2015-жыл: аты улук, заты канчалык?

​​Былтыр Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп белгиленген.

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялады.

Ага ылайык, быйыл жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү, жумуш орундарын түзүү, эмгек акыны көбөйтүү, энергетиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу маселелерин аткаруу зарыл экени Атамбаевдин жарлыгында жазылган.

Кыргызстан ар жылы бирден тармакка артыкчылык берип, жылды ошол багытка арнап келет. Андан кандай майнап чыгууда? Быйылкы жылдан эмнени күтүүгө болот?

Кезек экономикага жеттиби?

Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов өлкө башчысы Кыргызстанга акыркы жылдары туруктуулук келди деп эсептеп, эми экономиканы өргө тартуу зарылдыгынан улам 2015-жылды ушинтип атаганын билдирди:

- Элдин жашоосун жакшыртуу, андан тышкары былтыр Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылын улантуу максатында, ошону менен бирге өндүрүштү жана ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү, жаңы жумушчу орундарды түзүү жана ири социалдык программаларды жүзөгө ашыруу үчүн 2015-жыл - Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланды.

2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп белгиленген. Андан көп майнап чыкпаганын "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов мындайча чечмелеп берди:

- Бизде мамлекетти бекемдөөгө байланыштуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюну, каада-салт, тарыхыбызга байланыштуу бир топ иш-чаралар өткөрүлдү. Бирок мамлекетти бекемдөө той-топурга байланыштуу эмес. Мамлекетти бекемдүүлүгү бул анын чек арасы менен кубаттуу экономикасына көз каранды. Тилекке каршы, Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында чоң экономикалык өзгөрүү жасай алган жокпуз. Жада калса Кыргызстанга таандык эң ири ишкана - Кумтөрдүн маселесин чечип бүтө албадык.

Ат коюудан заты өзгөрбөйт

Манас Саматов

Ишкер Манас Саматов буга чейин ар бир жыл кайсы бир тармактын жылы деп жарыяланып келгени менен алардан эч кандай пайда болбогонун, бул жыл деле ошолордун бири катары өтүп кетерин айтып, ишенбей турат:

- Эч кандай пайда болгон жок. Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы деп туруп, мамлекеттүүлүктүн тамырына балта чаап, Бажы биримдигине кол коюп беришти. Ошондуктан мындай жомокторго кескин каршымын. Элди алаксытма ыкмалардын бири. Мындай арзан көз караштар, арзан идеология менен жашабашыбыз керек. Башка фундаменталдуу проблемалар толтура.

Оштогу теплицалардын бири

Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров кайсы бир багытка басым жасап, аны артыкчылык катары карап, өнүктүрүүгө каршы эмес. Бирок мурдагы жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөргө таянып, быйыл аны кантип чукул көтөрүп кетебиз деген суроо коет:

- Жыл аяктап атканда президент маалымат жыйын өткөрүп, төрт жылдан бери бир да ишкана курула элек деди. Ошончо убактан бери курулбаса, быйыл кантип курабыз? Кайсы сектордо курабыз? Президент жол картасында жылына 70 миңден жумушчу орун түзүлөт деген. Үч жыл өттү, 210 миң орун түзүлбөй калды. Быйылкыны кошкондо 280 миң жумушчу орун түзүлүшү керек. Муну өкмөт өзү ишке ашыра албайт. Муну орто жана чакан бизнестегилер, ири долбоорлор ишке ашырышы зарыл. Тилекке каршы Doing business деген бизнесмендерге шарт түзүү боюнча рейтингде былтыр кайра 99-орунга түшүп калдык.

Жапаровдун айтымында, көпчүлүк экономикалык пландардын жүзөгө ашырылышы узак убакытты талап кылат. Аны ырааттуу аягына чыгарыш үчүн өкмөт туруктуу иштеши керек.

Жакында маалымат жыйын өткөрүп жатып да президент Атамбаев Кыргызстанда жалпы баасы 7 миллиард долларлык 24 экономикалык долбоорлор акырындап ишке ашырылып жатканын, алар бир нече жылдык убакытты аларын белгилеген.

Ал эми Кыргызстанда өкмөт жыл сайын алмашып турары, өзгөчө шайлоо алдында аткаруу бийлигинин географиясы өзгөрүп турары белгилүү. Быйылкы жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турганын айта кетели.