Ишкерлер эңсеген "бейиш"

Күнөскана

Президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден бери жергиликтүү ишкерлер, сырткы инвесторлор үчүн бейиштей шарт түзүшүбүз керек деп айтып келет.

Кыргызстанда ишкерлерге болгон саясат өзгөрдүбү, салыктар, башка төлөмдөр боюнча жеңилдиктер барбы, эркин ишкерлик кылуу үчүн укуктук мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнбү, сырттан келе турган жардамды жана чет элдик инвесторду күткөн көз карандылыктан качан кутулабыз? “Арай көз чарай” талкуусунда ушул суроолорго жооп издейбиз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев жана Жаш ишкерлер бирикмесинин аткаруучу директору Фархат Пакыров катышты.

“Азаттык”: Данияр мырза, жогоруда мамлекет башчысы айткандай, Кыргызстанда ишкерлерге мамиле, саясат өзгөрдүбү, бейиштей болбосо да өкмөт бизнеске жагымдуу шарт түзө алдыбы?

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

Акыйкаттык издеген чет элдик ишкер

600 миң доллардан ашык акча сарптаган британиялык инвестор сотто утулган соң, Кыргызстанга акча салган чет элдик ишкерлердин капиталынын кепилдиги тууралу маселе көтөрүлүүдө.

Данияр Иманалиев: Ишкерликке жана инвестицияга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көп маселелер бар. Кыргызстан башынан эле ишкердик жаатында Борбордук Азиядагы ачык саясат жүргүзгөн өлкө. Өкмөт менен бизнес чөйрөнүн ортосундагы карым-катыш демократиялык принциптерге негизделген десек болот.

Азыркы учурда мамлекеттик жана жеке менчик диалогу жогорку деңгээлде десек жаңылышпайбыз. Мурдагыдай ишкерлерде бизнесимди же мүлкүмдү тартып алат деген кооптонуу жок. Ошого карабай бизнеске болгон тоскоолдуктар боюнча көп иштер жүрүп жатат, бир топ бюрократиялык барьерлер жоюлду. Мисалы, бизнес ачам деген ишкер азыр эки эле процедураны аткарат. Ишке уруксат берүүчү лицензияларды он экиге кыскарттык.

“Азаттык”: Фархат мырза, Кыргызстанда акыркы жылдары инвестициялык климат өзгөрдү деп айта алабызбы? Өзгөрсө ишкерлер аны сезип жатабы, болбосо ага кандай көйгөйлөр тоскоол болууда?

Фархат Пакыров: Азыркы учурдагы ишкер экономикалык чоң көрсөткүч. Жаңы технологияны алып келип жаткан ишкер, социалдык көйгөйлөрдү чечип жаткан да ишкер, ж.б. көптөгөн маселелерди ишкерлер турмушка ашырып жатат. Совет заманында ишкерлер өз алдынча эч нерсе кыла алчу эмес, жаңы нерсени ойлоп таап, өндүрүүдө мүмкүнчүлүгү чектелүү болчу. Азыр башка жагдай.

Өкмөт азыр бизнестин көйгөйүн угуп, ачык кызматташып жатат, ортодо диалог бар. Бирок анын баарын эле ишкерлер сезген жок, анткени аларга маалымат дайыма эле жете бербейт. Тилекке каршы, ишкерлер дагы эле бюрократия, коррупция, түшүнбөстүктөргө дуушар болуп жатат. Өкмөттүн коюп жаткан ниет, максаттары белгилүү бир чөйрөгө гана жетпей, ар бир ишкер билгендей болушу керек.

Биздеги бир көйгөй - Кыргызстандын аймактарында ишкерлик, инвестиция жөнүндө маалыматтар жетишсиз. Бул боюнча бир дагы региондо электрондук сайт же башка маалымат булактары жок.
Данияр Иманалиев

Данияр Иманалиев: Инвестициялык климат жөнүндө кеп кылганда аймактагы эң либералдуу саясат Кыргызстанда. Инвестиция боюнча мыйзамдарыбыз да жакшы. Азыр Экономика министрлиги бул мыйзамды кайрадан иштеп чыгып, жакшыртуу боюнча дагы бир топ өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз. Дегеле, инвестор деген ким деген суроону кайрадан карап жатабыз. Уруксат кагаздары, виза маселеси, дагы толгон документтер боюнча сунуштарды киргиздик.

Эми биздеги бир көйгөй - Кыргызстандын аймактарында ишкерлик, инвестиция жөнүндө маалыматтар жетишсиз. Бул боюнча бир дагы региондо электрондук сайт же башка маалымат булактары жок.

Облустук бийликтеби, же башка жергиликтүү мамлекеттик органдарда маалыматтар чектелүү. Жергиликтүү элге эмне керек экендигин сырттан келе турган инвестор, жергиликтүү ишкер, элдин өзү да маалымат алып турушу керек. Чынын айтканда, бул жагы аксап жатат. Дал ушул маселени чечүү үчүн былтыр эле өкмөт тарабынан ар бир облуста ишкерликке кеңеш берүүчү борборлорду ачуу тууралуу тапшырмалар берилген. Азыр алар көп жерде иштеп жатат, айрымдары жаңыдан ишке кирди. Биз бул борборлорду аймактарда дагы көбөйтөбүз. Маалымат туура, өз убагында жетсе көп маселелер өзүнөн өзү эле чечилет. Өкмөт менен ишкерлик ортосунда ишеним жаралат.

“Азаттык”: Фархат мырза, инвестиция, ишкерлик десе иш Бишкек, Ош жана Ысык-Көл аймагында эле өнүгөт, деген түшүнүк бар. Аймактардагы ишкерликти өнүктүрүү боюнча иш жок болгондуктан эл борборлорго агылууда, эмне үчүн элет жеринде буга көңүл бурулбай жатат?

Ишкер менен өкмөт бири-бирине душман болбошу керек. Кээ бир ишкерлер маселелерин өкмөткө айткандан коркот.
Фархат Пакыров

Фархат Пакыров: Азыр аймактарда жаманбы же жакшыбы бизнес өнүгүп жатат. Сыймыктанчу колдой турган көп нерселер бар. Ошентсе да аймактарга инвестиция тартуу боюнча чоң бир саясат керек.

Мисалы, Таласта төө буурчак, Баткенде өрүктү иштетүүчү ишканаларга кандайдыр бир жеңилдиктерди берүү керектир? Бир тараптуу, максаттуу иштер жүрбөй жаткандай. Аймактардагы ишкер инвестиция боюнча кайда кайрылууну билбеген учурлар бар. Өкмөттүн жер-жерлерде ишкерлер менен иштей турган уюму же өкүлдөрү жок.

Биз, Экономика министрлиги менен тыгыз иштешебиз, көп маанилүү иштер жүрүп, чечимдер кабыл алынууда. Бирок ошол маалыматтар аймактарга, айыл жерине жетпей жатпайбы. Ишкер менен өкмөт бири-бирине душман болбошу керек. Кээ бир ишкерлер маселелерин өкмөткө айткандан коркот. Элет жеринде өкмөткө ишеним аз. Тескерисинче, ишкер менен өкмөт өнөктөш болушу керек эле.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.