Пасха: аруу тилектер орундалат

Православ христиандар Пасха майрамын белгилөөнү Бишкектеги борбордук чиркөөдө 8-апрелге караган түнү башташты.

Пасха христиан дининде Иса Машаяктын тирилген күнү катары саналат.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бул диний майрамга карата куттуктоо жолдоду.

Кыргызстанда 40тан ашуун православ чиркөөсү христиандарга кызмат кылат.

Өлкөдө христиан динин туткандар элдин 16% түзөрү айтылат.

Пасха христиан дининде Иса Машаяктын тирилген күнү катары саналат.

Бүгүн христиандар Пасха майрамын белгилеп жатышат. Бул күн сыйынуулар, ырым-жырымдар менен коштолот.