“Сөз үйрөнүү" деген сабак керек

Бишкек.

“Саат” деген сөздүн маанисин чечмелейли. “Жамгыр саат болуп, талаадагы чөбүм тартылбай калбадыбы” дейт. Бул жерде жамгыр жаап, чөбү тартылбай калганына кейип жатат.

“Сенин саатыңдан тигил кыз мен карабай кетти” дейт. “Сенин айыңдан”, “сенин азабыңдан” дегени. “Сааты бар неме менен жолдош болбо” дейт. “Сааты бар неме” дегени “бир балээси, жаман адаты, жүрүм-туруму начар адам, жолдош болбо” дегенди билдиргени.

Кээде мына ушул “саат” сөзүнө “сабыр” деген сөз кошулуп айтылат. Мисал келтирели: “Саат-сабырдан Кудай сактаса, бат эле жетип барабыз” дейт. “Саат-сабыры жок жүргөндө кайдан бара калдым эле?” дейт.

“Саат” сөзү катышкан, оң маанини билдирген сөздөр да бар. “Сааты чыкса, ишибиз жакшы болот” дейт. Мындагы “сааты түшө калса” деген сөз “оңтою келе калса, ыгы келе калса” дегенди түшүндүрөт.

“Сааттын” дагы бир мааниси, кадимки эле убакытты билдирген саат. “Колундагы сааты эле баланча миң доллар экен” дейт. “Саат беш болду” дейт. Ушундан улам айта кетели, советтик системадан үйрөнгөн адат боюнча биз саатты бузуп айтып жүрөбүз.

Мисалы түнкү саат 12ни “саат 24 болду” деп, күндүзгү саат 12ден кийинки саатты “саат 13 болду” деп, кечки саат алтыны “саат 6 болду” дегендин ордуна “саат 18 болду” деп келебиз.

Эми “саз” деген сөзгө келели, орусчасы “болото”. Саз деп суу жата берип, чылпылдап, баскан жериң көлкүлдөп, былкылдап, жайытка же конушка жарабай калган жерди айтат.

“Манаста” “Ала-Көл элек саз болдук, Ала-Тоо элек бас болдук” деген саптар бар. Муну тээ бир убакта кыргыздарды Кытайдын ханы Алооке басып кирип, элин кырып, жерин тартып алгандан кийин аман-соо калгандарынын айткан арманынын бизде калган эстелиги же байыркы бабалардын үнү десек болот.

Кийин ушуга үндөш “кырчындай боюм пас болду, кызыл өңүм саз болду” деген сөз келип чыккан. Жаш кезимде алдуу-күчтүү, келишкен жигит элем, бүгүн эми каруу-күчтөн тайып, бетимди бырыш баскан чал болдум деп кейип турган адамдын кеби.

“Саз” сөзүнүн оң маанини билдиргени да бар. “Аз болсо да саз болсун” дейт. Бул деген “ишиңди азыраак жасасаң да, жакшыраак жаса” дегени.

“Сазайын бер” деген сөз айтылат. “Жазасын бер”, “жазала” дегенди түшүндүрөт.

“Өтө” деген сөз “абдан” дегендин синоними. “Өтө” керек, өтө зарыл, өтө жакшы, өтө сонун” жана башка ушул сыяктуу маанидеги сөздөр. “Өтө катуу кетип калды” десе, “Абдан катуу айтып салды” дегенди билдирет.

“Өтө” сөзүнүн бул сөздөн башка дагы бир мааниси - “аткар, кызмат кыл” деген маанини да билгизет. Мисалы, “Ал аскердик милдетин өтөдү” дейт. “Сен кызматыңды өтө” дейт. “Текебаев жазасын колонияда өтөп жатат” дейт.

Баса, айтылуу Жеңижоктун чыныгы аты - Өтө болгон.

Жыйынтыктап баратып, эгер эне тилибизди сактап калгыбыз келсе, анда бүгүн бала бакчалардан тартып, мектеп, андан аркы жогорку окуу жайларына чейин тилдин эрежелеринен мурда эң биринчи “Сөз үйрөнүү” деген сабакты киргизиш керек деп айтаар элем.

Анткени азыркы жаштар, айрыкча шаардык кыргыз жаштар барган сайын кыргыз тилиндеги сөздөрдүн маанисин түшүнбөй баратат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.