IDA уюмунун айдоочулук күбөлүгү шек жаратты

Кыргыз айдоочусу жана полиция кызматкери (Орусия)

Мамлекеттик каттоо кызматы кыргызстандык айдоочунун күбөлүгүнө эл аралык укук ыйгаруу ишин баштаган фирма шылуунчулук менен алектенип жатканын билдирди.

Айдоочуларга күбөлүктү бир гана мамлекеттик мекеме бере аларын айткан каттоо кызматы, жарандарды эл аралык айдоочулар ассоциациясынан (IDA) күбөлүк албоого чакырууда. Ал арада айдоочулар ассоциациясы, өлкөдөгү айдоочу күбөлүктөр чет өлкөдө жараксыз болуп калаарын эскертип жатат.

Мигранттарда маселе жок

Орусияда такси кызматында иштеген кыргызстандык мигрант Эрлан Жумалиев бөтөн өлкөдө жүргөнүнө эки жыл болду. Ал Кыргызстандан алган айдоочу күбөлүк менен эч тоскоолдуксуз Орусияда унаа айдап жүрөт.

- Бизге эч ким айдоочу күбөлүгүңөрдү алмаштыргыла деп айткан жок. Эрежени бузбасаң? полиция деле токтотпойт. Документтерди текшергенде эч нерсе деле дебейт. Буга чейин эски айдоочу күбөлүктү алып жүргөндөргө тыюу салган. Ал эми азыркыларга эч кандай доомат жок.

Бул арада эл аралык айдоочулар ассоциациясы (IDA) Вена конвенциясына ылайык, айдоочу күбөлүктүн жанында атайын тиркеме жок болсо улуттук күбөлүктөр башка өлкөдө күчүн жогото баштайт деген маалыматты таркатууда.

Компаниянын өкүлү Нооруз Абдырахмандын “Азаттыкка” билдиришинче, мындай тиркемени Кыргызстан боюнча IDA уюму гана бере алат. Аны чет өлкөгө чыгам деген айдоочулар 99 долларга сатып алышы шарт.

- Биз декабрь айынан баштап Кыргызстанда иштей баштадык. Азырынча Бишкекте кеңсебиз жок, ошондуктан күбөлүктү Алматыдан жасап, алып келип беребиз. Айдоочулук күбөлүккө тиркеме алуучулар биздин сайт аркылуу арыз жазып, банк эсебине акчасын төлөсө, эки күндө документ даяр болот.

IDA уюмунун айдоочу күбөлүгү

IDA өкүлү Нооруз Абдырахман кошумчалагандай, Кыргызстанда азырынча эл аралык тиркемени эч ким жасабайт. Ошондуктан көпчүлүк мекендештер бул компаниядан эл аралык айдоочунун күбөлүк сатып алып жатышат.

Каттоо кызматы: биздин күбөлүк жарайт

Эл аралык айдоочулар ассоциациясынын маалыматы мамлекеттик каттоо кызматын дароо чочутту. Каттоо кызматынын Бишкек шаардык унаа жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Муктар Жунушевдин “Азаттыкка” билдиришинче, азыркы мамлекет тарабынан берилип жаткан айдоочу күбөлүктөр Вена конвенциясынын талаптарына жооп берет. Айдоочулар тоскоолдуксуз ал күбөлүк менен бөтөн өлкөлөрдө өз унаасы менен жүрө алат.

- Биз 2012-жылдан баштап жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү бере баштаганбыз. Ал Вена конвенциясына кол койгон өлкөлөр тарабынан таанылат. Ал эми эски айдоочулук күбөлүгү барлар чет өлкөгө чыккысы келип жатса, бизден келип тез эле алмаштырып кетсе болот. Биздин күбөлүктөр дүйнө өлкөлөрүндө жарамдуу.

Вена конвенциясына дүйнөнүн 88 өлкөсү кол коюп, анын ичинде Кыргызстан дагы бар. ИИМдин Жол кайгуул күзөт кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов конвенцияга ылайык башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү бизде да тааныларын айтууда.

- Бизге деле Казакстан жана Орусиядан көптөгөн туристтер өз унаалары менен келип жатышат. Биздин МАИчилер алардан айдоочулук күбөлүктөн тышкары тиркемени сурабайт. Эгерде алар чет өлкөлүк күбөлүк менен бизде туруктуу иштей баштаган учурда гана, биз чет өлкөлүктүн айдоочулук күбөлүгүн жергиликтүүгө алмаштырып берип турабыз. Мындай эреже көпчүлүк жерде бар.

Айдоочулук күбөлүккө кошумча тиркеме жасап саткан IDA компаниясы шылуунчулук менен алектенип жатат деген каттоо кызматы, жарандарды алардын жибине жетеленип, акчасын курулай коротпоого үндөөдө.

Айтылгандарга карабай эл аралык айдоочулар ассоциациясынан айдоочулук күбөлүккө кошумча тиркеме алгандардын алгачкы саны башталды. IDA декабрь айында гана өлкөдө ишин баштаганы менен 20дан ашык жаран 100 доллардан тиркемени сатып алышканы маалымдалат.