төлөө ыңгайлуу болсо, ага эч ким каршы эместигин өкмөттөн белгилешти.
Бул ипотекалык насыяларды сомго которуу мамлекет үчүн 574 млн. сомго турат. Өкмөт бул каражатты Улуттук банктын кирешесинен каржылоону чечти. Валюта базарында долларды жогору курста сатуудан Улуттук банкка түшкөн киреше, аны көп кыйынчылыксыз жабууга тийиш.
Ипотекалык насыяны бюджет кызматкерлери көтөрө алабы?
Өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компанияны ишке киргизүү алдында турат. Бул компания каражатты Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан алат. Ипотекалык насыялоо “Айылбанк” жана РСК банк аркылуу жүргүзүлөт.
Мамлекеттик ипотекалык насыялоонун шарттары тууралуу айта турган болсок, 3 млн. сомго чейинки ипотекалык насыя 15 жылга чейин берилип, үстөгү 12-14% болот.
Кыргызстан курулушчулар бирикмесинин төрагасы Аскарбек Молдобаевдин пикиринде, ипотекалык программаны ишке киргизүү менен мамлекет экономиканы көтөрүү үчүн да шарт түзөт. Экинчи жагынан жарандар, өзгөчө жаштар үйлүү болууга мүмкүнчүлүк алат.
Бирок мамлекеттик ипотекадан бюджет кызматкерлери пайдаланышы жеңил болбойт дейт Молдобаев:
- 15-жылга 12% берет экен. Менин байкашымча, үстөгү көбүрөөк болуп жатат. Муну биздин эл төлөй алабы? Мына ушул суроо болуп турат. Социалдык тармакта иштегендер орто катмар деп аталат. Ал эми акчасы барлар коммерциялык үйлөрдү алып жатышат да. Дүйнө жүзүндө ипотеканын баасы 3-4% эле. Биздин ага күчүбүз келбейт. Ошол үчүн 12% деп жатышат. Аны эл көтөрө алабы? Менин талдоом боюнча, көтөрө албайт деп жатам.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 13 миң сомго жакын болду. Бул суммадан ипотекага төлөө жеңил болбосун белгилеген Молдобаев, Кыргызстандын шартында кызматкерлерге квартираларды ижара иретинде 20-25 жылдын ичинде төлөп бүтө тургандай шартта берүү дурус болорун кошумчалады.
Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев 12-14% бериле турган ипотеканы Кыргызстан шартында жеңил эмес дегенге кошулат. Бирок мамлекеттин мүмкүнчүлүгү азыр ушуга жетүүдө дейт:
- Азыр мамлекеттин болгон мүмкүнчүлүгү ошол болуп жатат. Экономикабыз начар. Мамлекет бай эмес. Ошондуктан жардам берчү мүмкүнчүлүк ошол болуп жатат. Бул эми үйү жокторго эки-үч жылдан кийин үйгө кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден, ал үйлөрдү бирөөлөр курат. Алар иштеп, айлык акы алат. Мунун баары мультипликативдик эффект берет.
Мамлекеттик ипотекалык программага ылайык ипотекалык насыялар региондордо да берилет. Ошондуктан ипотекага берилчү көп кабаттуу үйлөр региондорго да курулат.