“Арай көз чарай” талкуусунун коноктору: Казакстандын Астана шаарынан Улуттук банктын мурдагы төрагасынын орун басары Калым Байназаров, Алматы шаарынан экономист Марат Каирленов, Минск шаарынан экономист Лев Марголин жана Ереван шаарынан экономикалык баяндамачы Хайк Геворгиян.
Байназаров: Бажы биримдиги түзүлүшүнүн алгачкы жылдары мунай баасы жогору болуп турган учурга туш келген. Ал кезде Казакстан менен Орусия ортосунда тышкы соода күчөп турган эле. Маселен, соодадагы динамиканын өсүшү 2010-жылы 46%, 2011-жылы 22% түзгөн. Азыр болсо эки тараптуу сооданын көлөмү төмөндөөдө. Анткени, биздин да, Орусиянын да экономикасы мунай баштаган чийки затка таянган экономика. Андыктан, эки өлкө ортосундагы соодада товарлардын белгилүү бир тобу үстөмдүк кылат. Казакстан негизинен чийки зат сатса, Орусиядан технология, техникалык товарлар, азык-түлүк, кайра иштетүү өнөр жайынан чыккан продукцияларынын чоң тобу келчү. 2014 - жылдын жыйынтыгына барып, Орусия – Казакстан ортосундагы сооданын көлөмү 20% кыскарып кетти. Евразия экономикалык биримдигинин башкы эки өлкөсү ортосундагы соода динамикасы азыр ушундай. Ал эми Кудай кошкон эки коңшу Кыргызстан менен Казакстан бажы чек араларын Бажы биримдигин күтпөй эле эки тараптуу негизде ачышыбыз керек эле. Албетте, бул маселени чечүүдө проблемалар болду. Бүгүн эми чек аралар, кеч болсо да Бажы биримдигинин алкагында ачылып жатканына биз кубанычтуубуз.
Каирленов: Биринчи кыйынчылыктар Орусиянын экспорту күчөгөнү. Башкача айтканда, Казакстан үчүн Орусиянын импорту, орусиялык товарлар көбөйгөнү. Ошондой эле соода чатактар арбыганы, биздин ишкерлер орус базарына кире албай койгону. Бажы биримдигинин алгачкы жылдары мына ушул нерселер болду. Эстесек, статистика боюнча да пикир келишпестиктер чыккан. Орус президенти өз статистикасына таянып, Орусияга Казакстандын экспорту көбөйгөнү жөнүндө айткан эле. Ал эми биздин статистика боюнча тескерисинче Орусиянын импорту гана көбөйбөстөн биздин экспорт акчалай, товардык көлөмү жагынан да кыскара баштаган, бул Орусия менен сооданын көлөмү азайышына алып келди. Принцибинде импорт көбөйүп, экспорт кыскарганда ички өндүрүш жабыр тартат. Бирок бизде бул жагдайды индустриалдык-инновациялык өнүгүү программасы жылмалап кетти. Ушундан улам кайра иштетүү тармагынын Улуттук дүң өндүрүштөгү үлүшү кескин кыскарып кеткен жок, бирок кандайдыр бир төмөндөө байкалды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Марголин: Беларустун жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөр болду деп айта албайм. Болгону биз Орусиянын базарына мурдагыдан да көбүрөөк байланып калдык. Мындан улам Орусиянын базары мунай баасынын арзандашына, Батыштын санкцияларына байланыштуу туш болгон жараяндар биздин өлкөдөн да көрүнүүдө. Орусия биздин продукциялар сатыла турган негизги базар, анын сыйымдуулугу кыскаргандыктан, беларус ишканаларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү да азайууда. Биздин ишкерлерге оорчулук алып келген бир нерсе - Бажы биримдигинин бирдиктүү техникалык регламенттеринин киргизилүүсү болду. Алар биздин ишкерлерди эптеп жашап кетүүнүн чегине алып келип койду. Албетте, президент