Кыргызстанда жер-жерлерде кара куурайды оруп, өрттөп жок кылуу операциялары жүрүп жатат.
Гашиш менен марихуана даярдалган бул жапайы өсүмдүк Ысык-Көлдөн сырткары Жалал-Абад менен Чүйдө өсөт. Таласта болсо индия кара куурайын айдагандар бар. Маңзат өсүмдүгүн айдагандарды, же чогулткандарды кармоо учурунда тартип коргоо органдары менен жергиликтүү тургундардын кагылышкан учурлары кездешет.
Маңзат баскан аймактар
Кыргызстанда маңзат өсүмдүктөрүнүн мекени катары кара куурай жыш өскөн Ысык-Көл кылаасы аталат. Облустук ички иштер башкармалыгынын мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Түлөбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, ушу тушта 20 миң гектардай жер иликтенип, анын теңине жакынына жапайы кара куурай чыкканы аныкталды:
- Быйыл кээ бир айыл өкмөттөр жаңы шайланганына байланыштуу, тажрыйбасы жокутугунан көп жерлер изилденип тактала элек. Мисалы Ак-Суу районунда былтыр Кара-Кул айыл өкмөтүнө таандык 187 гектар жерге буудай айдалып, бирок эч нерсе чыкпай калыптыр. Ошол жердин 100 гектары быйыл жапайы кендир менен жабыркаганы аныкталды. Азыр тазалоо иштери дале жүрүп жатат. Түп районунда да ошондой жерлер бар экен.
Түлөбаев кара куурай баскан жерлерди тезирээк аныктап берүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кат жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Дары менен жок кылууга каражат бөлүнбөй, оруп өрттөгөнгө аймакта 80ден ашык бригада куралган экен.
Дагы бир табигый маңзаттуу аймак Жалал-Абад дубаны. Облустук ички иштер башкармалыгынын оперативдүү иштер боюнча орун басары Мелис Шералиевдин айтымында, аймакта кара куурайга каршы атайын иш-чаралар май айында эле башталган:
- Негизинен Токтогул районунда өсөт, Сузак, Базар-Коргон, Ноокенде, Кара-Көлдө азыраак бар. Операция маалында Сузакта үйдө жүгөрүнүн арасына айдап өстүргөн 600 килограмм маңзат алдык. Элге түшүндүрүп жатабыз. Өзүбүздүн арабыздагы таза эмес кызматкерлерди иштен алганбыз. Бул боюнча элдин айтканы да туура. Мурда соттолгондорго да түшүндүрдүк.
Кара куурайды атайын айдаткандар бар
Таласта Индия кара куурайы айдалат. Ички иштер министрлигинин маңзат жүгүртүүгө каршы башкы башкармалыгынын түндүк аймактары боюнча жетекчиси Эстебек Жумабековдун маалымдашынча, карапайым адамдарды мыйзамсыз жолго түртүп, азгырып, атайын айдатып-септирип пайдалангандар бар:
- Таласта айдап сепкендер көп. Буга элдин жашоо-турмушу, экономикалык абалы да себепкер. Көбү эле акча берип, айдатып, септирип, бактырышат. Бул жерде карапайым эле адамдар алданып калат. Азыр алардын баары жоопко тартылууда. Азыр биз жиптин учу кайда экенин, ким акча берип, үрөнүн таап берип уюштургандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Чүйдө да бир топ жерге эгилип-тигилди деген маалыматты аныктап, биз алардын көбүн кармадык. Атайын операциялардын негизинде кара куурайлар алынып жок кылынды.
Мурунку ички иштер министри Болотбек Ногойбаев кара куурайды жок кылуу иштери ырааттуу жүрбөй жатат деген ойдо:
- Кара куурайдын данеги беш-он жылга чейин сакталып туруп, кайра өсүп чыга берет. Жаңы көгөрүп, жаңы чыгып атканда, дан ала электе ошондо чаап жок кылыш керек. Чүйдө Казакстанга жакын кургагыраак жеринде дары менен жок кылабыз дегенде, кум менен жылып айылдарды басып кеткен. Даны деген саман менен деле келет экен. Кара куурайды жок кылуу көп жылдык ишти талап кылат. Жаңы чыгып келатканда чаап туруп өрттөш керек. Азыр болсо бир жылы чапса, бир жылы чаппайт, бир жылы жок кылса, бир жылы жок кылбаганга арылбай жатат.
