Кыргызстан - ак илбирстин мекени

Бул илбирстин аты – Алсу. Алдыңкы сол буту мунжу, капканга чаптырган. Ушул тушта Ысык-Көлдө жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборунда багылып жатат.

Реабилитациялык борбордо азыр 5 илбирс бар.

Аталган борбордогу илбирстер адамга үйүр алып, колдон тамак жеп, аңчылыкка кыныкпай калды. Алар бул жерде негизинен эшектин эти менен багылат.

Бул илбирстер реабилитациялык борбордо туулган. Эми аларды жапайы жаратылышка коё бергенге болбойт.

Адистердин маалыматына ылайык, Кыргызстанда азыр 250-300дөй илбирс бар. (Сары-Таш - Ээр-Таш коругундагы бул илбирс корукчулар койгон автоматтык түрдө тартчу фотокамерага - "сүрөт капканга" түшүп калган.)

Союздун тушунда, Кыргызстанда илбирске аңчылык кылууга тыюу салынып, 80-жылдары саны 1,5 миңге чейин жеткен экен.

Сары-Чат - Ээр-Таш коругунда азыр болжол менен 20-25тей илбирс бар.

Ак илбирс жолборс, арстанга салыштырмалуу аз изилденген. Корукчулардын айтымында, өтө таза жаныбар.

Тапканын дароо жулмалап жеп салбай, сактап, катып үнөмдөп жейт экен. Адамды көрсө үркпөйт, мышыктай болуп жыбылжып камаарабай акырын гана басып кетээрин айтып беришти.

"Сүрөт капканга" түшкөн бул сүрөттөрдү "Азаттыкка" Сары-Чат - Ээр-Таш коругунун кызматкерлери сунуштады.