Лукашенко өз базарын ал өзү түшүнгөндөй деңгээлде коргоодо. Бизде командалык – административдик экономика 90% сакталып калгандыктан, муну жасоо кыйла оңой. Бажы төломдөрүн жокко чыгара албаса да, мисалы, айыл-чарба ишканаларынын жетекчилерине комбайндарды Ростовдон же Красноярсктан эмес, Гомелден сатып алууга буйрук берип коё алат же болбосо административдик ресурс колдонулат. Тигил же бул ишкана техниканы ачык тендерде сатып алышы керек, бирок оозеки көрсөтмөдөн кийин артыкчылык беларустук өндүрүшчүлөргө берилет. Башкача айтканда, базарды коргоонун жарым легалдуу ыкмалары колдонулат. Президент Лукашенко аларды ийгиликтүү пайдаланбаса, Бажы биримдигинин Беларус үчүн кесепеттери оорураак болмок. Орусиядагы Онишенко (башкы санитардык дарыгер) факторун да ушундай эле чара десек жарашат. Мисалы, Беларус бир нерсени жасабай койсо, биздин өндүрүштөгү эттен же сүттөн антибиотик табышып, кайсыл бир заводдордун продукциясын алып келүүгө тыюу салышат. Анан, маселе кулуарларда сүйлөшүлүп, кырдаалдан чыгуунун аргасы табылат.
Геворгиян: Ооба Арменияда өзгөрүүлөр бар, бирок начар жагынан. Бул бир чети Евразия экономикалык биримдигине киргенден, бир чети объективдүү себептерден улам да болду. Биринчиден, Орусиядагы кризис сөздүн түз маанисинде бизден да көрүнүүдө. Орусиядан Арменияны көздөй жеке акча которуулар 30-40% кыскарды. Армян товарларынын Орусияга экспорту да азайып кетти. Ага катар үчүнчү өлкөлөр менен соодада бажы тарифтери көтөрүлүп, мындан улам жабдууларды, станокторду, өндүрүш линяларын алып келүү кымбатка туруп калды. Ишкерлерибиз болсо Орусия базары алар үчүн ачылбаганына, үчүнчү өлкөлөрдүн базары жабылып калганына нааразы. Бирок дагы бир жолу кайталайм, мындай кырдаал толугу менен Армения ЕАЭБнин курамына киргенине эле эмес, орус акчасы рубль менен армян акчасы драмдын нарксыздануусу ортосундагы ажырым чоң болуп кеткенине да байланыштуу. Биздин товарлар атаандаштыкка жарамсыз болуп калды. Быйылкы жылдын биринчи жарымында Армениянын Орусияга экспорту былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47% төмөндөдү. Демек кырдаал кандай экенин түшүнүп турсаңыз керек. Экспорт төмөндөшүнүн мынча бөлүгү рубль нарксыздануусунан, мынча бөлүгү Армения Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунан улам болду деп так айтыш. Бирок Армениянын Орусияга экспорту жарым эсеге азайып кеткени факт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Байназаров: Кайсы бир жеке позициялардан утуу жөнүндө айтуу ылайыксыз. Эң башкысы Бажы биримдиги же Евразия экономикалык биримдиги эмне берүүдө? Бери дегенде товардын, капиталдын жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы камсыздалып жатат. Бул эң жакшы нерсе. Экинчиден, Казакстандынбы, Кыргызстандынбы атаандаштыкка жарамдуу товары болсо, чоң базарга чыга алат. Азыр бул базар 180 миллиондон ашуун болсо, келечекте 270-280 миллионго жетиши мүмкүн. Эми бул чоң базарды Кыргызстандын калкы менен салыштырууга болбойт да. Утуш деп мен ушул нерсени айтаар элем. Бирок дагы бир жолу кайталайм, эң башкысы Кыргызстандын да, Казакстандын да, Бажы биримдигинин да бардык өлкөлөрүнүн эли утат.