Өкмөттүн чабал бюджети

Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте бюджетти талкуулоо учурунда. 29-ноябрь, 2017-жыл.

Өкмөт бүгүнкү күндө чечкиндүү иштеш үчүн түзүлгөн сейрек мүмкүнчүлүктү колдоно албай жатат. Бул тууралуу депутаттар Жогорку Кеңеште бюджет долбоору каралып жатканда билдирди. Алардын айтымында, келерки жылдын кыргыз өкмөтү даярдаган бюджети өнүгүүгө секирик жасоого мүмкүнчүлүк бербейт.

Өкмөттөгү сейрек мүмкүнчүлүк

29-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2018-жылдын республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга карата республикалык бюджеттин болжолу экинчи окууда каралды.

Маалыматка ылайык, бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 2018-жылы 140 млрд. 882 млн. сом өлчөмүндө болот деп болжолдонууда. Ал эми чыгашасы 161 млрд. 149 млн. сом деңгээлинде белгиленген. Ошондо бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. 267 млн. сомду түзмөкчү.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторовдун парламентте айтканы боюнча, бюджеттин долбоору экономикада секирик жасоого мүмкүнчүлүк бербейт:

- Секирик жасай алабызбы? Биз көрүп жатабыз, бюджеттин божомолунда секирик жок. Сизде сейрек мүмкүнчүлүк болуп жатат. Президенттин колдоосу бар, Жогорку Кеңештин колдоосу бар. Декабрдан баштап кадрдык маселелерди да чечесиз. Ошондо катуу реформага барыш керек.

Жогорку Кеңеш.

Бюджет долбоорлору каралып жаткан учурда өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп берип, киреше-чыгашалар боюнча өз негиздемелерин түшүндүрүүгө аракет кылышты. Өкмөт түзүп келген республикалык бюджет үч ай мурда куралган Сапар Исаковдун өкмөтүнө артылган үмүттөргө суу сээп жатканын айткан эл өкүлдөрү да болду.

Депутат Айтмамат Назаровдун оюнда өкмөттүн бюджетинде өзгөчөлүк жок:

- Сиздерди, жаңы өкмөттү түзгөндө "жаш өкмөт, көп иштерди аткарат" деген үмүттө болуп жатабыз. Бирок силердин бюджет катардагы эле өкмөттүн бюджети. Сиздердин 3,6 деген болжолуңар бул жөнөкөй эле нерсе. Мен Экономика министрлигинин демилгесин көрбөй турам. Бул министрлик бар-жоктун ортосунда. Эч кандай сунуш, жаңы демилге жок.

Премьер-министрдин убадасы

Депутаттардын суроолоруна жооп берген Сапар Исаков учурда инвестиция тартуу боюнча бир катар аракеттер көрүлүп жатканына ишендирди:

- Мен өзүм реалистмин. Бюджетти реалдуу пландаш керек. Ошондуктан биз консервативдүү бюджет алып келдик десек болот. Бирок бизге бир аз убакыт бериңиздер. Сиздердин колдооңуздар менен бир нече кадамдар жасалат. Ошол кадамдарды аныктап, алдыңыздарга алып келебиз. Мен ал бюджетке кошумча киреше бере турган кадамдар болот деп ойлойм.

Сапар Исаков. 29-ноябрь, 2017-жыл

Исаков Экономика министрлигине караштуу болуп келген Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо мекемеси агенттик болуп кайра түзүлүп, өкмөткө түз карап, иши жанданганын белгиледи. Ошондой эле ал шайлоодон кийин Кыргызстанга инвестиция салууну көздөгөн чет элдик компаниялар көп болуп жатканын айтып өттү.

Лабораториялар көйгөйү

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөргө себеп болуп келе жаткан фитосанитардык лабораториялар маселесин козгоп, бирок өкмөт башчыдан ачык жооп ала алган жок. Мирлан Бакиров:

- Биз фитосанитардык акыбалды комитетте жабык эшик артында карадык. Өзүбүздө да штат бирдиктери, лабораториялар боюнча кемчиликтер бар экенин көрдүк. Ушуларга каражат каралабы?

Сапар Исаков бул маселени жеке талкуулап алууну сунуш кылды:

- Каралат, Мирланбек Исакбекович. Мен сизден суранат элем, мына 15 мүнөттүк танапис болот. Бул жерден талкуулабай, ошол жерден сүйлөшүп алсак. Бул өзгөчө сөз да, анан мен сизге айтып берейин.

Премьер-министр башка бир депутаттын суроолоруна жооп берип жатып, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдөрдү орнотуу боюнча бюджетте акча толук каралбаганын мойнуна алды. Ошентсе да ал бул иштерди Кыргызстан өзүнүн жана өнөктөштөрүнүн күчү менен жасаарына ишендирди.

Буга чейин кыргыз өкмөтү фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдөрдү орнотуу боюнча Казакстандын 100 млн. долларлык жардамынан баш тартканы маалым.

Өкмөт оппозициянын демилгесин угат

Бюджет долбоорун талкуулоо учурунда “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев "өкмөт оппозициянын пикир-сунуштарын да эске алабы" деп кызыкты.

- Мен ачык айтып коюшум керек. Мага премьер-министр катары позициябы же оппозициябы, айырмасы жок. Эгер жакшы сунуштар болуп жатса, биз сөзсүз аны ишке ашырыбыз керек, - деди Сапар Исаков.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, тышкы карызды төлөөгө келерки жылдын бюджетинде 13 млрд. сом каралган. Өлкөнүн тышкы карызы 4 млрд. долларга жакын.

Жогорку Кеңештеги талкуунун жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга карата республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга карата республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-3-окууда жактырууну сунуш кылды. Добуш берүүдө аталган мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.