Өкмөт ишкерлерди колдомой болду

Ишкерлер мамлекеттин ыгы жок текшерүүсүнө нааразы болуп келишет. "Дордой" базарында тартылган сүрөт. 2013-жыл.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев мамлекеттик органдарга ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну тапшырып, муну аткарбагандар жазаланаарын эскертти.
Кыргыз өкмөтү ишкерлик жүргүзүүгө жагымдуу шарт түзүүнү убада кылууда. Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү болсо ар кыл көзөмөл органдардын мыйзамсыз текшерүүлөрү күчөгөнүнө даттанышууда.

Алты жылдан бери ишкерлик менен алектенип келген Элдар мамлекеттик органдардын тез-тез текшерүүлөрүнө нааразы. Анын айтымында, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ишканалардан кыйкым издеп, эптеп пара өндүрүүнү көздөшөт:

- Салыкчылар келип мыйзамда мындай деп текшерип отуруп, кемчиликти тапканга аракет кылышат. Ал аракет мыйзам бузууну аныктоого эмес, пара алууга багытталат. Кемчиликти тапкан соң, кандай кылабыз деп турушат. Анан ишкерлер айла жоктон акча берүүгө өтүшөт.

Элдар мырза жон териси менен сезген көйгөйдү премьер-министр Жоомарт Оторбаев ишкерликти өнүктүрүү боюнча 11-апрелде өткөн жыйында билдирди. Оторбаевдин айтымында, Бүткүл дүйнөлүк банк менен Европа өнүктүрүү банкы жүргүзгөн изилдөө акыркы жылдары фискалдык органдардын ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрү күчөгөнүн көрсөткөн:

- Бул изилдөөгө караганда, былтыр мамлекеттик органдардын ишкерлерден пара талап кылуу фактылары 2008-жылга караганда көбөйүптүр. Маселен, сурамжылоого катышкан ишкерлердин 49 пайызы көзөмөл органдар мыйзамсыз ар кыл төлөмдөрдү талап кылышат деп билдирген. 2008-жылы бул сан 37 пайызды түзчү эле. Ошондой эле ишканалардын 53% текшерүү жана салык органдары менен пара берүү аркылуу гана кызматташууга мүмкүн экенин айтышкан. Мындай жол менен биз дүйнөлүк коомчулукка күлкү болуп отурабыз. Тиешелүү органдардын жетекчилери бизде ар-намыс деген барбы? Сиздер жетектеген органдардын кызматкерлери ишкерлерди дал ушундай абалга жеткирипсиңер: ишкерлердин дээрлик жарымы силерге парасын көтөрүп, ийилип барышат экен.

Дал ушунтип фискалдык органдардын жетекчилеринин ишин сынга алган премьер-министр мындан соң эскиче иштөөгө болбой турганын эскертти. Оторбаев өкмөт ишкерликке жагымдуу шарт түзүү боюнча жаңы чараларды иштеп чыгып, бул тармактагы коррупцияны азайтууга өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Ал эми Башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, ишкерлик жүргүзүүдөгү жемкордукка көзөмөл органдар эле эмес, ишкерлер өздөрү да себепкер болууда. Баш прокурор айрым учурда ишкерлер мыйзамдын талабын так аткарбай, аны пара аркылуу бүткөрүүнү каалашат дейт:

- 2013-жылы ишкерликке жолтоо болгон фактылар боюнча 34 адам гана кайрылыптыр. Анын негизинде 3 гана кылмыш иш ачылды. Албетте, бул сан абдан эле аз. Бул ишкерлер өздөрүнүн таламынын корголушуна ишенишпейт, экинчиден, бизнес чөйрөнүн ишмердүүлүгүнүн да ачык-айкын болбогонунан кабар берет.

Негизи ишкерлерди жылына бир жолу мерчемделген убактан башка учурда текшерүүгө алууга мыйзам жол бербейт. Буга кошумча ишкердикти текшерүүгө алууну жөнгө салуу боюнча өкмөттүн токтому да чыккан.

Бирок ага карабастан бюджеттин таңкыстыгын шылтоо кылып, ишкерлерди кысымга алган учурлар жок эмес экенин Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору Актилек Түнкатаров билдирүүдө:

- Мисалы, биз ири ишканалар менен иштешебиз. Аларды учурда бюджет жетишпей жатат, салык төлөгүлө, андай кылгыла, мындай кылгыла деп көп эле текшерип жатат. Айрым учурда мыйзамсыз келип текшерген учурлар болууда. Мунун баарын биз жоюуга аракет кылабыз.

Муну менен катар Түнкатаров жаңы өкмөттүн келиши менен бул тармактагы ачык-айкындуулук камсыз болуп, мамлекет ишкерлерди өнөктөш катары кабыл алат деген ишенимин билдирди. Дүйнөлүк банк ишкерликке түзүлгөн шарт-жагдай боюнча Doing Business рейтингине ылайык, Кыргызстан былтыр 185 өлкөнүн ичинен 68 орунду ээлеген. Бул сан мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы көрсөткүч болгону менен адистер бул жаатта көйгөй көп экенин айтып келишет.