Күч органдарынын “Кара куурай” операциясы жыл сайын өтөт. Жапайы кара куурай чогулткандарды, же үйүнө айдап өстүргөндөрду кармоо учурунда кагылышуулар да кездешет.
Мындан эки жыл мурун Токтогулда кара куурай чогултуп жүрөт деп шектелгендерди кармоо маалында жергиликтүү тургундар чогулуп келип милиция кызматкерлерин камап, өрттөөгө аракет кылган. Таласта болсо 29-июлда эле маңзат бар деп шектелген бир үйдү тинтүү учурунда жаңжал чыкты.
Маңзат баскан аймактар
Кыргызстанда маңзат өсүмдүктөрүнүн мекени катары кара куурай жыш өскөн Ысык-Көл кылаасы аталат. Облустук ички иштер башкармалыгынын мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Түлөбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, ушу тушта 20 миң гектардай жер иликтенип, анын теңине жакынына жапайы кара куурай чыкканы аныкталды:- Быйыл кээ бир айыл өкмөттөр жаңы шайланганына байланыштуу, тажрыйбасы жокутугунан көп жерлер изилденип тактала элек. Мисалы Ак-Суу районунда былтыр Кара-Кул айыл өкмөтүнө таандык 187 гектар жерге буудай айдалып, бирок эч нерсе чыкпай калыптыр. Ошол жердин 100 гектары быйыл жапайы кендир менен жабыркаганы аныкталды. Азыр тазалоо иштери дале жүрүп жатат. Түп районунда да ошондой жерлер бар экен.
Түлөбаев кара куурай баскан жерлерди тезирээк аныктап берүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кат жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Дары менен жок кылууга каражат бөлүнбөй, оруп өрттөгөнгө аймакта 80ден ашык бригада куралган экен.
Дагы бир табигый маңзаттуу аймак Жалал-Абад дубаны. Облустук ички иштер башкармалыгынын оперативдүү иштер боюнча орун басары Мелис Шералиевдин айтымында, аймакта кара куурайга каршы атайын иш-чаралар май айында эле башталган:
- Негизинен Токтогул районунда өсөт, Сузак, Базар-Коргон, Ноокенде, Кара-Көлдө азыраак бар. Операция маалында Сузакта үйдө жүгөрүнүн арасына айдап өстүргөн 600 килограмм маңзат алдык. Элге түшүндүрүп жатабыз. Өзүбүздүн арабыздагы таза эмес кызматкерлерди иштен алганбыз. Бул боюнча элдин айтканы да туура. Мурда соттолгондорго да түшүндүрдүк.
Кара куурайды атайын айдаткандар бар
Таласта Индия кара куурайы айдалат. Ички иштер министрлигинин маңзат жүгүртүүгө каршы башкы башкармалыгынын түндүк аймактары боюнча жетекчиси Эстебек Жумабековдун маалымдашынча, карапайым адамдарды мыйзамсыз жолго түртүп, азгырып, атайын айдатып-септирип пайдалангандар бар:- Таласта айдап сепкендер көп. Буга элдин жашоо-турмушу, экономикалык абалы да себепкер. Көбү эле акча берип, айдатып, септирип, бактырышат. Бул жерде карапайым эле адамдар алданып калат. Азыр алардын баары жоопко тартылууда. Азыр биз жиптин учу кайда экенин, ким акча берип, үрөнүн таап берип уюштургандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Чүйдө да бир топ жерге эгилип-тигилди деген маалыматты аныктап, биз алардын көбүн кармадык. Атайын операциялардын негизинде кара куурайлар алынып жок кылынды.